Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Зомбулукка көз жумган коом ыдырайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-ноябрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.

Ошто төрт балалуу аял күйөөсүнүн запкысынан качып кризистик борбордо баш калкалап турат.

Жабырлануучу ур-токмоктон башына зак кетип, эс-учун жоготуп койгон илдет жармашканын айтууда. Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунда ага медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

Ал арада Жалал-Абаддагы кризистик борборго жардам сурап кайрылгандар көбөйгөнүн билдиришти. Анткен менен зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопко тартылган учурлары сейрек. Алсак, Базар-Коргон районунун аялын токмоктогон тургунуна козголгон кылмыш иши сотто кыскартылды. Буга жабыр тарткан аялдын күйөөсү менен жарашып алып, тосмо арыз жазып бергени себеп болду.

Ысык-Көлдө да дал ушундай көрүнүш. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 21 жаштагы Айжан үч баласы менен туш келди жерде баш калкалап жашаганга аргасыз. Ага зомбулук көрсөткөн күйөөсү мыйзам алдында жоопко тартылган эмес.

Үй-бүлө зомбулугунун азабын бели ката элек балдар да тартууда. Андай балдардын бешөө азыр Нарындагы «Аруу Тилек» кризистик борборунда жашап жатат. Адистер зомбулук айынан наристелер балалыктын бактылуу доорун сүрө албай жатканын айтышууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жылына 9 миңге жакын үй-бүлө ажырашат. Анын башкы себебин адистер үй-бүлөлүк зомбулукка байлашат.

Апта түрмөгүнүн толук версиясын аудиодон угуңуз.

Зомбулук - улут уңгусуна доо кетирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:52 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Медербек Ниязалиев

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG