“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.
73 жыл мурда 9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган.
Кыргызстандык жигит Кайрат Эшболотов Гонконгдо математикага кызыккан жаштарга сабак берип иштеп жатат. Ал, бул шаарда окууну бүткөн соң калып калган. Билим берүү жаатында тажрыйба топтоп анан Кыргызстанга кайтам деген тилеги бар.
Өтүп бараткан жумада Бишкекте 14 жаштан 16 жашка чейинки кыздар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Ага жети облустан 100гө жакын балбан кыздар катышты
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
29-апрелде Бишкектин 141 жылдыгы белгиленди. Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык салтанатка шаардын мурдагы мэрлери чакырылган. Концертте белгилүү "Ялла" тобу, ырчылар Согдиана, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, "Инсан", "Элес" топтору жана башкалар ырларын тартуулашты.
29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленди.
Жогорку Соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулду.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизгинин талашкандар бүгүн Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Бишкекте жоогазындар гүлдөдү.
Жыл сайын апрель айынын башында «Регби жети» (Hong Kong Rugby Sevens) мелдешин көрүш үчүн Гонконг шаарына 100 миңден ашык спорт ышкыбоздору чогулат. Бул Гонконгго миллиондогон киреше алып келчү ири мелдештердин бири.
Кыргызстандын жаш дзюдочулары Польшада өткөн эл аралык мелдеште төрт алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Байге уткан балдардын кичүүсү беште, улуусу 10 жаштан ашкан.
Бишкек шаарында кыргыздын атактуу инсандарынын урматына тургузулган эстеликтер көп. Алардын таржымалын орто жаштагы шаар тургундары жакшы билгени менен кээ бир жаштарда маалымат жокко эсе.
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.
Бишкекте Нооруз майрамы "Ала-Тоо" аянтында белгилене баштады.
Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары Нооруз майрамын тосууга камынып жатат. Жыл сайын 10 кошуна биригип кезек-кезеги менен сүмөлөк кайнатышат.
Бишкекте «40 кыз» деген аталыштагы кыздардын сулуулук сынагы жыйынтыкталып, 40 райондон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду Аламүдүн районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды.
Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өзүнө окшобой калды деп коомчулукту нааразы кылган айкелди алмаштыруу маселеси талаш-тартыш менен коштолууда. Элдин купулуна толбогон айкелдин автору нааразы экенин билдирип, өзүнүн эмгек акысы толук төлөнбөй жатканын билдирди.
8-март аялдардын эл аралык майрамы белгиленип жатат. "Азаттык" үй-бүлөсү менен катар коом жүгүн көтөргөн, бирок опол тоодой эмгеги көзгө көрүнбөгөн айымдардын сүрөттөрүн сунушайт.
Дагы жүктөңүз