“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Тажрыйбалуу улакчылар көкбөрүгө чабыла турган буудан күчтүү, шамдагай анан акылдуу болушу керек деп айтышат. Учурда улакка түшкөн мыкты аттын баасы акыркы үлгүдөгү автоунаанын кунунан эки эсе ашып түшөт.
Кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин борбор калаадагы үйү көп жылдан бери кароосуз турат. Шаар тургундары ал жерде учурда селсаяктар түнөп жатканын айтышат.
Дүйшөмбүдө Бишкектеги Спорт ордосунда кикбоксингдин К-1 версиясы боюнча кесипкөй мушкерлер арасында мелдеш өттү.
Кышкысын ар ким алына жараша эс алат. Кимдир бирөө лыжа тепсе, айрымдар чана, баллондордо жылгаяк тээп, кыш мезгилинин акыркы күндөрүн ойдогудай өткөрүп алууга умтулуп жатышат.
23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү. Бул күндүн урматына "Азаттык" ар өнөрдү аркалаган азыркы кыргызстандык эркектердин сүрөттөрүн чогултту.
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчө сүрөтчү-айкелчилери өз эмгектерин койду.
Насыр Тургунбаев Кыргызстандын эң келбеттүү мырзасы атыкты. Ал 21 жашта.
14-февраль - Ыйык Валентин күнү же Махабат күнү.
Махабат күнүндө бири-бирине ыйык сезимдерин билдиргендер да, аны эстегендер да арбын. "Азаттык" Бишкек көчөсүндө айрымдардан алгачкы махабатын эске салууну өтүндү.
Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, калаадагы 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады.
Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы өттү.
Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы жыйынтыкталды. Ага Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чара Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү шейх Зайд ибн Султан Аль-Нахайянанын урматына уюшулган.
Бириккен Араб Эмираттарында базар маданияты мыкты калыптанган. Соода-сатык -өлкөнүн киреше алып келчү тармактарынын бири. Эгер капчыгың калың болсо, базарлардан каалаган буюмду тапсаң болот. Араб базарларын миң уккандан бир көргөн артык.
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия кубогунун чейрек финалына өтө алган жок. Бирок мыкты оюну менен көпчүлүктү суктандырды. Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда өткөн оюнда "Ак шумкарлар" үй ээси Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына 3:2 эсеби менен жеңилди.
Кыргызстан бул жолу Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен беттешет.
Кыргызстан плей-оффто 21-январда Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен беттешет.
Кыргызстан жана Филиппин командаларынын оюну Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтөт.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун алкагында Түштүк Кореянын курама командасына 1:0 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голдун автору кореялык коргоочу Ким Мин Же болду. Эки курама команданын оюнун көрүү үчүн беш миң күйөрман келди.
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алкагында өзүнүн экинчи оюнун өткөрөт. 11-январда өтө турган беттеште "ак шумкарлар" Түштүк Корея курама командасы менен күч сынашат. Кубоктун кийинки баскычына чыгуу үчүн Кыргызстан Кореянын курама командасын жеңиши керек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.
Дагы жүктөңүз