Көргөзмөнү Бишкектин айрым соода борборлорунда жана коомдук жайларында 10-декабрга чейин көрүүгө болот.
"Көрүнбөгөн аял, көөдөндөгү кыял"
Басмырлоого кабылып, маңзат колдонгон, ВИЧ менен жашаган же зомбулуктун курмандыгы болгон 16 аялдын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Анда ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар башкаларга үлгү болуп, коомчулукту басмырлоого каршы биргелешип күрөшүүгө үндөшөт.

1
Сүрөттөрү көргөзмөгө коюлган аялдардын айрымдары 14-15 жашында сексуалдык зомбулукка кабылып, оор турмуштук жагдайлардан ВИЧ илдетине чалдыгып же маңзат колдонушкан. Оор тагдырына карабай алар коомчулукту гендердик зомбулук менен күрөшүүгө чакырат.

2
Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын айтымында, зомбулуктун, маңзаттын курмандыгы болгон же ВИЧке чалдыккан аялдар эч качан жардам сурап кайрылышпайт. Алар коомчулук түшүнбөйт жана кабыл албайт деп коркушат.

3

4
Бириккен Улуттар Уюму уюштурган фото көргөзмө 1-декабрь - ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган.

5

6
Сүрөт көргөзмөдө 19 жаштан 50 жашка чейинки аялдардын портреттери коюлган.

7

8

9
БУУнун маалыматына ылайык 15тен 49 жашка чейинки курактагы аялдардын 23% 15 жашынан бери жок дегенде бир жолу зомбулукка учураган. Күйөөсүнүн жыныстык зомбулугуна кабылган аялдардын жарымынан көбү ар кандай оор жарааттарды алган.

10
Көргөзмөнүн алкагында атайын бөлмөдө каалоочулар шилекейин тапшырып, ВИЧке текшерилсе болот.

11

12
Көргөзмө Бишкектин айрым соода борборлорунда жана коомдук жайларында да коюлуп, 10-декабрга чейин уланат.

13
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулуктан жапа чегет.