Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

ГЕНЕРАЛ ДОСТУМ АРМИЯСЫНАН АЖЫРАЙБЫ?


Ооганстанда Ички иштер министрлиги өзбек генералы Абдул Рашид Достум менен тажик Абдул Маликтин партияларын жоюуга буйрук чыгарды. Бул Кабул өкмөтүнүн өзүн өзү билген кор башыларды тартипке салуу аракетиби же жең ичинен башка корбашчыларга тартып жатабы? Бул жааттагы «Азаттыктын» серепчиси Амин Тарзинин аналитикалык баяндамасы менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.

Убагында Советтик армиянын тарабында согушкан экс-коммунист Абдул Рашид Достумду, айрыкча, Өзбекстанда жакшы билишет. Мына эми Ооганстандын ички иштер министри Мокбел өзбек генералдын Ооганстандын "Улуттук Исламдык кыймылы" деп аталган же дари тилинде айтканда "Жунбиш" партиясын жоюуга өкүм кылды. "Жунбиш" менен катар, Достумдун илгерки досу, кийин келишпес кас-душманына айланган тажик генералы Абдул Маликтин "Ооганстандын Эркиндик партиясы" да жоюлмакчы. 10-августта Ариана сыналгысында бул эки партия куралдуу топ кармайт деп айыпталды. Саясий партияга куралдуу топ күтүүгө Ооганстандын 2004-жылкы конституциясы жана саясий партиялар боюнча мыйзамы тыюу салат. Бирок мыйзам мыйзам менен, бирок Ооганстандын бийликти көзгө илбеген көп сандаган куралдуу топторун ачык да, көмүскө да партия жетекчилери башкараары жашыруун сыр эмес. Ал эми мындай партиялардын саны өлкөдө 70тен ашат.

Түндүк Ооганстандагы аталган эки партияны жоюу өкүмү борбордук бийликтердин чындыгында эле кор башыларды теске салуу аракетиби, айтуу кыйын. Биринчиден мындай чечимди ишке ашыруу оңой иш эмес. Азыртадан эле Достум менен Маликтин колдоочуларынын сиркеси суу көтөрбөй турган чак.

Ошол эле убакта, эгерде эле борбордук бийлик мындай чараны башка партияларга карата да колдонсо, бул саясат кеңири колдоого ээ болоорун болжолдоо кыйын эмес. Болбосо, айрым өкмөт өкүлдөрүнүн түштүк жана чыгыш аймактардагы кор башыларды бийлик жүргүзүүгө катыштыралы деп кыйылгандарын эске алганда, Кабул өкмөтү түндүк аймактарды өгөйлөп, беркилерди өз тарабына тартууга аракет кылып жатат деген шектенүүлөргө май чачылаары анык.

Достум "Жумбиш" партиясынын жетекчилигинен кеткенин жарыялаган, бирок көпчүлүк байкоочулар партия анын толук көзөмөлүндө деп эсептешет. Достум жана генерал Малик экөө тең саясий партиябыздын куралдуу канаты жок деп келишет. Бирок, экөө ар дайым бир-бирин кандуу кагылыш баштады деп күнөөлөшөт. Буга ушул айдын башындагы 10 күнгө созулган салгылаштарды мисалга келтирүү мүмкүн.

Ооганстандын ички иштер министринин Достум менен Маликтин саясий карьераларын чектөө аракетине өлкөнүн тарыхында башка мисал аз. Ошондуктан кандай жыйынтык болоорун айтуу кыйын. Бирок, эгер министрдин көздөгөнү ишке ашса, оогандар эмки кезек кайсы кор башыга келди деп демдерин ичине тартып, сак-сактап калышаары анык.

XS
SM
MD
LG