“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кечээ кечке жуук болгон жер титирөөдөн Кемин районунда 80ден ашуун үй жабыркады. Ал эми жыл башында Кочкор жана Лейлек райондорунда болгон зилзаладан 200 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Өкмөт тарабынан таптакыр урап, пайдалануудан чыккан үйлөргө жана имараттарды калыбына келтирүүгө каржылык жана материалдык жардамдар берилип жаткандыгы маалымдалууда.
АКШ президенти Жорж Буш Кыргызстанды жаңы демократиялык өлкөлөрдүн катарында көрөт. Ал бул тууралуу кечээтен тарта Прагада демократия менен коопсуздук маселелерине арналып өтүп жаткан конференцияда айтып кетти. Жорж Буштун бул сөзү кыргызстандык коомчулуктун да түрдүү пикирин жаратууда.
Май айынын аягында президент Курманбек Бакиев кош жарандуулук тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык кош жарандуулукту кабыл алган кыргызстандык атуул президент, депутат болуп шайлана албайт жана мамлекеттик жогорку кызматтарга иштөө укугуна ээ эмес.
Акыркы эки айдын ичинде баасы эки эсе көтөрүлүп, айрым аймактарда таңсык болуп жаткан цемент маселеси бүгүн парламентте да көтөрүлдү. Депутаттар бул көйгөйдү тез арада чечүүнү премьер-министр Алмазбек Атамбаевден талап кылышты. Өкмөт башчы өз кезегинде шаршемби күнү курулуш материалдарын чыгаруучу завод жетекчилеринин катышуусу менен өкмөттүк жыйын болорун билдирди.
ЕККУ кыргыз милициясын реформалоо боюнча атайын долбоорун баштаганына төрт жылга чукулдап калды. Мунун алкагында уюм “аймактык милиция” деп аталган дагы бир жаңы долбоорду ишке киргизүүдө. Аталган долбоордун максаты кылмыштуулукту азайтуу жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө, эл менен милицияны жакындатуу болуп саналат. Буга чейин айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолор элдин 30-40% гана милицияга ишенерин көрсөткөн.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаевди ууландыруу аракеттери жасалды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы парламентте сүйлөгөн кезинде жана журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Алмазбек Атамбаевдин айтуусунда ал 11-май күнү ууланып, дарыгерлердин жардамы менен кайра жакшы болгон. Өкмөт башчы буга чейин “Кристалл” заводун мамлекетке кайтарууга аракет жасагандыгы үчүн ага коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын билдирген эле.
16-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча жергиликтүү соттук медициналык экспертиза анын өлүмү муунуудан улам болгон деген жыйынтыгын чыгарды. Бирок маркумдун жакындары сотмедэкспертизанын мындай тыянагына макул эместигин билдиришүүдө. Алар акыйкаттык издеп, президент менен өкмөт башчыга жана эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарга кайрылаарын айтып жатышат.
Кеминдеги шайлоого байланыштуу Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразылыктар болууда. Бул шайлоого көз карандысыз байкоочу катары катышкан укук коргоочулар бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, соттун чечимин адилетсиздик жана саясий оюн катары бааларын билдиришти.
Кыргызстандагы туроператорлордун ассоциациясы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн Кыргызстанга визасыз кирүү эрежесин камсыздоого жетишүүгө аракет жасоодо. Бул багытта аталган ассоциация эларалык ишкерлер кеңеши менен бирдикте атайын токтомдун долбоорун түзгөн. Туроператорлордун айтуусунда мындай эреже өлкөгө келүүчү туристтердин агымын күчөтмөк.
Барскоон кырсыгынан жапа чеккен айылдардын тургундары Кумтөр кенине кеткен жолду эки жумадан бери эки жеринен тосуп турушат. Бүгүн түштөн кийин аларга президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев жана кенди иштетип жаткан Канадалык компаниянын өкүлдөрү барып, жолугушту.
5-май эгемен Кыргызстанда Конституцияны кабыл алган күн катары саналат. Айрым талдоочулар акыркы убактарда Конституция күнүнө анча маани берилбей калгандыгын белгилеп, муну Башмыйзамды сыйлоо аң-сезимден чыгып кеткени менен байланыштырууда. Ошол эле убакта Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун каралышы создуктурулуп жаткандыгы айтылууда.
Бүгүн жарандык коом өкүлдөрү чогулуп, коомдук телеканалдын Байкоочу Кеңешине шайлануучу беш өкүлдү шайлоо маселеси тууралуу талкуу уюштурду. Анткени президент кол койгон мыйзам боюнча Байкоочу Кеңештин беш мүчөсү атуулдук коомдон шайланууга тийиш. Айрымдар коомдук телеканалдын ишин көзөмөлдөөчү органга жарандык коомдун атынан бийлик өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоосу мүмкүн деп чочулашууда.
Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов жана “Канжар” кыймылынын лидери Адилет Айтикеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагында жатышат. Буга байланыштуу эки күндөн бери Бишкекте укук коргоочулар пикет уюштурууда. Таласта Өмүрбек Субаналиевдин жердештери анын камактан бошотулуусун талап кылып, митинг өткөрүшүүдө. Кечээ кечке жуук Башкы прокуратура камактагы фронтчуларды эки айга камоого санкция берди.
Апрель митингдерин уюштурган Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев менен “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагында отурганына бүгүн үч күн болду. Бириккен фронттун жаш канаты “Канжар” оппозициялык кыймылынын лидерлеринин бири Адилет Айтикеев кечээ Башкы прокуратуранын санкциясы менен эки айга абакка алынды. Буга байланыштуу бүгүн бир нече коомдук уюмдардын жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү Коопсуздук комитетитинин имаратынын алдында, андан кийин Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүп, камактагыларды бошотууну талап кылды.
Коомчулук өкүлдөрү апрель митингдеринен кийин кыргыз бийлиги сөз эркиндигине кысым көрсөтө баштады деп тынчсызданышууда. Буга “Агым”, “Кыргыз руху”, жана “Апта” гезиттеринин 20-апрель күнкү саны башкы прокуратура тарабынан тартылып алынганы түрткү берди. Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров сөз эркиндигине эч кандай кысым болгон жок деп белгилөөдө.
19-апрелде оппозициянын митинги күч менен куулуп таратылгандан кийин, митингдин уюштуруучулары жана кээ бир катышуучулары күч органдарына сурак берип жатышат. Укук коргоочулар милициянын убактылуу камоочу жайларында 150гө жакын киши кармалып жатканын айтышууда. Ал эми айрым саясатчылар саясий кризистен репрессия жолу менен эмес, сүйлөшүү жана келишүү жолу менен чыгууну сунушташат.
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бириккен фронттун, “Ар Намыс”, “Ата Мекен” партияларынын кеңселерин тинтүүгө алып, фронттун бир нече мүчөлөрүн суракка алды. Кечээ түн ичинде “Агым”, “Апта” жана “Кыргыз руху” гезиттерин басууга Башкы прокуратура тыюу салган. Ал эми милиция тарабынан кармалып, камакка алынган 100 чакты митингчинин дайыны белгисиз болууда. Өлкөдөгү бул акыбалга байланыштуу Кыргызстандагы укук коргоочулар тынчсызданууларын билдирип жатышат.
Мурдагы кабарларда кечээ кечки саат тогузга жакын милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу болгонун кабарлаган элек. Митингчилердин бир тобун Алатоо аянтына чейин сүрүп келген милиция андан кийин топтолгон элди “Эркиндик” гүлбагына, Токтогул, Байтик жана Панфилов көчөлөрүнө чейин сүрүп кууп чыкты. Ошол эле убакта милиция көздөн жаш агызуучу жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонду. Бир саат убакыттан кийин аянттагы бозүйлөр менен чатырларды күч кызматкерлери чечип кетишти.
“Бириккен фронт” уюштурган саясий ачкачылыктын катышуучусу Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин изилдеген көз карандысыз комиссия өзүнүн жыйынтыгын жарыя кылды. Алар Бектемир Акуновго тирүү кезинде күч колдонулган, ал эми анын өлүмү муунуудан улам болгон деген тыянак чыгарышты. Бул боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү, “Элет” партиясынын жетекчиси, кесиби боюнча дарыгер Накен Касиевди кепке тарттык.
Алатоо аянтында кечки саат төрттөн өткөндө Бириккен фронттун жактоочуларынын митинг акциясы кайрадан жанданды. Митингде айрым маалымат каражаттарынын иши боюнча билдирүү кабыл алынды. Билдирүүдө УТРК өлкөдөгү саясий окуяларды бурмалап көрсөтүп жатат деп айыпталып, анын жетекчисин кызматтан алуу талабы коюлду. Ошондой эле “5 - каналдын” ээси президенттин уулу Максим Бакиев деп аталып, ошондуктан ал маалыматты бир жактуу берип жатат деп белгиленди. «Биз Максим Бакиевдин өз мүлкү боюнча декларация беришин талап кылабыз», - деп айтылат билдирүүдө. Митингчилер алдына Ө.Текебаев, Т.Сариев, М.Эшимканов, Ө.Абдырахманов, З.Эсенаманов, С.Урманаев, Э.Алымбеков, Ч.Жакупова чыгып турушат. Байкоочулар бүгүн митингге келген элдин саны кечээки караганда азайып калгандыгын айтышууда.
Дагы жүктөңүз