Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

ФИЛИППИНДЕ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ АЛЫНЫП САЛЫНДЫ


Католиктер басымдуулук кылган Филиппинде президент Глория Макапагал Арройо өлүм жазасын күчүнөн кетирди. Жардыкка президент Ватиканга аттанаардын алдында кол койгондуктан, айрымдар ал католик чиркөөсүнө жагынуу үчүн ушуга барды деп чыгышты, бирок бүт дүйнөдө укук коргоочулар буга жогору баа беришүүдө.

Филиппин бүгүн дүйнөдөгү өлүм жазасынан баш тарткан 125 өлкөнүн катарына кошулду. Президент Арройо ичи түйүлүп, тез жардам менен ооруканага жеткирилген абалына карабастан, мыйзамга кол койгонго шашылды. Ошону менен Филиппинде өлүм кезегинде турган 1200дөн ашуун айыпкердин өмүрү сакталып калды. Филиппинде өлүм жазасы уу дары сайуу менен ишке ашырылып келген. Бирок Арройо 2001-жылы биринчи жолу президент болуп шайлангандан кийин бир да өлүм жазасын ишке ашырууга жол берген эмес эле. Ал эми үстүбүздөгү жылы жогорку жазаны өмүрүнүн аягына чейинки түрмө мөөнөтү менен алмаштырган. Арройо 2004-жылы талаштуу шайлоодо экинчи мөөнөткө кайра шайланган.

Арройо адеп-ахлак жоболоруна таянып, өлүм жазасын алып салгандыгын билдирди. Филиппин президенти адам баласын өлтүрүү Кудайга жага турган иш эмес экендигин эске салып, аны жоюу оор кылмыштардын көбөйүшүнө алып келет деген ырастоону мындайча четке какты:

- "Мен өлүм жазасын жоюу зөөкүр кылмыштарга даңгыр жол ачат дегендердин тынчсыздануусу негизсиз экендигин айткым келет. Биз оор кылмыш кылгандарды өлтүргөндүн ордуна, андай кылмыштарды алдын алуу жана көзөмөлдөө жаатында ишти ыкчамдатып, ресурстарды көбүрөөк бөлүшүбүз керек".

Филиппинде өлүм жазасы 1977-жылы күчүнөн кетирилип, 1993-жылы киши өлтүрүү, зордуктоо, киши уурдоо жана баңги аткезчилиги үчүн кайра киргизилген эле.

XS
SM
MD
LG