"Кырк кыз" долбоорунун кадимки сулуулук сынактарынан айырмасы, мында конкурсанттар улуттук стилде кийинип, кыргыздын каада-салтына ылайык камыр жууруп, кесме кесип, кыргызча ыр ырдап, Курманжан датка, Ажар, Толгонайдын монологдорун айтышты.
Кырк уруунун кырк кызы
Бишкекте «40 кыз» деген аталыштагы кыздардын сулуулук сынагы жыйынтыкталып, 40 райондон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду Аламүдүн районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды.

1
Сынакка катышкан кыздар керек болсо жаа атып да жарышты.

2
"Кырк кыз" долбоору 11-мартта башталды. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын 40 районунан 17-25 жаштагы 40 кыз тандалып алынган.

3
Сынакка катышкан кыздар элдин алдына боёксуз, нукура жүзү менен чыгары айтылган.

4
11-мартта кыздар "Кыргызтест" мекемесине барып, кыргыз тили боюнча өз билимин текшерип сынактан өтүшкөн.

5
12-мартта кыздар камыр жууруп, кесме кесүү боюнча таймашты. Мындай сулуулук сынаган буга чейин Кыргызстанда өтө элек болчу.

6
Долбоордун акыркы бөлүгү Спорт ордосунда өтүп, мында кыздар бий бийлеп, ыр ырдап, билген өнөрүн көрсөтүштү.

7

8
Сынакка катышкан кыздардын ар биринин өзүнүн дизайнери жана насаатчысы болду.

9
Кырк кыздын саламдашуусу эки саатка созулду.

10

11

12
Кыздар көп учурда Курманжан датка, Толгонай, Ажардын монологдорун айтышты.

13
Ажардын монологун айтып жаткан кыз.

14
Кыздар колунан келген өнөрүн көрсөтүп жатты. Айрымдары ырдап - бийлесе, кээ бири бир мүнөттө калпак кантип тигүү керектигин көрсөттү.

15

16
Сахнаны көркүнө чыгарган апалар.

17

18
Жети дубандан чогулган калыстар тобу. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев да болду.

19

20