Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

НАТОнун Ооганстандагы кол башчысы алмашты


АКШ генералы Скотт Миллер.
АКШ генералы Скотт Миллер.

АКШ генералы Скот Миллер Жон Николсондун ордуна келди.

Эми НАТОнун Оооганстандагы "Чечкиндүү колдоо" деп аталган тынчтык орнотуу миссиясын АКШ генералы Скотт Миллер жетектейт. Кабулдагы кызматка киришүү иш-чарасында Миллер ага өлкөдө саясий жарашууга шарт түзүлүшү үчүн катаал чечимдерди кабыл алуу зарыл болорун белгиледи:

- Ийгиликтүү болуш үчүн биз дайыма окуп, душманга жана айлана-чөйрөбүзгө ыңгайлашып турушубуз керек. Статус-квого орун жок. Биз өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болгонго жол бербешибиз керек.

АКШ күчтөрү бир жылдан бери “Талибанга” каршы аба чабуулдарын күчөтүп, басым көрсөтүү аркылуу согушкер топту ооган бийлиги менен сүйлөшүүгө мажбурлоо стратегиясын тандаган. Ошондой эле Вашингтон ооган күчтөрүн окутуу жана кеңеш берүүчү үчүн кошумча миң жоокерди жөнөткөн. Бирок бул стратегия азырынча акыбетин бере элек, согушкерлер өкмөттүк күчтөргө жана мекемелерге чабуулдарын улантып, карапайым элдин арасында өлгөндөрдүн саны жогору бойдон калууда.

Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн башчысы кызматын тапшырып жаткан Жон Николсон согушкерлерди тынчтыкты каалап жаткан ооган элинин чакырыгына моюн сунууга үндөдү:

- Мен кээ бир талибдер тынчтыкты каалайт деп ойлойм, бирок аларды согушту улантууга шердентишет. Ооганстандагы бул согушту токтотуу мезгили келди.

Июнь айындагы Пентагондун отчетунда “Талибанга” каршы аба чабуулдарын күчөтүп, басым көрсөтүү өз жыйынтыгын бере электиги белгиленген.

Быйыл июнь айында - орозо айт маалында эки тарап урушту токтотуп, утурумдук тынчтык орнотулган. Бирок ооган бийлигинин аны дагы узартуу демилгесине талибдер макул болгон эмес. Ошондой эле “Талибан” августта Газни шаарын басып алып, аны өкмөттүк күчтөр бир күндөн кийин сүрүп чыккан. Бул аралыкта кагылыштарда ондогон карапайым адам жана аскер көз жумду.

Миллер Ооганстандагы НАТОнун 16 миңдей аскерин башкарат. Алар негизинен ооган жоокерлерин окутуу жана даярдоо менен алектенет. Миллер келер алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг «Твиттерге» “Бекем коопсуздукту жана тынчтыкты орнотуу үчун НАТО ооган күчтөрүн колдоону мурдагыдай эле уланта берет” деп жазды.

Америкалык аскерлер Ооганстанга биринчи жолу АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында болгон теракттан кийин «Талибанды» бийликтен кулатуу операциясы учурунда кирген. Мурдагы президент Барак Обама 2009-жылы аскерлердин санын 30 миңге көбөйткөн. 2011-жылы Ооганстанда 100 миң америкалык жоокер болгон. Ал эми НАТОнун жалпы аскери бул жылы 130 миңге жеткен. НАТОнун аскерлеринин негизги бөлүгү өлкөдөн 2014-жылы чыгып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG