Бишкек шаарын жаңы жылга карата жасалгалоого мэрия быйыл 6,5 миллион сом коротту. Борбордук аянтка балаты орнотуп, шаардыктардын майрам алдындагы маанайын көтөргөнгө жакшы эле аракет жасаган.
Бишкектеги жаңы жылдык балатынын бийиктиги 27 метр, ал эми диаметри 12 метр болду. Ал 940 оюнчук, 440 метр күйүп-жанган диод жана жаңы жылдык оймо-чиймелер менен кооздолгон.
Бишкек шаардык мэриясы былтыркы балатыны кайра коюп, акчаны үнөмдөнгөнүнө сүйүнүп тургандай. Өткөн жылы бул балаты 1 миллион 200 миң сомго тургузулган болчу. Быйыл Ала-Тоо аянтын жана шаарды кооздоо үчүн Бишкек мэриясы 6 миллион сом коротту. Былтыр бул сумма 15 млн. сомго жетип, коомчулукта чоң талкуу жараткан.
Жаңы жыл алдында калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды.
Ош шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 27 метр болгон балатыны орнотууга быйыл калаа башкармалыгы 1 миллион 400 миңден ашык каражат коротту. Балаты Ош мэриясынын атайын буюртмасы менен жасалган. Балатыдан сырткары Ош шаарынын борбордук аянты да өзгөчө ыкмада шөкөттөлгөн.
Ошто болсо маданият кызматкерлери жаңы жыл тосууга арналган иш-чараларда жана жаңы жылдык каникул мезгилинде элге кызмат көрсөтүп пайда табат.
Театрлар бул үчүн атайын спектакль даярдап, ырчылар жаңы жылдык тематикада ыр жаздырып, көйнөк тиктирип даярданышат.
Ачык айтылбаган менен буга чейин Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары балатынын бийиктиги менен жарышып кеткени айтылып келет. Анда бири 20 метрлик балаты тургузса, экинчиси 25 метр коюп, кайра биринчиси 30 метр кылып жиберген учур катталган.
Быйыл бул жарышта эки шаарды тең Жалал-Абад мэриясы артта калтырды. Борборук аянтка орнотулган балатынын узундугу 28 метрди түзүп, өлкөдөгү эң бийик жаңы жылдык балаты атыкты.
Балатынын бийиктигине жараша каражатты да көп. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаңы жылдык балатыны кооздоого 1 млн. 370 миң сом сарптаган. Ал эми жаңы жылды тосууга жалпы 2 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.
Жалал-Абаддын базарлары декабрь айынын башынан тартып эле жаңы жылдык азык-түлүккө жыкжыйма толгон. Атүгүл көчө жээктери да пиротехникаларды жана жалтырактарды саткан жайма базарга айланган.
Социалдык түйүндөрдө жаңы жылды чыгымсыз жана жардыргыч заттарсыз тособуз деген чакырыктар кардарлардын санын азайтканын соодагерлер билдирешет.
Караколдогу жаңы жылдык балатынын чыгымы быйыл 222 миң сомду түздү. Балатынын бийиктиги 21 метр.
Быйыл Каракол шаарынын борбордук базарында пиротехника жана жаңы жылдык жасалгалар жакшы өтпөй турат.
Буга көпчүлүк эл ысырапкорчулук, экологияны булгоо, адамдын ден соолугуна зыян жана ислам динине туура келбейт деген өңдүү себептерди жүйө келтиришүүдө.
Жаңы жылдык балатыны орнотууга эң аз сумманы Баткен шаары бөлгөн. Анын чыгымы болгону 88 миң сомду түзүп, бийиктиги 14 метр. Бул бир чети калаанын акчасын үнөмдөө болсо, экинчиден, чакан бюджетке ылайык келет десе болчудай.
Баткенде болсо жаңы жылга даярдык, соода-сатык анчалык кызыбай турат. Базардагы таттуулар, жаңы жылдык дасторконго даам-татымдар негизинен Тажикстан жана Өзбекстандан келген, баасы болсо кыйла арзан.
Талас шаарынын бийлиги быйылкы балатыга 137 миң сом сарптады. Балатынын бийиктиги 14 метрден ашты.
Тендер аркылуу алынган балаты кечинде кооз көрүнөт.
Облустук бийлик быйыл балаты майрамын өткөрүү ордуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам бериле турганын билдирди. Мындай саамалык жергиликтүү бийлик тарабынан былтыр демилгеленген. Таластагы бул демилге айрымдарга жаккан жок.
Нарындагы жаңы жылдык балатынын узундугу 15 метрге жетет. Балатыны жана борбордук аянтты шөкөттөө үчүн шаар бийлиги 219 миң сом сарптады. Бул сумма өткөн жылга салыштырсак, 19 миң сомго көп.
Ал эми Нарын шаарындагы мектеп окуучулары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө белек таратты. Уюштуруучулар бөбөктөрдүн көңүлүн көтөрүү максатында өздөрү аяз ата, аяз кыздын кийимин кийип алышкан. Ал эми белек сатып алууга жергиликтүү демөөрчүлөр кол кабыш кылган.