"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Өткөн аптада сеператисттик чечен жумуриятынын президенти өлтүрүлгөндөн кийин, анын ордуна терроризмди кабылдабаган тажрыйбалуу согушкер жана таасирдүү саясатчы Доку Умаров келет деп күтүлүүдө. Мурдагы президент Абдул-Халим Садулаев ким болгон жана Умаровдун жетекчиликке келиши Түндүк Кавказга кандай өзгөрүү алып келиши мүмкүн?
Ушул аптада АКШнын президенти Будапештте болуп, өлкө башчылары менен жолугат. Бир эле мезгилде Венгриянын 1956-жылкы коммунисттик системага каршы көтөрүлүшүн эскермекчи.
Үстүбүздөгү күндөрү дүйнөдө күнгө күйгөн cамба-бийчилери менен сары-жашыл футболкачандардын үстөмдүгү орноду, бир айлык футбол майрамында Бразилия теңдешсиз супер державага айланды. Жарды африкалыктар байманасы ташыган европалык державаларды алеки заматта ала салдырса, Кошмо Штаттары өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп шайы ооп турган чагы.
Майкрософт фирмасынын негиздөөчүсү Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адам болуп саналат. Ал мындан 12 жыл мурда аялы Мелинде менен Бил Гейтс деген корду негиздеген. Бул кордун казнасында 29 миллиард доллар бар жана ал дүйнөдөгү эң бай соопчулук кору болуп саналат. Өткөн бейшембиде Бил Гейтс "жеке турмушундагы көздөгөн максаттарын" кайра караштырып жаткандыгын жарыялады. Ал эки жылдан кийин Майкрософттогу күнүмдүк ишин токтотуп, соопчулук коруна артыкчылык бере тургандыгын билдирди. Бул Гейтстин соопчулук коруна гана эмес, башка филантропиялык уюмдардын ишмердүүлүгүнө да зор таасир тийгизет дейт "Филантропия хроникасы" аттуу басылманын баш редактору Стейси Полмер.
Бүгүн Хелсинкиде дүйнөдөгү эң ири технология сыйлыгы тапшырылды. 1 миллион евро жарыктын жаңы булактарын тапкан Жапон окумуштуусуна берилди.
Дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан Германияда футбол оюндарына билеттер эбак сатылып кеткен, ошого карабастан, төгөрөктүн төрт бурчунан дагы деле жүз миңдеген футбол күйөрмандары агылып келип жатышат. Жатаарга жай тартыш болсо да, алар атайын орнотулган зор экрандардан оюн көрүп, ырдап, бийлеп, чер жазышууда.
Убакыт өткөн сайын көчмөн цивилизациясынын дүйнөсү тарып, анын ичинде кышкы ызгаарда да, жайкы аптапта да кылымдардан бери көчмөндөргө кызмат кылган боз үй күнүмдүк турмуштан жок болуп баратат. Тилекке жараша бүгүн Атлантика мухитинин жээгинде же Жер ортолук денизинин боюнда боз үй тигип, көчмөндөрдүн маданиятын сактап калууга салым кошуп жаткандар да жок эмес. Алардын бири мурда монголдордун гер деп аталган боз үйүн жасап келсе, эми кыргыздардан боз үй жасаганды үйрөнүп, Испанияда боз үй туризмин өнүктүрүүгө нийеттенүүдө.
Кыргызстанда сапаттуу билим берген мектептердин бири Чүйдөгү Шопоков гимназиясы. Ал ата-энелер менен жергиликтүү ишкерлердин гана эмес, чет элдик донорлордун да колдоосун таба алган. Бул мектептин ийгилик сыры жана өлкөдөгү агартуу системасынын оош-кыйыштары тууралуу жакында Кошмо Штаттарында жарык көргөн китепте айтылат.
Ошентип, спорт күйөрмандары зарыга күткөн дүйнөлүк Футбол мелдеши да келип калды. Эртең 9-июнда Мюнхенде конок тосуучу Германия Коста Рика менен ачылыш мелдешинде беттешет. Төрт жылда бир ирет болуп, бир айга созулуучу чемпионат чындап келгенде олимпиада оюндарынан да популярдуу. Ал эми Германия жергесинде өтүп жаткандыктан чемпионаттын айланасындагы коррупциялык чыр-чатакка карабастан, сыра суудай агып, братвурст деп аталган немис чучуктары тоодой үйүлөөрү бышык. Мюнхенде жүргөн өз кабарчыбыз Жефри Доннаван жиберген репортажга көңүл бөлөлү.
Чеченстандын сеператисттик лидерлери жакында саясий структурасында өзгөрүүлөрдү жүргүзүп, Ахмед Закаевди сүргүндөгү чечен өкмөтүнүн жаңы тышкы иштер министрлигине дайындаганын жарыя кылды. Британияда сүргүндө жашаган Закаев мурда маданият министри болгон. Азаттыкка берген маегинде Закаев жаңы милдеттери жана чечен жаңжалын тынчтык жол менен жөнгө салуу аракеттери тууралуу айтып берди. Закаев алды менен жаңы тышкы иштер министри катары милдеттерине токтолду.
Күн өткөн сайын чөнтөк телефондо колдонулган добуштардын ар кылдуулугу өсүүдө. Ушундан пайдаланып, активисттер аны өз пикирин же позициясын билдирүү үчүн саясий максаттарда кеңири колдоно башташты. Керемет үкөктүн жаңы санында мына ушул жааттагы өзөрүүлөр тууралуу сөз болот.
Советтик доордо Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Европада, айрыкча Германияда жакшы таанымал болгон. Бүгүн да жазуучунун чыгармачылыгы айрыкча киночуларды арбап келет, буга жакында Иннсбурк фестивалында болгон Жаңыл Жусубжан күбө болду.
Өткөн ишембиде Австриядагы Инссбрук фестивалында Эрнис Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтү" "Саратан" деген аталышта көрсөтүлдү. Фильмден кийинки талкуудан соң режиссер-сценарист Aзаттыктын суроолоруна жооп берди.
Он чакты өлкөдөн 500 чакты финансист өткөн аптада Кабулда чогулганда ооган өкмөтү Ооганстанга азыр инвестиция салгандар чоң пайда табышаарын айтып, мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоого чакырышты. Кандай болгон күндө да, жашоо тынчый элек, коррупция дале күчтүү болсо да, өткөн үч жылда өлкөдө чет элдик түз инвестиция кескин көбөйгөн.
Кечээ эле көпчүлүк билбеген борбор азия элдеринин тамак-ашын бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн кездештиребиз. Гамбургдагы орус ресторанында манты жасашат. Нью-Йорктогу "Тандуриде" Борбор азиялык чүйгүн аштын баары бар. Санкт-Петербургда жердешибиз Медер Төлөгөнов "Алмаз" деген ресторан ачкан, анда бешбармак, чүчвара заказ берсеңиз болот. Мына эми жакында Истамбулда да бешбармак, гүлчөтай жасаган ресторан пайда болду.
АКШнын президенти өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүү үчүн, түштүк чек араларына аскер жайгаштырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жорж Буш 15-майда жалпы улуттук теле-кайрылуусунда билдирди. Ошол эле мезгилде президент бардык 12 миллион мигрантты дароо депортациялаш керек деген саясатчыларды сабырдуулукка чакырды.
Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү болгон Индонезияга барды. Байкоочулар ядролук программасына байланыштуу Батыш менен кырды бычак болуп турган Иран Индонезиянын колдоосуна муктаж экендигин айтышууда. Индонезия Иранга ылым санаганы менен менен исламдык радикализм көйгөйүн жакындан билген Жакартанын өкмөтү Тегерандын исламчыл бийлигин үзүлүп түшүп колдоорун айтуу кыйын.
Ушул күндөрү Чехиянын баш калаасында казакстандык белгилүү режиссер Сатыбалды Нарымбетов жүрөт. Ал Түркестан автономиясынын алгачкы төрагасы, Экинчи Дүйнөлүк согуштун алгачкы жылында Германияда сырдуу жагдайда каза тапкан Мустафа Чокай тууралуу фильмдин экинчи сериясын тартууга даярдык көрүп жаткан экен. Бул көркөм фильмде башкы ролду кыргыздын жаш актеру Азиз Бейшеналиев аткарат. Фильмдин башкы операторлору да кыргыздар. Сакен Нарымбетовду Азаттыктын Прага студиясында Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты. Казакстан менен Франциянын мамлекеттик сыйлыктарын алган режиссер алды менен Мустафа Чокайдын бейнесине токтолду. Cүрөттө : Кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев Мустафа Чокайдын ролунда
Жаңы изилдөө бир бирин атынан чакырган адамдар башка да жаныбарлар бар экендигин айгинеледи. Тактап айтанда, дельфиндер бир бирин ышкырып чакырышат экен. Флоридада шише тумшук дельфиндерди изилдеген окумуштуулар мына ушундай ачылыш жасашты.
Кабарларга караганда АКШнын президенти Жорж Буш Борбордук Чалгын агенттиги ЦРУнун жетекчилигине Аба күчтөрүнүн генералы Майкл Хейндeндын талапкердигин көрсөтөт. ЦРУнун мурдагы жетекчиси Портер Госс өткөн аптада кызматынан кеткен эле. Бирок Хейдендин талапкердиги Вашингтондо катуу нааразылыкты пайда кылды, себеби демократтар да, консерваторлор да атуулдук агенттигикке аскерий адамдын келишине каршы чыгышты.
Дагы жүктөңүз