“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
2018-жыл 23-Кышкы олимпиада оюндары, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Азия жана Көчмөндөр оюндары менен спорт сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Спортчулардын жаратмандыгы, ийгиликтери, жеңиштери ар бир адамды шыктандырбай койбойт.
Жаңы жылга даярдык жана балатынын жасалгасы тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн сунуштайбыз.
Улуттук филармонияда өткөн “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз” аттуу этномаданий фестиваль Кыргызстандагы ар түрдүү элдердин маданий майрамына айланды.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгрессинде маалым болду. Уюмга мүчө болгон беш өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык мелдештерде талаш жараткан эрежелерди тартипке келтирип, бир нукка түшүрүүнү көздөп жатат.
"Азаттык" радиосу жарыялаган "Мен билген Айтматов" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
“Football Awards” сыйлыгынын тандоосу менен Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылдын мыкты футболчусу атыкты. Сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкекте өтүп, ага бир катар спорт ишмерлери, футболчулар катышты.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Декабрдын күнү" аттуу көргөзмө эшигин ачты. Мында "Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жана жазуучунун эмгек жолуна арналган жаңы стилдеги картиналар коюлган.
Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык оркестри музыка сүйүүчүлөргө “Терминатор”, “Гладиатор”, “Шерлок Холмс”, “Форрест Гамп”, “Гарри Потер”, “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу көркөм тасмалардын музыкасын көрүүчүлөргө тартуулады.
Басмырлоого кабылып, маңзат колдонгон, ВИЧ менен жашаган же зомбулуктун курмандыгы болгон 16 аялдын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Анда ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар башкаларга үлгү болуп, коомчулукту басмырлоого каршы биргелешип күрөшүүгө үндөшөт.
Тизеге жеткен баткак жолдор, суусу жок, электр жарыгы үлбүлдөп эле күйгөн айылдар. Мындай көрүнүшкө Бишкектен алыс чыкпай эле көзүң түшөт. Баш калаанын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш өзүнүн каарын көрсөтүүдө.
Ушу тапта дүйнөдө "Кара жума" (Black friday) күнү өтүүдө. Бул күнү бардык дүкөндөрдө 30, 50, 70 пайыз арзандатуулар болот. АКШда кардарлардын арзан товарларга кезек күтүүсү айрым учурда башаламандык менен жыйынтыкталат.
24-ноябрда аскер кызматына жаңы киришкен 237 жоокер Ант берди. Ант берүү аземи Бишкектеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде өттү.
Ала качууга туш болуп милиция бөлүмүнөн ажал тапкан Бурулайдын сүрөтү өзү окуган коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды. Бурулайдын дубалдагы образы - аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук менен күрөшүп, кыздарды ала качып, зордоп никеге тургузууну жоюуга чакырат.
Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда иш таштады. Бул тууралуу иш таштагандардын бири, коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курманов "Азаттыкка" билдирди.
17-ноябрь, студенттердин эл аралык күнүнө карата "Азаттык" Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттеринин жатаканаларына саякат жасады.
Кыргызстанда 2018-жылдагы эң сулуу кызы аныкталды. Бишкекте өткөн сулуулар сынагына жети дубандан келген 25 кыз катышты. Жыйынтыгында 21 жаштагы Элмара Буранбаева баарынан сулуу деп табылды.
“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көрдү. Китепке анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.
Бишкектин Ош базарында күз келгенден тарта сандык саткандардын соодасы кызыйт.
Дагы жүктөңүз