"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Ушул күндөрү эки миллиондой мусулман Сауд Арабияда ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон ажылык амалдарын аткарышууда.
Кыргызстанда акыркы жылдары арзан саякатты тандаган туристтер арбый баштады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-августта Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келди.
15-августта Кабулдун негизинен шийиттер жашаган районундагы болгон жанкечтинин жардыруусунан 34 киши көз жумду. Алардын баары университетке окууга даярданып жаткан балдар болгон.
Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө ураган кырсыктан каза болгондордун саны 38ге жетти.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Газни шаарынан “Талибандын” согушкерлерин дээрлик сүрүп чыкканын билдиришти.
Анкара менен Вашинтондун ортосундагы чыңалган мамиле түрк лирасынын кунун качырды.
Вашингтондун Тегеранга кайра салган санкциялары күчүнө киргенден көп өтпөй германиялык автоунаа чыгаруучу "Daimler" компаниясы Ирандагы ишин токтотконун билдирди. Бир күн мурда президент Дональд Трамп Иран менен иш жүргүзгөндөр мындан ары Америка менен кызматташа албай турганын эскерткен. Евробиримдик тескерисинче европалык компанияларды Иран менен кызматташууга үндөгөн болчу.
Зимбабведе 30-июлда өткөн президенттик шайлоодо мамлекетти бир жылдан бери башкарып келе жаткан Эмерсон Мнангагва жеңүүчү деп табылды.
Тажикстанда туристтердин өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан бир адам коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. 29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган. Бул атайын жасалган кол салуу катары да каралып жатат.
Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.
Азербайжандын бийлиги 10-июлда Ганжи шаарындагы нааразылык акциясынын учурундагы кагылышта эки полиция кызматкери көз жумганын билдирди. Бир апта мурда Ганжинин мэрине да кол салуу болгон.
Тхам Луанг үңкүрүндөгү 13 баланын акыркылары 10-июлда аман-эсен куткарылды.
Ооганстанда шейшемби күнү жанкечтинин жардыруусунан он киши набыт болду.
Түркиянын президенти Эрдоган "кубаттуу өлкөнү" курууга убада берди.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Арменияда коррупцияга каршы күрөш уланууда. Анын алкагында эски иштер жанданып, буга чейин кол тийгис болуп келген адамдар суракка тартылууда. Экс-президент Роберт Кочерян он жыл мурдагы митингдеги кандуу окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылды. Быйыл бийликтен кеткен дагы бир президент Серж Саргсяндын жакындары да бир катар кылмыштарга шектелип жатат.
Полициянын билдиргенине караганда, Англиянын түштүгүндөгү Эймсбери шаарында жашаган эки адам “Новичок” тобуна кирген заттан ууланган. Быйыл мартта Эймсберинин жанындагы Солсбери шаарында да орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипал менен кызы Юлия да “Новичок” тобуна кирген заттан ууланганы кабарланып, Лондон "кол салууну Москвадан көргөн. Орусия муну четке каккан.
Орусиянын Псков шаарынын жанындагы көрүстөнгө 2014-жылдын августунда орусиялык дестанчылар көмүлгөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.
Польшада талаштуу сот реформасына каршылык күчөдү. Оппозиция өкүлдөрү жана активисттер сот реформасы Конституцияны бузуу менен жүрүп жатканын белгилешүүдө.
Дагы жүктөңүз