Азимбек Бекназаровдун айтымында, мындай демилгенин көтөрүлүшүнө азыркы бийликтин ыңкылап койгон талаптарды толук аткарууга кудуретсиз болуп жаткандыгы түрткү берди. Анын оюнда, жаңы бийлик мурдагы бийликти кызматтан кетирип, анын ордун ээлөө менен гана чектелип, эл үчүн реформа жасоону каалабай жатат:
- Бул бийлик жаңыланууну да каалабаганын көрсөттү. Айрыкча, кан төгүлүп, улуттук трагедияга айланып калган Аксы окуясын аягына чыгара албаган бийлик реформа жүргүзөбү? Жаңылануу жүргүзөбү же кечээки коррупциячыларды жоопко тартабы?
Азыркы бийликке ачык оппозицияга чыккан Бекназаров курултай өткөрүүгө ыңкылаптын бешиги саналган Жалалабад облусунун Кочкората шаарчасы ыңгайлуу деп эсептейт. Ал жерде чыныгы ыңкылапчылар жана алардын талаптарына үндөш талаптарды коюп жаткан реформачылар менен кеңешип, чечим кабыл алуу ою бар:
- Акаевди отставкага жеткиздик. Бирок, реформаларды эл үчүн жүргүзө алган жокпуз. Ошонун экинчи бөлүгүн азыр «Реформалар үчүн» кыймылы мойнуна алып, эки жолу митинг өткөрүп, он пункттан талап коюп атат. Биз толугу менен сиздер менен биргебиз. Кошулабыз.
«Акаевге отставка жана эл үчүн реформадан» «Кыргызстан элдик кыймылына» чейин чогуу жеткен саясий лидерлер жана партиялардын ичинен бийликке ачык каяша айткан «Асаба» партиясы болду. Кыймылдын башкы саясий күчтөрү саналган «Жаңы Кыргызстан», «Эркиндик», Кыргызстан коммунисттик партиялары ыңкылапка тиешеси жок же кыйыр тиешеси бар башка саясий партиялар, коомдук уюмдар менен бирге азыркы бийликтин саясатын колдогон «Куттуу Кыргызстан» жаңы кыймылын түзүшкөн. Эки тарапка тең калыс калган партиялардын бири «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев курултайга партия катышпай тургандыгын минтип түшүндүрдү:
- Биз курултайга катышпайбыз. Анткени, биз коммунисттер орточул позицияда туруп атабыз. Буларды терең изилдеп, анан өз жообубузду айтабыз.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков мындай жыйындарды колдбойт, бул өңдөнгөн саясий оюндар элдин тиричилигине, өлкөнүн экономикасына доо кетирет дейт:
- Мен кээ бир саясатчыларга толук кошулам, бу жерде эл-эл деп, элге жамынып алып сүйлөгөндөр көп. Мунун бир эле ою бар, ушу такка барып отуруш. Такка барып отуруш да оюнчук эмес да. Муну эл колдош керек. Экинчиден, алла таала пешенесине жазыш керек.
Анткен менен, «Асаба» партиясынын курултай өткөрүү демилгесин «Реформа үчүн кыймылы» колдомой болду.
- Биз сөзсүз бул курултайдын жумушуна катышабыз. Бирок, конкреттүү иш чаралар боюнча макулдашыла элек. Анткени, Бекназаров иш сапарында. Ал командировкадан келгенден кийин биз бирдиктүү билдирүү жасайбыз, - деди кыймылдын теңтөрагаларынын бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери Өмүрбек Текебаев.
Азимбек Бекназаров учурда төрага катары Ысыккөлдө жумушчу топтун курамында Конституциянын жаңы долбоорун жазып жаткандыгы маалымдалды. Курултайдын форматы, мөөнөтү, талкууланчу маселелер боюнча коомчулукка ушул аптанын аягында маалымдалаары күтүлүүдө.