Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Кафедеги уруш, ишкердин кооптонуусу


“Жасур-3” кафеси. Ош.
“Жасур-3” кафеси. Ош.

Ош шаарындагы “Жасур-3” деп аталган кафеге тамактануу үчүн келген адам тейлөөчү кызды коркутуп, токмоктоп кетти. Мындан улам ашкананын ээси анын бизнесине кысым болуп жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылды.

Оштун чок ортосунда жайгашкан “Жасур-3” кафесиндеги тейлөөчү кызды коркутуп, опузалады деп шек саналган жаранды милиция 27-октябрда кармады. Ал Ала-Бука районунун 26 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ашканадагы тейлөөчү кыз кылмышка шектүү аны уруп, коркутуп кеткенин билдирди.

- Ал мени катуу сөктү. Мен колумдагы жүзүм менен аны уруп жибердим. Ал машинадан түшүп келип колумдан кармап урду. “Сени жок кылам, эртең келип өлтүрүп кетем, менин ким экенимди билбейт экенсиң, көзүңдү оюп алам”, - деп коркутту.

Кафенин ээси, ишкер Жасур Парпиев мындай окуялар буга чейин да бир нече ирет болгонун айтып, муну бизнесине кысым деп эсептейт.

- Мындай учурлар көп. Кайсы бирин айтайын. Мен башкаларга окшоп акча берип же чайга чакырбайм да. Фактылар толтура. Башымдан бир канча жолу өткөрдүм. Аны ачык айтып чыгуудан көп ишкерлер коркушат. Эртеси зыяны тийип калышы мүмкүн, - деди Жасур Парпиев.

Кылмышка шектүү катары кармалган адам болсо ашканадагы чыр муздап калган тамактын айынан чыкканын айтып, эч кандай кылмыштуу топтун мүчөсү эместигин билдирүүдө.

- Эч кандай кылмыштуу топко тиешем жок. Ал кафеге тамактанганы киргенбиз. Тамак муздап калган экен. Ошонун айынан чатак чыкты. Айтыша кеттик. Сыртка чыкканда кафеде иштеген кыз машинанын алдына тосуп туруп алды. Анан мен аны нары түрттүм.

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (Жазык кодексинин 266-беренеси) “Ээнбаштык” беренеси менен каттады.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, азыр териштирүү иштери жүрүп жатат.

- Мыйзамга ылайык, жарандын тек-жайын аныктабай туруп аны “кара” же кылмыштуу топтун мүчөсү деп айта албайбыз. Азырынча ал "Ош шаарына конокко келген 26 жаштагы жаран" деп турат бизде. Албетте дагы иликтөө иштери жүргүзүлөт. Арыз жазган кыз менен беттештиребиз. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат.

Ошто ишкерлерге кысым көрсөткөн учурлар кадимки көрүнүшкө айланып баратканын жергиликтүү активисттер кийинки мезгилде баса белгилеп келет.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев көп ишкерлер жеке коопсуздугунан кооптонуп, муну ачык айтуудан айбыгарын белгиледи.

- Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш такыр жүргөн жок. Ошто ишкерлерге кысым көрсөтүп, бизнесин тартып алуу кадимки көрүнүш. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоо жакындаганда да баш көтөрө баштайт. Ишкерлерди пайдаланышат. Алар бийликтеги чоңдор менен чогуу иш кылышат. Ошон үчүн “каралар” жашап келе жатат. Кылмышкерлер хансарайларды кайсы акчага салышат? Албетте ишкерлерден алат. Ошто кылмыш дүйнөсү өзүнүн таасирин ар дайым көрсөтүп келет.

Жакында президенттик администрациянын алдына Ош шаарынын тургуну, жеке ишкер Жайнагүл Турдуева да митингге чыккан. Ал Ош шаарындагы дүкөнү тонолуп, күйөөсү токмоктолгонун айтып, кылмышка шектүүлөргө карата мыйзам иштебей, тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканына нааразылыгын билдирген.


Буга чейин Бишкекте иштеп, кийин киши колдуу болгон сөөгү Кочкор районунан табылган жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу маселе Жогорку Кенеште каралып, уюшкан кылмыштуу топтор чет элдик жана жергиликтүү ишкерлерге кол салган учурлар боюнча маселе көтөрүлгөн.

Ички иштер министрлиги “чуулгандуу кылмыштар изи сууй электе ачылып жатканын, криминал коомчулукка коркунуч жарата турган деңгээлге чыкты дегенге негиз жок экенин” билдирген эле. ​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG