"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө тараптар бир катар жер тилкелерин алмашканы белгилүү болду. Айрым эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны мындай алмашуулар аркылуу чечпесе, чекит коюлушу кыйын экенин айтып жатышат. Ал тапта жергиликтүү элдин өзү кандай пикирде?
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча алгачкы маалыматтарды Баткенде жергиликтүү тургундар да талкуулап жатышат. Аларды "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаров кепке тартты.
Баткенде кургатылган өрүктүн негизги бөлүгү Өзбекстан, Тажикстан менен чек арага жакын турган Кара-Бак айылында өрүк базарында соодаланат. Бирок акыркы жылдары чек ара жабылганынан улам Тажикстандан кардарлар келбей, соода кызыбай турат.
Баткендин чек арага жакын айылдарында азык-түлүк жарманкеси өтүп, ага өзбекстандык фермелер да катышты. Жергиликтүу тургундар соода алакалары баанын арзандашына жана айрым айыл чарба азыктарынын жеткиликтүү болушуна шарт түзөрүн айтууда. Кыргызстан коңшуларынан эмне сатып алат?
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу азыноолок маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде "Азаттыктын" чек ара тууралуу материалына комментарий берип жатып, талаштуу тилкелер алмашуу жолу менен чечилерин билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасы такталганы кабарлангандан бери 2021-2022-жылдардагы жаңжалдан кийин кооптонуп жүргөн тургундар үйүнө кайта баштаганын "Азаттыкка" айтып беришти. Президент Садыр Жапаров "Азаттыктын" кабарчысы даярдаган баянга улай чек арадагы талаштуу тилкелер кандай чечилгенин түшүндүрдү.
Өзбекстандын Сох анклавына жакын жайгашкан Бөжөй айылынын тургундары карым-катнаш, соода-сатыкта дале чоң көйгөй бар экенине кабатыр. Район борборуна баруу үчүн анклавды аралап өтүүгө туура келет. Жергиликтүү бийлик альтернативалуу жол бардыгын, соода-сатык ээн-эркин жүрүп жатканын белгилейт.
5-январь күнү Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш Арка-2 айылында белгисиз зат жарылып, эки адам жараат алды.32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жактанда жарылуу болгон. Алдын ала маалымат боюнча жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн.
5-январь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу зат жарылып, эки адам жараат алды. Расмий органдардын маалыматы боюнча, 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темирлерди жыйнап жатканда жарылуу болгон.
Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат. 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы тактоо иштери аягына чыкканы кабарланган.
Баткен облусунун жетекчилиги алмашты. Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев кетип, анын ордуна Улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов дайындалды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча тактоо иштери аяктаганы расмий жарыяланды. Эки тараптагы элдин башкы талабы жана жалпы тилеги эле чек араны чечүү маселеси болчу. Чек араны тактоо иштери аягына чыкканын жергиликтүү калк кандай кабыл алды?
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылында таза суу бир канча жылдан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. 3200 үй-бүлө бир нече айылды аралап аккан арыктагы сууну ичүүгө мажбур.
Климаттын өзгөрүүсүнөн, кургакчылыктан улам сугат мезгилинде суу таңкыстыгы күчөдү. Баткендиктер суу таңкыстыгын чечүү, жайытты жакшыртуу, кайрак жерлерге суу жеткирүү үчүн бир топ жылгаларга жасалма мөңгү тоңдуруп жатышат.
Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткендин Кара-Бак айылы - аймактагы эң ири калктуу конуштардын бири.
Баткенде жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде "Кызыл өрүк" аттуу толук метраждуу көркөм тасма тартылууда. Актан Арым Кубат режиссерлук кылган тасманын актерлорунун көбү элеттик адамдар.
Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.
Кыргызстанда археологиянын артынан түшкөн окумуштуулардын жана ага кызыккан жаштардын саны аз экени айтылып келет.
Баткен мамлекеттик университети ойлоп табуучулук жана ишкердикке кызыккан студенттерге “Бизнеси инкубатор” уюштурган.
Баткен аймагында күрүчтүн калдыгынан “сынч блок” деп аталган курулуш материалы жасалууда. Муну ойлоп тапкан ишкер өз кардарларын таба баштаган. Аймакта адатта күрүч шалыдан бөлүнүп алынгандан кийин калдыгы додо болуп талаада калат.
Дагы жүктөңүз