“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында өкмөт ийгилик жараткан спортчуларга жеткиликтүү көңүл бурбай жатат деген нааразычылык көбөйүүдө.
Экологияны коргоо акциясына чыккандар кыргыз өкмөтүн табиятка кайдыгер карап жатканы үчүн айыпташты.
Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.
Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 5-орунду ээлеп, 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн болгон беттеште казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.
Казакстандын борбору Нур-Султанда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Орусиянын Санкт-Петербруг шаарында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары футболдук клуб түзүшкөн. Командада 12 футболчу бар.
Кыргызстанда экстремалдуу эс алууну каалагандар көбөйүүдө. Бийиктен секирүү, аскага чыгуу, рафтинг, парапланда учуу өңдүү өзгөчө чер жазып эс алуунун түрлөрүн Бишкектен алыс кетпей эле тапса болот.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде, Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы үчүн 2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталат. Мында ак шумкарлар Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын курама командасы менен беттешет.
2019-2020-окуу жылы Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирет.
Эгемендиктин 28-жылдыгын урматына Бишкекте салтанаттуу иш-чаралар өттү.
Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына туура 28 жыл толот. "Азаттык" датага байланыштуу өлкөдөгү карапайым инсандардын сүрөттөрүн чогултту. Сүрөттөр 2015-2019-жылдар аралыгында тартылган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошотту.
Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү болду.
Өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев тараткан видеокайрылуу териштирилип жатат.
«Академия-Лидер» футбол клубунун 22 жаштагы оюнчусу жол кырсыгынан каза болду.
Бишкекте теннис боюнча «Sunrise Open» − 1 эл аралык мелдеши өтүп жатат. Ага 10 мамлекеттен 103 теннисчи катышууда.
Дагы жүктөңүз