Күрүч өстүрүү түйшүктүү. Бирок «Ак-Турпактын жумуру күрүчүнөн жасалган даамдуу палоону жегенде аптаптагы түйшүк эстен чыгат» дейт дыйкандар.
Ак-Турпактын ажайып күрүчү
Баткенде күрүч бышып, иш кызыган учур. Жергиликтүү дыйкандардын жай бою өстүргөн күрүчү бышып, шалы кургатууга убакыт жетти.