Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Мьянмада "Рейтердин" кабарчылары соттолду


32 жаштагы Ва Лон (оңдо) менен 28 жаштагы Соэ Оону райондук сот мамлекеттик сыр жөнүндөгү мыйзамды бузган деп тапты.
32 жаштагы Ва Лон (оңдо) менен 28 жаштагы Соэ Оону райондук сот мамлекеттик сыр жөнүндөгү мыйзамды бузган деп тапты.

"Рейтердин" Мьянмадагы эки кабарчысы рохинжа мусулмандары тууралуу жазган материалдарында "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп жети жылга соттолду.

Журналисттер декабрда кармалган. Алар Мьянма аскерлеринин рохинжа мусулмандары жашаган аймактагы аскердик операциялары тууралуу жазган. Журналисттер күнөөсүн мойнуна алган жок.

“Рейтер” агенттигинин эки журналисти, 32 жаштагы Ва Лон менен 28 жаштагы Соэ Оону райондук сот мамлекеттик сыр жөнүндөгү мыйзамды бузган деп тапты. Агенттиктин башкы редактору Стивен Адлер бул окуяны демократиялык баалуулуктардан чегинүү деп баалап, Мьянма бийлигин журналисттер боюнча чечимин тез арада өзгөртүүгө чакырды.

- Бүгүн Мьянма үчүн, "Рейтердин" журналисттери Ва Лона жана Со Оо үчүн, дегеле жалпы дүйнөдөгү басма сөз үчүн өкүнүчтүү күн.

2017-жылдын августунда Мьянмада “Рохинжаларды коргоо боюнча аракан армиясы” деп аталган топ полиция кызматкерлерине кол салып, бир канча адамды өлтүргөн. Буга жооп кылып, өкмөттүк аскерлер Ракхайн штатында аскердик операция жүргүзгөн. Былтыр августта башталган куралдуу кагылышуудан кийин Мьянмадан 700 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке өтө качкан. Ал кандуу окуяны Бириккен Улуттар Уюму "улутка кыргын салуу" деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Соттолгон журналисттер өз материалдарында ушул окуялар тууралуу жазышкан.

Рохинжа качкындары.
Рохинжа качкындары.

"Reuters" агенттиги кабарчылары күнөөсүз экенин, мыйзамды бузбаганын жана алар Мьянмадагы рохинжа мусулмандарын куугунтуктоо тууралуу жазып, журналисттик милдеттерин гана аткарганын билдирүүдө. Алардын адвокаты Хин Мауң Зав:

- Бүгүнкү чечим абдан өкүндүрөт: бул Мьянма үчүн, демократия үчүн, мыйзам үстөмдүгү үчүн, эркин ой билдирүү укугу үчүн жаман окуя. Биздин абдан көңүлүбүз калып турат жана бул чечимди демократияга жана сөз эркиндигине каршылар эле колдобосо, башка эч ким колдобойт.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, журналисттер жашыруун документтер, полиция менен армиянын кайда жүргөнү тууралуу малыматтарды алышкан. Аларга бул документтерди эки полиция кызматкери берген. Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги Мьянма бийлигин журналисттерди бошотуп, алардын сөз эркиндигине болгон укугун урматтоого чакырган. Журналисттерди жети жылга соттогон өкүмдү АКШнын бул өлкөдөгү элчиси Скот Марсиел «чечим сөз эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдүн баарын кабатыр кылат» деп баалады.

Ал эми Улуу Британиянын Мьянмадагы элчиси Дан Чуггтун айтымында, сот журналисттердин күнөөсүз экенин далилдеген фактыларга көңүл бурган эмес.

- Журналисттерге өз ишин коркпостон жасоого шарт түзүлүшү керек. Бул сот чечими өлкөдөгү сөз эркиндигине балта чабат жана мыйзам үстөмдүгүн тушайт. Анткени бул чечимди көрүп, судьялар далилдерге жана Мьянманын мыйзамдарына такыр эле көңүл бурбаганын көрүп жатабыз.

Мыйзам боюнча журналисттер райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык жана жогорку сотко арызданууга акысы бар.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын дини боюнча 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт. Былтыр Спутниктен тартылып, “Хьюман Райтс Уочт” уюму тараткан сүрөт рохинжа мусулмандарынын бир эле кыштагында 700дөй турак үй өрттөнгөнүн көргөзгөн.

Бирок Мьянманын армиясы да рохинжа козголоңчулары Ракхайн штатынын түндүгүнөн кечилканаларды, Будданын сүрөттөрүн, мектептер менен үйлөрдү өрттөгөнүн кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG