Чөлдө араба, көлдө калсаң кеме экен,
Үшүсөң от, ысыганда жел экен.
Үстүңдө Асман, астыңдагы Жер экен,
Абдан алсыз, абдан назик неме экен.
Аял бирок айланганда Энеге,
Кудуреттүү Кудайдан да кийинки
Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен! (Шайлообек Дүйшеев)
"Эколог" апа
Бүбүкалича апа жети баланын энеси. Учурда кадырман карылыктын доорун сүрүп жаткан кези. Үйдө бош отурбай желим баштыктан чакан килемдерди жасайт.
- Негизи эле желим баштыктарга тыюу салса жакшы болмок. Айлана-чөйрөнү булгабай желим баштыктарды чогултуп, ушинтип килемче жасап турам. Табиятыбыз таза бойдон сакталып, балдарыбыз таза аба жутуп чоңойсо экен деп тилейм, - деди Бүбүкалича Оморова.
Төрт балам - төрт тирегим
Төрт баланы жалгыз бой багып жаткан Назгүл Итикеева учурда 35 жашта. Ал Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштейт. Төкөлдөш деген конушта ижарага алган үйдө турат. Коммуналдык төлөмдөр кошулуп, жашаган жерине айына 4000 сом ижара акы берет.
Назгүл мектепти аяктап, турмуш-шартка байланыштуу жогорку же орто окуу жайга тапшыра алган эмес. Борбор калаага жакшылыктан үмүт артып келгенин айтууда.
Сулуу эмес аял болбойт
- Мен айымдардын ар дайым сулуу болушун каалайм, - дейт визажист Жаркын Маткеева.
- Ошондуктан аларды туура боёнгонго үйрөткүм келет.
Жаркын айым курбусу экөө бир жыл мурда Бишкекте сулуулук салонун жана мектебин ачкан.
Энелер бар мекен таза
Билемин тилегиңди өс-өн деген,
Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн.
Апам ай, каруусунда уктап калсам,
Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
Апам ай, апа десем ыргып турган,
Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган.
Нан жапса күйгөн жерин өзү алып,
Бышканын, даамдуусун мага сунган. (Анатай Өмүрканов)
Балык менен баламды багам
Эки баланын апасы Кымбат Акматбек кызы беш жылдан бери балык сатат. Кымбат 31 жашта. Жолдошу Орусияда эмгектенип жүргөндүктөн бала багуу түйшүгү, үй жумушу баары анын мойнунда.
Азыркы Жаңыл мырзалар
Кыргызстанда кыздар "Сен кызсың да, сен үйдө отурушуң керек" деген сынды көп угушат. Айрыкча спорт тармагында жүргөн кыздар үчүн мырзалар менен теңтайлашуу оор. Ошого карабай, өлкө желегин эл аралык мелдештерде желбиретип жүргөндөрү көп.
Шахриза Халилова тайбокс (WMF) боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча Азия чемпиону жана дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ошондой эле бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Ал кикбоксингде ийгилик жараткан өлкөдөгү саналуу мушкер кыздардын бири.
Эне мекендин түркүгү
Кыргыз-тажик чек арасында жашаган Гүлбүбү Исаева. Билгендер Гүлбүбү апаны чек арачы деп коюшат. Ал абышкасы дүйнөдөн кайтса да, башкалардай үй-жайын сатып баш калаага көчүп келбей, чек арадагы жерин кайтарып жашайт.
Гүлбүбү Исаева 15 жашында турмушка чыккан. Тогуз баланын, 32 неберенин, 22 чеберенин энеси.
Эне билимдүү болсо коом оңолот
Камила Турсуналиева 28 жашта. Балдарга англис тилин жана менталдык арифметиканы үйрөтөт. Бир жыл мурда өзүнүн окуу борборун ачкан. Камила бир уулдун энеси.
- Азыркы аял бир учурда эле көп жумушту жасаганга жетишиши керек. Ооба, үй-бүлөңө да, карьераңа да убакыт табышың керек. Бул оңой эмес. Үйдө отурбай, иштеп, өзүңдү да өнүктүрүшүң керек. Өзүң көп нерсени билбей турсаң, анан кантип балаңа жакшы тарбия бере аласың? Мен күнүнө 6-7 саат иштейм. Кечинде балам менен ойноп, үй жумушун жасап, жолдошумду жумуштан тосуп алам, - дейт Камила Турсуналиева.
Экономиканы түрткөн аял
Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.
Өлүм парс го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн! (Байдылда Сарногоев)
Эне жана нан
Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.
Куурай терип, тезек терип жакканы,
Камданчуубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы. (Турар Кожомбердиев)
Наргиза Бишкектеги наабайканалардын биринде камыр жууруп, аны ийлейт. Жумуш убактысы түнкү саат 2де башталат. Күнүнө 12-14 саат иштейт.
Наргиза 31 жашта. Эки ирет турмуштан жолу болбой, азыр беш баласын жалгыз бой багат. Балдары айылда, ата-энесинин колунда. Тапкан ачкасын аларга салат.
Наргиза балдары менен телефондо гана сүйлөшүп турат.
Мигрант энелер
Мен сени тоодон өскөн шамал деймин,
Кыдырган бул ааламды куунап, эркин.
Сен ошол сапарыңдан аман келгин
Жашоомду жагалданткан, кымбат селким!
Аз күнгө көрбөй калсам илдет чалды,
Сүйүүңө байланышкан айыкмайым.
Мен үчүн андан ашкан милдет барбы
Термелген толкундагы кайыктайым! (Жолон Мамытов)
Учурда расмий маалыматтарга ылайык Орусиянын миграциялык кызматында каттоодо турган 650 миң кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Алардын 40% аялдар түзөт.
Музейдеги эне
Чүрөк Сагынбаева көркөм сүрөт музейинде кийим илгич болуп иштейт. 64 жашта.
20 жылдай курулушта, андан соң ооруканада пол жууп иштеп, эки баласын жалгыз бой чоңойткон. Учурда уулу Орусияда, кызы Түркияда жашайт.
Маянасы аз болсо да азыркы жумушу өзүнө аябай жагарын айтат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.