"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
Шаарда башка колго өтүп кеткен 12 бала бакчанын ичинен төртөө кайтарылды.
Долбоорго ылайык курулуш иши ушул жылдын июнь айында башталып жалпы 28 млн. сом сарпталган. Эс алуу багынын узундугу 850 метр, туурасы 15-18 метр. Оргума суу, түнкү чырактар, отургучтар орнотулган. 3000 чарчы метрге таш жана үч чакырым асфальт төшөлгөн. 800дөй бак отургузулган.
Бүгүн Ош шаары туулган күнүн белгилеп жатат. Шаар күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн калаага шаар деген расмий макам 1876-жылы берилген.
Чек ара маселесин жөнгө салуу максатында кыргыз өкмөтү июнь айында 220 млн. сом бөлгөн.
Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселесин жер алмашуу жолу менен чечүү аракети элдин сынына кабылды.
Сох-Риштан жолунун ачылып, кайра жабылганы көптөгөн суроолорго жем таштады.
Телебаяндарыбызды Баткендин борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал Зардалы айылындагы турмуш тууралуу баян менен баштайын. Тоо коюнундагы Зардалы айылында туруктуу отуздай гана үй-бүлө жашайт. Алардын арасында балдары менен турган Гүлайым Эргешова да бар.
Баткен шаарынан 130 чакырым аралыкта турган Зардалы айылынын аты коомчулукка Баткен окуясынан кийин кеңири таанылган.
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталып жаткан Мелис Калыков 9-августтан бери ачкачылык кармап жатат.
Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун алдында “Тоолорго саякат” аттуу фестивалга бул жолу көп эл келди. Аны бир катар туристтик компаниялар швейцариялык "Хелветас" уюмунун колдоосу менен уюштурду.
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин быйылкы 755 бүтүрүүчүсү дипломдорун ала албай жатышат.
Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавы чектешкен жерде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон эки тараптын эли менен жолугушту.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600дөй тургуну бүгүн, 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.
Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланды.
Баткен облусунун борборунан Зардалы айылына чейин 130 чакырым жол жүрүү керек. Зардалыга эки жол барат. Бири - бийик тоолорду аралап өткөн машине жолу. Ал үч-төрт ай гана ачык болот. Анүстүнө жол кире кымбат. Айылдан Баткенге бара турган киши 500 сом төлөшү керек. Ушундан улам Зардалынын жашоочулары
Ноокат районунун Гулистан айылында алты муундан бери устачылыкты аркалап келе жаткан үй-бүлө бар. Өткөн кылымдагы буюмдарды сактап, атадан калган өнөрдү аздектеп келе жаткан өнөр ээси менен баарлаштык. Уста Ахмаджан Пазылов таканын түрүн жана аны жасоо жол-жобосун айтып берди.
Ош шаарында муниципалдык транспортто накталай төлөнүүчү жол кире кымбаттады.
5-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өттү. “Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч” деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.
Ушул аптада Анжиян облусундагы Балдар жана өспүрүмдөр футбол мектебинин аянтчасында өткөн оюнда Өзбекстандын Анжиян жана Кыргызстандын Ош облусунан барган 12 жаштан 15 жашка чейинки футболчулар беттешти. Оюн кыргызстандык жаш футболчулардын жеңиши менен аяктады.
Дагы жүктөңүз