"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылындагы аялдар бычуу, тигүү, токуу чеберчилигине каныгып, жасаган буюм-тайымдарын Интернет аркылуу сатып,пайда табуу ыкмаларын үйрөнүп жатышат.
Кара-Суу районундагы Карагур айылынын тургундары Жол-Чырак кениндеги көмүр казуу ишине нааразы.
Оштогу борбордук стадиондун кийинип-чечинүүчү жайында убактылуу баш калкалап жүргөн эки балалуу жалгыз бой аял Калбүбү Жамилова 20 жыл мурда Тажикстандан көчүп келген.
Мигрант күйөөсүндө ВИЧ инфекциясы бар экенин, өзүнө да жукканын Дилдора кош бойлуу болгондон кийин билген.
Борбор Азиядагы ири соода борбору атыккан Кара-Суу базарынын соодагерлеринин талаптарын базар карамагына кирген Сарай айыл өкмөтү жарым-жартылай канааттандырды.
Ошто «Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын жабылуу аземинин алкагында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отуруму өттү.
«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-ноябрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.
Ош шаардык соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.
Ош шаардык соту Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечим 27-ноябрда чыкты.
Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын №12 көмөкчү мектебиндеги окуучулар 1990-жылдары жарык көргөн китептерди окуп, билим алып жатышат.
Ошто 17-ноябрда асынып алган аскер кызматкери Орозбек Турдубаев анын алдында жол кырсыгына кабылганы маалым болду.
Орусиянын Агартуу министрлиги жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган «Билим берүүдө тажрыйба алмашуу» гуманитардык долбоорунун алкагында Орусиядан келген 17 мугалим Ош шаарынын мектептеринде орус тилин окутуп жатат.
Мрамор ташты алууга 2017-жылдын июнь айында уруксат берилгени айтылууда.
Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө быйыл 95 жыл болду. Бул жылдар аралыгында милиция көп сыноолорду баштан кечирди. Майрамды утурлай кыргыз милициясында кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен жолугуп, баарлаштык. Алардын бири 30 жылдык өмүрүн милиция кызматына арнаган отставкадагы пол
Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгын белгилешти.
Ош шаарындагы “Жасур-3” деп аталган кафеге тамактануу үчүн келген адам тейлөөчү кызды коркутуп, токмоктоп кетти. Мындан улам ашкананын ээси анын бизнесине кысым болуп жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылды.
Баткенде күрүч бышып, иш кызыган учур. Жергиликтүү дыйкандардын жай бою өстүргөн күрүчү бышып, шалы кургатууга убакыт жетти.
Ош шаарынын жанында Жаңы-Кыштак айылында лөлү тектүү чыгармачыл ансамблди билбеген киши жок. Өткөн кылымдын 90-жылдары түптөлгөн айылдык керней-сурнайчы музыканттар жергиликтүү аш-тойлордун көркүн чыгарып келет.
Бахрам Ашуров атасынан үйрөнгөн бычак жасоо өнөрүн улантып келатат. Ал устаканасында бычактын онго жакын түрүн жасайт. Негизги кардарлары - чет өлкөлүк туристтер. Ар бир жасаган бычагында «Ош» деген эн белги бар.
“Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды.
Дагы жүктөңүз