Кечээ Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттеште жеңишке жеткен.
Жарым финалда беттеште Айсулуу Тыныбекова түндүк кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык балбан кыз.Тарыхты өзгөрткөн Айсулуу
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта алтын байге үчүн таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.
![Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду](https://gdb.rferl.org/4dac305e-a174-4860-8bcc-9aff121ad2d1_w1024_q10_s.jpg)
1
Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду
![Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткандан кийин. ](https://gdb.rferl.org/a0b45301-78d4-49e9-a974-c17f3d6f3e01_w1024_q10_s.jpg)
2
Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткандан кийин.
![Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти](https://gdb.rferl.org/3a33384a-089d-4075-890c-6d7a52daf2b4_w1024_q10_s.jpg)
3
Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти
![Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган](https://gdb.rferl.org/1a74e007-c551-413a-88f6-0891380ff8e3_w1024_q10_s.jpg)
4
Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган
![](https://gdb.rferl.org/aaf95471-7f55-409b-bc67-0c190cbac0bd_w1024_q10_s.jpg)
5
![Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.](https://gdb.rferl.org/5ad371b7-09f2-4513-8495-28e6c2f801dd_w1024_q10_s.jpg)
6
Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
![Кыз-келиндер арасындагы мелдештерде Айсулуу Тыныбекова төрт беттеште жеңишке жетти.](https://gdb.rferl.org/fd0e7855-7ff4-47e4-8799-bbc4e07f7df8_w1024_q10_s.jpg)
7
Кыз-келиндер арасындагы мелдештерде Айсулуу Тыныбекова төрт беттеште жеңишке жетти.
![Тыныбекова менен түндүк кореялык Жоң Сим Рим менен күрөшүп жаткан учуру.](https://gdb.rferl.org/560cf3f6-5962-491d-ad81-6aad0d523b28_w1024_q10_s.jpg)
8
Тыныбекова менен түндүк кореялык Жоң Сим Рим менен күрөшүп жаткан учуру.
![Aisuluu Tynybekova](https://gdb.rferl.org/704e9a48-5dbe-488b-92e7-7441bbe127da_w1024_q10_s.jpg)
9
Aisuluu Tynybekova
![Балбан кызды колдоп келген күйөрмандар.](https://gdb.rferl.org/146bc633-f35c-4c65-a5f8-9ecb527241dd_w1024_q10_s.jpg)
10
Балбан кызды колдоп келген күйөрмандар.
![62 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Тыныбекова мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңген. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, аны да жеңди. ](https://gdb.rferl.org/14ddf10c-cc40-4e79-bfaa-8b4ba6b09101_w1024_q10_s.jpg)
11
62 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Тыныбекова мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңген. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, аны да жеңди.
![Айсулуу жана анын атаандашы Жоң Сим Рим беттештен соң.](https://gdb.rferl.org/f1defff3-66de-4014-8ce5-f79804e65574_w1024_q10_s.jpg)
12
Айсулуу жана анын атаандашы Жоң Сим Рим беттештен соң.
![Тыныбекованын чейрек финалдык беттеши. Мында украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык таймашта күч сынашууга укук гана эмес, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды. ](https://gdb.rferl.org/df9c010e-ec6a-461b-ba18-4beac2d5e8eb_w1024_q10_s.jpg)
13
Тыныбекованын чейрек финалдык беттеши. Мында украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык таймашта күч сынашууга укук гана эмес, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.
![Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан кыргызстандык алгачкы балбан кыз.](https://gdb.rferl.org/9c17e9d3-6a9f-4685-a122-3a47927cb23a_w1024_q10_s.jpg)
14
Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан кыргызстандык алгачкы балбан кыз.
![Жарым финалдык беттештин биринчи айлампасында Тыныбекова беш упай менен алдыга чыкты. Экинчи айлампада дагы эки упайга ээ болуп, жеңишин бекемдеди.](https://gdb.rferl.org/8a3072a5-1f53-49e6-aaa6-8b4392a95cc1_w1024_q10_s.jpg)
15
Жарым финалдык беттештин биринчи айлампасында Тыныбекова беш упай менен алдыга чыкты. Экинчи айлампада дагы эки упайга ээ болуп, жеңишин бекемдеди.
![](https://gdb.rferl.org/a1b07e02-2ed7-4453-a811-96489a22f466_w1024_q10_s.jpg)
16
![Жарым финалга чейин Айсулуу Тыныбекова үч беттеш өткөргөн.](https://gdb.rferl.org/b5d1580a-42ea-4614-be0b-82061eb304c7_w1024_q10_s.jpg)
17
Жарым финалга чейин Айсулуу Тыныбекова үч беттеш өткөргөн.
![Айсулууну колдогон күйөрмандар.](https://gdb.rferl.org/04fde5ec-5ce4-477b-b7da-3476cfad74b8_w1024_q10_s.jpg)
18
Айсулууну колдогон күйөрмандар.
![Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.](https://gdb.rferl.org/0c4f96ed-c780-4c93-9fc5-df0660e48d43_w1024_q10_s.jpg)
19
Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.
![Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков (ортодо) Айсулуунун күрөшү учурунда. ](https://gdb.rferl.org/f8b8f71c-77fa-478d-b92e-631f56870b1a_w1024_q10_s.jpg)
20
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков (ортодо) Айсулуунун күрөшү учурунда.