Гонконг «Регби жети» турнири - 1976-жылы негизделип, учурда регби боюнча дүйнөдөгү беделдүү мелдештердин бири. Ал Гонконгго киреше алып келчү спорттук карнавал болуп эсептелет.
Турнирдин жүрүшүндө майдандагы спортчулардын чеберчилигинен сырткары түрдүү персонаждардын образдарын жараткан регби ышкыбоздорун да көрүүгө болот.
Фижи элинин сүймөнчүгү жана сыймыгы
Бул жылы «Гонконг Регби жети» (Hong Kong Rugby Sevens ) мелдешинин кубогун Фижи аралдарынын курама командасы утуп алды. Бул команда финалдык беттеште Франциянын курама командасын 21:7 эсебинде жеңди. Мелдешке жалпысынан 16 команда катышты.
Ушуну менен Фижинин курама командасы бул мелдеште 19 ирет чемпион болуп жатат.
Фижи аралдарынын картада кайсы жерде жайгашканын көпчүлүк биле бербесе керек. Бирок регби боюнча Фижинин курама командасынын даңкы дүйнөгө эчак эле маалым. Жада калса бул команда Рио-2016 Олимпиада оюндарынын чемпиондугун багынткан.
Учурда Фижинин курама командасы «Регби жети» боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү команда болуп саналат.
Фижинин командасынын күйөрмандары өтө көп. «Гонконг регби жети» мелдешин көрүүгө келген Фижи жарандары да жыл санап көбөйүп жатканын «Фижи Таймс» (The Fiji Times) басылмасынын жетекчиси Роки Али Букш айтып өттү.
«Фижиде регбинин күйөрмандары өтө көп. Анткени команда күйөрмандарын эч качан капа кылбайт. Аларда жеңиштин духу бар. Ошондуктан да Фижи эли өз командасын абдан жакшы көрөт. Фижи командасынын оюнун көрүш үчүн Гонконгго келген адам кадыр-барктуу адам болуп саналат. Андыктан күйөрмандар уюн, автоунаасын сатып бул мелдешти көргөнү келишет» - деди «Фижи Таймс» басылмасынын жетекчиси Роки Али Букш.
Журналисттин айтымында, Фижи аралдарынын ар бир жаранында улуттук курама командасынын футболкасы бар. Баасы 100 доллар болгон футболканы кийип жүрүү Фижи эли үчүн сыймык.
Регби боюнча дүйнөлүк серияга жол ачкан мелдеш
Гонконгдо өткөн бул мелдештин «Регби жетинин» өнүгүшүнө салымы чоң. Андан сырткары «Регби жетинин» 2016-жылы Олимпиада оюндарынын программасына кириши анын кадыр-баркын ого бетер жогорулатты. Алгач «Регби жети» оюнунун келип чыгышына жана эрежелерине токтолсок.
«Регби жети» командалык оюн. XIX кылымдын аягында Шотландия пайда болгон жана ал регби-футболдун бир түрү. Анын айырмачылыгы - мында ар бир командада жетиден оюнчу ойноп, ар бир тайм жети мүнөткө созулат.
Оюндун максаты топту каршылаштын дарбаза сызыгына жеткирүү же Н формасындагы дарбазадан ашыра тебүү болуп саналат. Биринчи болуп топту сызыктан ашырган командага упай берилет.
«Регби жети» оюнунун негиздөөчүлөрү - шотландиялык Нед Хейг менен Дэвид Сандерсон. 1883-жылы алар жергиликтүү клубдун жетекчилерине командадагы оюнчулардын санын жана оюн убактысын азайтууну сунуш кылышкан. Максат мелдешке кеткен чыгымдарда азайтуу болгон.
Дал ушул себептен 1976-жылы Гонконгдо «Регби жети» мелдешин өткөрүү демилгеси колдоо тапкан. Мелдеш үч күнгө созулат. Мырзалардын мелдешине чейин айымдардын таймашы өтөт.
Жыл санап аталган мелдештин популярдуулугу артып, мелдешти стадиондон жандуу көрүш үчүн Гонконгго жылына 100 миңдеген регби ышкыбоздору келет.
«Регби жетинин» күйөрмандары көбөйгөнүнөн улам башында 28 миң кишини батырган Гонконгдун башкы стадиону 40 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылып кайра реконструкцияланган.
«Гонконг регби» (Hong Kong Sevens) мелдеши - бул шаарга киреше алып келген ири мелдештердин бири. Андыктан шаардын жетекчилиги регби күйөрмандары үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылат.
Стадиондун түштүк трибунасына ар дайым майрамды сүйгөн фанаттар чогулат. Алар түрдүү персонаждардын кийимдерин кийип, ырдап-бийлеп, регби көрүшөт. Айрым күйөрмандар бул трибунада отуруш үчүн гана Гонконгго келгенин жашырышпайт. Түштүк трибунасына жашы 18ге жете электер киргизилбейт. Анткени стадиондун ал бөлүгүндө спирт ичимдиктери сатылат.
Ал эми Гонконг «Регби жети» мелдешине жалпы 28 команда катышат. 43 жылдын аралыгында бул мелдешти Фижи (13 жолу жеңүүчү), Жаңы Зеландия (12 жолу жеңүүчү) жана Австралия (алты жолу жеңүүчү) чемпиондукту талашып келет.
1993-жылы Эл аралык «Регби жети» федерациясы дүйнөлүк серия мелдештерин түзгөн. Ал 10 этаптан туруп, дүйнөнүн 10 мамлекетинде - Бириккен Араб Эмираттарында, АКШда, Австралияда, Жаңы Зеландияда, Гонконгдо, Канадада, Сингапурда, Францияда, Түштүк Африка Республикасында жана Англияда өткөрүлөт.
«Регби жети» боюнча дүйнөлүк серия командалардын мелдештерден топтогон упайынын негизинде чыгарылат. Жыл ичинде эң көп упай топтогон командага чемпиондук наам ыйгарылат.
Олимпиада жана «Регби жетинин» келечеги
Учурда «Регби жетиден» 2020-жылы Токиодо өтө турган оюндарга даярдык күч. Дүйнөлүк сериянын жыйынтыгы менен 4 команда Олимпиадага жолдомо алат. Континенталдык чемпионаттарда жеңүүчү болгон дагы алты командага да олимпиадалык лицензия берилет.
Андан сырткары төрт жылда бир жолу дүйнө чемпионаты өтөт. Дүйнө чемпионунун наамы азыр Уэлсте. Ал эми чемпиондук наамды эки иреттен Фижи менен Жаңы Зеландия курама командалары утуп алышкан.
«Регби жетини» жайылтуу максатында ар бир чоң мелдештин алдында өспүрүмдөрдүн мелдештери өткөрүлүп келет. Балдар үчүн атайын фан-зоналар орнотулуп, жеткинчектер пир туткан оюнчусу менен жолугуп, сүйлөшүп, сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
«Регби жети» боюнча өткөн мелдештерге Борбор Азиядан Казакстандын гана курама командасы катышат. Мелдешти уюштуруучулардын бири Сиен Патрик Мооре Кыргызстан менен «Регби жети» уюмунун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөнү менен майнап чыкпай жатканын «Азаттыкка» айтып берди:
«Мындан бир канча жыл мурун Борбор Азияга атайын саякат жасап, Кыргызстан менен Өзбекстанга бардым. Аларга Эл аралык «Регби жети» уюмуна мүчө болуп кирүүнү жана курама командасын мелдештерге катыштырууну сунуш кылган элем. Андан сырткары Борбор Азияда «Регби жетиден» мелдеш өткөрүү максатым бар болчу. Бирок биздин сунуш Кыргызстанда колдоо тапкан жок. Андан соң Казакстанга бардым. Менин сунушумду дароо эле колдоп, Казакстандын улуттук курама командасын «Регби жети» мелдештерине жөнөтмөй болушту. Азыр алар ар бир мелдешке такай катышып жүрүшөт».
Сиен Патрик Мооре Борбор Азия өлкөлөрү ал үчүн дагы эле кызыктуу экенин белгиледи:
«Мен үчүн Борбор Азия дагы эле кызыктуу бойдон калат. Эгер Кыргызстан, Өзбекстан бизге кошулгусу келсе, биз Борбор Азияда өзүнчө меледш өткөрүүгө даярбыз».