"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
БатМУ менен Улуттук илимдер академиясынын биргелешкен экспедициясы аймакта акыркы 65 жылда биринчи жолу казуу иштеринде I-V кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдөн көчмөн уруулардын маданиятына таандык буюмдар, зер буюмдары жана шарап сактаган идиштерди табышты.
Баткендин Тажикстан менен чек арадагы Көк-Таш айылында акыркы чакырылышта үч аял депутат болуп шайланган. Кыз-келиндерден депутат шайланары менен айылдагы социалдык маселелер, кыз-келиндер көйгөйлөрү, кары-картаңдарды түйшөлткөн тоскоолдуктар күн тартибине чыгып, алды чечиле баштады.
24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Селде беш жашар баланын өмүрү кыйылды. Үйүнүн ичине чейин суу каптаган 39 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш пааналап турушат.
Кадамжайда сууга аккан беш жаштагы Саид-Азим Илхамовдун сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 23:45 чамасында табышкан. Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын айрым айылдарында 24-июнда сел жүрүп, жол каттамдары убактылуу жабылды. Ондогон үй-бүлөлөр коопсуз жайга көчүрүлдү.
Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы жыйырма жылдан бери чыры басылбай келген Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар караманча каршы болуп келишкен. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтышкан.
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. “Азаттык” радиосунун "Сел менен кургакчылыкка эмне себеп?" деп аталган атайын долбоорунун алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.
23 жашында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан Айкыз Калмурза кызынын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун өкүмүнө жакындары нааразылык билдирүүдө. Райондук сот мындан эки аптадай мурда маркумдун жолдошун 13 жылга эркинен ажыраткан.
23 жашында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан Айкыз Калмурза кызынын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун өкүмүнө жакындары нааразы. Райондук сот майдын соңунда маркумдун жолдошун 13 жылга эркинен ажыраткан.
Баткенде үй тибинде ачылган бала бакчалар көбөйүүдө. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үйүндө бала бакча ачып, ар бир тарбиячы 25ке чейинки балдарды тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Муну менен аймакта мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу аракети болууда.
Мындан отуз эки жыл мурда жер көчкү корунучунан улам Сүлүктү шаарынан көчүрүлгөн 70тен ашык үй-бүлөгө Лейлек районунун аймагынан жер берилип, жаңы айыл түптөлгөн.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде ок атылган окуядан кийин эки тараптын күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү.
Баткендеги "Айгүл таш" мамлекеттик коругу 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.
Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар да бар.
Кыргызстанда көмүрдү чет жактарга экспорттоо боюнча күз-кыш айларында убактылуу чектөө киргизилип келет. Министрлер кабинети автожол аркылуу сыртка көмүр ташууга тыюу салууда. Быйыл көмүрдү сыртка ташууга чектөө күзгө чейин узартылып, көмүр казгандар четке сата албай калганын айтышууда.
Баткендин борборунан 130 чакырымдай алыс, тоо арасындагы кышы узак, электр энергиясы жете элек, автоунаа каттабаган Зардалы айылына келерки жылы асканы боорлой автожол салынмай болду. Президент Жапаров бир тилкелүү жолдун долбоору даярдалып жатканын жарыялады.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Жолдошбай Момунов айылы түптөлдү. Чек араны бекмедөө максатында 2014-жылы тургундарга жер тилкелери бөлүнгөн. Бирок зарыл шарттардын жоктугунан эл айылга толук көчүп бара элек. Жакында конушка айыл макамы берилип, расмий ачылышы өттү.
Баткенде Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 18 жыл болду. Театр жылына он чакты чыгарманы сахналаштырып, көрармандарга тартуулайт. Жакында алар Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде Султан Раевдин "Маң-миң бир түн" спектаклин сахнага даярдашты.
Баткендин 92 жаштагы тургуну Турду эне 14 баланы төрөп, эрезеге жеткирген. Турду эненин улуу кызы, келини да “Баатыр эне” наамын алган. Кылымга чукул жашаса да отуруп калбай малын карап, короосун тазалап, кыймылы тетик.
Баткенде коомдук уюмдардын көмөгү менен мигранттардын үй-бүлөлөрү, эмгек миграциясында жүрүп келгендер каржылык сабатуулук боюнча окуп, ишкердик баштоого каражат алууда. Бул иш чек арадагы аймакта мигранттарды реинтеграциялоо долбоорунун алкагында жүрүүдө.
Дагы жүктөңүз