Анын сөөгү ушул жуманын акырында Мэриленд Штатынын Аннаполис шаарындагы аскер аба күчтөрүнүн көрүстөнүнө коюлат.
Америкалык сенатор, 25-августта 81 жаш курагында каза болгон Жон Маккейндин тажыясына мурдагы АКШ президенттеринен Барак Обама жана Жорж Буш катышат.
Азыркы президент Дональд Трамп келбей турганын CNN маркумдун жакындарына шилтеме кылып кабарлады. Маалыматтарда Маккейн өз тажыясына Трамптын катышуусун каалабай турганын керез кылган.
Трамп менен Маккейн партиялаш болгонуна карабастан Сирия, Орусия, Кытайга карата мамиле жана башка бир катар иштер боюнча карама-каршы көз карашты карманып, ачык кайым айтышып келген.
Маселен, Трамп Владимир Путинге мактоо сөздөрдү айткан болсо, Маккейн, тескерисинче, орус президентин “тиран” деп атап, аны колдогону үчүн Трампты катуу сындап жүргөн.
Маккейн Дональд Трамптын июлда Хельсинкиде Владимир Путин менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынын өзгөчө сындаган. Ал “Тарыхта Хельсинкидеги басма сөз жыйынындагыдай америкалык президенттер “сөзгө сөлтүк болгон эмес” деп айыптаган.
Трамп “Твиттерге” "Сенатор Жон Маккейндин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, сиздер биздин жүрөктө жашайсыңар, биз сиздер үчүн дуба кылабыз” деген көңүл айтуусун жазды.
Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер Рассел атындагы эски имаратка Маккейндин атын коюуну сунуштады:
- Муундар эстей жүрүшү үчүн Рассел имаратына Маккейндин атын коюу боюнча резолюцияны сунуштайм. Сиздер жашоодо бир канча залкар адамдарды кезиктиресиздер – анын бири Жон Маккейн болду. Маккейнди жоготкон АКШ Сенаты жана дүйнө бозоро түштү.
Аталган имарат АКШнын Жоржия штатынан шайланган мурдагы сенатор Ричард Бревард Расселдин атын алып жүрөт. 1909-жылы курулган имаратта азыр алты парламенттик комитет, ондогон сенатордун кабинети жайгашкан.
Жон Маккейн өзү да Аризона штатынан алты ирет сенаторлукка шайланган. 2008-жылы Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болуп, Барак Обамадан жеңилип калган. Экс-президент Барак Обама "Маккейндин алдында баарыбыз карызбыз" деди:
- Жон Маккейн жана мен ар кайсы муундун өкүлү болдук, коомдун ар кайсы катмарынан келдик жана саясаттын эң жогорку деңгээлинде атаандаштык. Бирок биздин бардык карама-каршылыктарыбызга карабай, америкалыктардын жана иммигранттардын мууну жогорку нерсеге умтулганыбыз жагынан окшош болдук.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху маркум сенаторду өз өлкөсүнүн улуу досу деп атады:
- Американын улуу патриоту, Израилдин улуу досу болгон Жон Маккейндин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жон Маккейн 2017-жылы АКШнын үч сенатору 2008-жылдагы Орусия-Грузия чыр-чатагында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Түштүк Осетияга жакын Курвалети жергесинде болуп, Грузиянын аймактык бүтүндүгүн камсыздоо үчүн колдоо уланарын билдирген. Маркум Украинадагы демократияга умтулган өзгөрүүлөрдү да кубаттаган.
- Биз анын Укринадагы демократияга жана эркиндикке кошкон барандуу салымын, ошондой эле биздин өлкөгө көрсөткөн колдоосун унутпайбыз, - деди украин президенти Петро Порошенко.
Жон Маккейн Борбор Азия мамлекеттеринде системанын өзгөрүшү үчүн тилектеш болгон. Ал 2005-жылы Кыргызстанга да келип кеткен. Ошол жылы бир айдан кийин Аскар Акаевдин тактан кулашына себеп болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын сындап, бийликти "добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалады" деп айыптаган.
Вьетнам согушунун ардагери уруш учурунда туткунга түшүп, беш жылдан соң гана бошотулуп мекенине кайтып келген. Атасы да, чоң атасы да адмирал даражасына жеткен аскер адамдары эле. Анын сөөгү ушул жуманын акырында Мэриленд Штатынын Аннаполис шаарындагы аскер аба күчтөрүнүн көрүстөнүнө коюлат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.