“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Бишкектеги Элебесов көчөсүндө жайгашкан номер 155 турак жайдагы кийим сактоочу кампа, ага жанаша жайгашкан үч кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн кесепеттери иликтенип жатат.
Бодо мал жайлоодон түшүп, базар жанданды. Күз аш-тойдун мезгили болгондуктан Кара-Балтадагы мал базарда соода кызыган учур.
Эл аралык “Манас” аба майданы жылына 2 миллиондон ашык жүргүнчүлөрдү тейлейт. Учуп конгон учактарды агымы күнү-түнү токтобойт.
26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.
23-октябрда өкмөт үйүндө “ачык өкмөт” деп аталган инсталляция орнотулду. Сорос фондунун каржылоосу менен 194 000 сомго жасалган инсталляция өкмөттүн ачык иштөөгө болгон аракетин түшүндүрөт.
Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда аталган спорттун түрүнөн эл аралык мелдеш өттү. Ага Канададан тартып Орусия, Армения, Корея өндүү 11 мамлекеттен 50 гольф ышкыбозу катышты.
Бишкекте ушул күздөгү алгачкы кар 16-октябрь күнү кечинде жаады. Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү.
Өлкөдө акыркы учурда балык чарбачылыгы өнүгө баштады. Балыктан баар таап, байыгандар да арбын. Анткени ал кирешелүү бизнес. Бир форель 500 сомго бааланат. Балыктарды миңдей кылып көбөйтүп миллиондогон киреше тапса болот.
Кыргызстанда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрө турган “Чебер мушкерлер лигасы” (PFL KG) аттуу жаңы уюм түзүлдү. Федерация өкүлдөрү алар менен келишим түзгөн мушкерлерге "жылына 10 миң доллар каражат төлөп беребиз" деп убада берип жатат.
7-октябрда "Күз деми" деп аталган марафон өттү. Ага бир жарым миңден ашуун жеңил атлетика ышкыбоздору катышты.
1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. Учурда Кыргызстанда 630 миңден ашуун улгайган адам жашайт. Арасында 80-90 жашка чыкса да эмгектенип келген байбичелер, карыялар бар. Алардын айрымдары "Азаттыктын" сүрөт баянында.
Бишкектин имараттарына, жол боюндагы дубал, өтмөктөргө тартылган өзгөчө сүрөттөргө көзүңүз түштү беле? Көчө сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган картиналар эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “POSTTOTAL18” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү эшигин ачты. Мында көрүүчүлөр эски менен жаңынын айкалышында жаралган өзгөчө искусство өнөрүнө күбө боло алат.
Бишкекте эң арзан батирдин ижарасы акысы 2 миң сом. Бир короодо эле ондон ашык үй-бүлө күн кечирген батирлер калаанын бардык жаңы конуштарында бар.
Эркиндик бульварындагы майып балдар үчүн курулган селкинчек сынып калды. Негизи эле баш калааны көрктөндүрүү үчүн орнотулган коомдук мүлктөргө шаар тургундары кайдыгер мамиле кыларын адистер айтып келет. Мындай тагдырга “Жаштар аллеясы” эс алуу багындагы көчө музыкалык аспаптары да туш болду.