Жаңы конуштун жашоочулары кышкы суукка багынбай өп-чап турмуш кечирүүдө.
Жаңы конуштардын жарыбаган турмушу
Тизеге жеткен баткак жолдор, суусу жок, электр жарыгы үлбүлдөп эле күйгөн айылдар. Мындай көрүнүшкө Бишкектен алыс чыкпай эле көзүң түшөт. Баш калаанын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш өзүнүн каарын көрсөтүүдө.

1
Бала эмес, суу ташыган коляска.

2
Жаңы конуштагы устакана.

3
Кышкысын жаңы конуштарда көмүр бизнеси күч алат. Начар жашаган үй-бүлөлөр жума сайын мүшөктөп көмүр алышат.

4
Үйүндө караганга эч ким жок болуп, дүкөнгө чүрпөсүн көтөрө чыккан жаш келин.

5
Күн суукта кийимдер жумасына бир жолу эле жуулат.

6

7
Тезек, кыксыз жаңы конушта кыштан чыгыш кыйын.

8
Чыткурсактардын футбол майданына айланган ээн талаа.

9
Суу келет деп казылган арык кышкысын карга толду.

10

11
Жаңы конушта жашаган үй кожойкелери алыстан суу ташып, кирди колго жууп, от жагып, эртеден кечке түйшүгү оор.

12

13
10 литрден суу ташыган секелек.

14
Эл ташыган кичи автобустар конуштун асфальт төшөлгөн жерине чейин эле каттайт.

15
Мектептен кайткан жаңы конуштун секелектери.

16

17
Жаңы конуштарга кичи автобустар гана каттайт. Эртең менен жана кечкисин кичи бустар тыгын болуп, киши батпай калат.

18
Жаңы конуштарда батир бизнеси күч алган кез.