"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Беларустун тарыхы бай жана жери кооз болгону менен, бул өлкөгө коңшулардыкынан алда-канча аз турист келет. Беларустар өздөрү муну инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүнөн, демократиянын жоктугунан жана экологиялык проблемалардан көрүшөт. Туризмдин өнүкпөй жатышы бийликтерди да тынчсыздантып жаткандыгы байкалат.
Ооганстандын түндүгүндө жарым жылдан бери кыздар үчүн музыкалык мектеп иштеп жатат. Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу менен ишке киришкен окуу жайда азыр 18 кыз билим алууда. Программанын максаты – ооган аялдарынын коомдогу ролун көтөрмөлөө. Бирок Мазари-Шарифте молдолор кыздардын ырдап, музыкалык аспапта ойношуна Куран тыюу салат деп каршы чыгышууда.
Суунун тартыштыгы жана семиздик. Азаттыктын илимий жаңылыктарында бүгүн мына ушул эки көйгөй тууралуу сөз болот.
Ооганстанда Ички иштер министрлиги өзбек генералы Абдул Рашид Достум менен тажик Абдул Маликтин партияларын жоюуга буйрук чыгарды. Бул Кабул өкмөтүнүн өзүн өзү билген кор башыларды тартипке салуу аракетиби же жең ичинен башка корбашчыларга тартып жатабы? Бул жааттагы «Азаттыктын» серепчиси Амин Тарзинин аналитикалык баяндамасы менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
Плутон чыныгы планетабы жокпу? Бул тууралуу аалымдар ондогон жылдар бою талашып-тартышып келишкен эле. Мына эми ушул айда Чех жумуриятынын баш калаасы Прагада өтүп жаткан астрономдордун эл аралык жыйынында Плутондун макамы маселесинин башы ачылганы турат. Жыйын бүткөнчөктү Күн системасындагы планеталардын саны азыркы 9дан 12ге өсүп кетиши ажеп эмес! Кандайча?
Бириккен Улуттар уюму Түштүк Ливанда эки аптанын ичинде 3 жарым миң эл аралык аскер жайгаштырууга үмүттөнүүдө. Анын аралыгында, элдешүү макулдашуусу үч күн мурда күчүнө кирген өлкөдө калыбына келтирүү иштери башталды. Эл аралык коомчулук жардам сунуш эткени менен, демилгени "Хезболла" уюму өз колуна алгандыгы айгине болууда.
Араб Лигасы Израилдин чабуулу дароо токтобосо Ливанда ички согуш чыгып кетиши мүмкүн деп эскертишти. Араб Лигасынын үч тышкы иштер министринен турган делегация кечээ Коопсуздук кеңешинин алдында келди. Алар АКШ менен Франциянын соодалашуусунун жыйынтыгында жетишилген резолюциянын долбооруна макул эместигин билдиришти.
Орусия ушул күндөрү өзү үчүн эң бир маанилүү окуялардын бирине камданып жатат. Орусиянын аброюн Советтер Союзунун даражасына жеткирүүнү эңсеген президент Путин 15-17-июнь күндөрү Санкт-Петербургда Чоң Сегиз клубу боюнча шериктерин кабыл алат. Чоң сегиздин шеринесинде энергетикалык коопсуздук, жугуштуу ооруларга каршы күрөш, билим берүү менен катар, Орусиянын дүйнөлүк соода уюмуна кириши сыяктуу башка маселелер да болмокчу.
Өткөн аптада орус бийликтери чечен сеператисттеринин лидерлеринин бири, коопсуздук кызматтарынын кара тизмесинде биринчи орунда турган Шамил Басаевдин каза тапкандыгын жарыялады. Кабарларга караганда, Басаев жардыргыч зат жүктөлгөн машинанын ичинде отурганда, машинасы жарылып кеткен.
Кыргыз кыздары башка динге өтүп кеткен учурлар аз эмес. Кыздардын чет элдиктерге турмушка чыгып кетип жатышканына нааразы болуп, генофонд бузулуп жатат деп айгай салгандар да чыгууда. Ошол эле убакта акыл калчап көрсөк, секулярдуу Кыргызстанда улам күч алып жаткан ислам дининен чочулоо кыздарды ушундай кадамдарга түртүп жатпасын?
Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Кореянын жакында ракета учурушун бир ооздон айыпташты. Ошол эле убакта Кытай менен Орусия Пхенянга санкция колдонууну караган эскертүүнү колдошкон жок.
Испаниянын Валенсия шаарында кечээки кырсыктын курмандыктарын эскеришүүдө. Өлкөнүн тарыхындагы эң каргашалуу метро авариясында 41 кишинин өмүрү кыйылды. Бийликтердин ишениминде, поезд аялдамага жакындап келатканда эки вагон жолдон чыгып кеткен. Катуу келаткан поезддин дөңгөлөгү бузук болгон деп болжолдонууда.
Кошмо Штаттарынын Жогорку соту өткөн аптада Гуантанамодо террорчулар деп камалган айыпкерлерди атайын согуштук комиссияда соттоого болбойт деген бүтүм чыгарган эле. Бирок президент Буштун өкүлдөрү мындай комиссия тууралуу башка бир мыйзам долбоорун сунуш эткен жана байкоочулар бул долбоор бардык тараптардын көңүлүндөгүсүн таап, конгресстин колдоосуна ээ болот деп болжолдошууда.
Үч жылдан бери биринчи жолу Кошмо Штаттары кайрадан космоско кемесин учуруп жатат. Дискавери чөлмөгү ишембиде обого көтөрүлмөкчү. Буга чейинки чөлмөк 2003- жылкы катастрофага учурагандан кийин, Кошмо Штаттарында космос кемелери кондурулуп коюлган эле, бирок азыр Улуттук Космос агенттиги учуунун ийгиликтүү болоорунан ишеним билдирүүдө.
Товарларды тез жана көп санда чыгарган Кытай күн санап чын эле дүйнөлүк фабрикага айланып келатат. Бир эле учурда өлкө келечекте өнүккөн технология өнөр-жайын курууну максат кылат, ал эми бул үчүн инновациянын же жаңы идеялар менен ойлоп табуучулукутун мааниси зор. Арийне, соңку мезгилде илимпоздордун арасында илимий алдамчылыктын өскөндүгү байкалууда. Окумуштууларды жана профессорлорду өз атын чыгарыш үчүн калп айтууга эмне түртөт, мунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Биз телевизордон программада эмне болсо, ошону гана көрөбүз, ал эми интернеттин өркүндөшү менен теле-редакторлордун диктатынан кутулуп, каалаган видеобузду каалаган убакта көрө алабыз. Болгондо да мээни ачыткан реклама болбойт! Албетте бул үчүн тез иштеген интернет байланышы керек, ал эми зарыл программаны интернеттен бекер көчүрүп аласыз. Ушундан улам бүгүн интернет видеосу жаздагы козудай жамырап баратат. Бул өрнөктөн кыргыздар да четте калбаганын Жаңыл Жусубжан тактап билди.
Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) террорчу деп шектелген адамдарды америкалык тыңчылар Европада мыйзамсыз уурдап, камакка алгандыгын катуу сынга алган отчетту талкуулап, кабыл алды. Швециялык дипломат Дик Марти тарабынан жазылган отчетто мындай мыйзамсыз иштерде европалык 14 өлкө Кошмо Штаттары менен кызматташканы айтылат.
Ушул күндөрү Нью-Йорктун Еллис аралында Батышта Гулаг деген аталышта кеңири белгилүү болгон сталиндик концлагерлер тууралуу чакан көргөзмө иштеп жатат.
Католиктер басымдуулук кылган Филиппинде президент Глория Макапагал Арройо өлүм жазасын күчүнөн кетирди. Жардыкка президент Ватиканга аттанаардын алдында кол койгондуктан, айрымдар ал католик чиркөөсүнө жагынуу үчүн ушуга барды деп чыгышты, бирок бүт дүйнөдө укук коргоочулар буга жогору баа беришүүдө.
Кечээ, 22-июнда 2014-жылкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө ынтызар шаарлардын катары дагы суюлуп, үч финалист тандалып алынды. Алар – Сочи, Залцбург жана Пиенчаң. Талапкер болгон дагы үч шаар менен катар Алматы ошентип, электен өтпөй калды.
Дагы жүктөңүз