Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

НЬЮ-ЙОРКТО СТАЛИНДИК КОНЦЛАГЕРЛЕР ЖӨНҮНДӨ КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ


Ушул күндөрү Нью-Йорктун Еллис аралында Батышта Гулаг деген аталышта кеңири белгилүү болгон сталиндик концлагерлер тууралуу чакан көргөзмө иштеп жатат.

Америкалыктар Гулаг же Сибирдеги өлүм лагерлери тууралуу Александр Солженицындин "Архипелаг Гулаг" жана башка романдары аркылуу жакшы билишет. "ГУЛАГ: Советтик жумуш лагерлери жана эркиндик үчүн күрөш" деп аталган көрсөтмө Эркиндик статуясынын көлөкөсүндөгү аралда көрсөтүлүп жаткандыгында өзүнчө символизм бар экени шексиз.

Анда гулаг лагерлеринен экспонаттар менен катар советтик үгүт-насаат плакаттары жана Гулагга айдалган белгилүү диссиденттердин өмүр баяны менен таанышуу мүмкүн. Бир бөлүмдө лагер тургундары колдонгон кашыктар, табак, кружкалар коюлган, түшүндүрмөлөрдө жазылгандай, алар консерванын банкасынан, металдын сыныктарынан жасалган жана казан-аяк тартыш болгондуктан, колго жасалган чыны-табактар жогору бааланган.

Дагы бир бөлүмдө сталинизмдин алгачкы жылдарындагы чоң жетишкендик деп бааланган Беламорканал тууралуу маалымат алабыз. Көбүнесе абактагылардын күчү менен курулган канал Ак деңизди Балтия деңизи менен бириктирмек, бирок иш жүзүндө ал колдонууга жарамсыз болуп чыккан.

Түшүндүрмөлөрдөн көргөзмөгө келгендер Беламорканалдын куруучулары шайы кетип, ишке жарамсыз болуп калганда кароосуз жан таслим болушкан же кароол тарабынан өлтүрүлүп ташталганын билебиз. Социалисттик система өз салымын кошо албагандарды бага алган эмес.

Ушул эле жерде сталиндик лагердеги жатаканалардын биринин ички көрүнүшү менен таанышабыз. Бул түрмөлөрдөн аман чыккандардын эскерүүлөрүнөн саясий диссиденттер катардагы кылмышкерлер менен бирге жайгаштырылганын, кылмышкерлер диссиденттердин артынан аңдып, ыдык көрсөтүп, түрмөчүлөргө кызмат өтөгөндүгү, шайлоо бюллетенине шакаба жазганы үчүн лагерге айдалганын, үч ирет ишке кеч келгендер үч жылга кесилгенин билебиз.

Башка өлкөлөрдөгү зөөкүрдүктөр тууралуу окуганда адам баласы оңой эле өзүн башкалардан өйдө сезип кетет. Бирок сөз болуп жаткан көргөзмөнүн жыйынтыктоочу бөлүмү Кошмо Штаттарынын тарыхында да жергиликтүү индеецтер кырып жок кылынган, африкалыктардын кулга айландырылганы сыяктуу бетке чиркөө зөөкүрдүктөр болгондугун эске салат. Бир гана айырмасы, көргөзмөдө болгондордун бири белгилегендей, "контрреволюциячыл элементтер" коллективизмди үйрөнсүн деп Гулагга айдалган, бирок сталиндик лагерлердин башкы сабагы – адам адамга жырткыч мамиле жасагандыгы болгон. Алдуу-күчтүүлөр аман калып, алсыздар катуу сууктан, ачкалыктан, уруп-сабоолордон бир четинен кырылып турган. Башкача айтканда, советтик система акыйкатсыздыкты жойгондун ордуна акыйкатсыздыкты ташка тамга баскандай бекемдеген гулаг системасы карөзгөйлүк жана өзүм билемдик үстөмдүк кылган советтик мамлекеттин өзөгүн түзгөн.

Нью-Йоркто 4-июлда аяктап жаткан чакан көрсөтмө чакан болсо да, мына ушул ачуу чындыкты дагы бир ирет эске салат.

XS
SM
MD
LG