Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

КЫРГЫЗ-АМЕРИКАЛЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН БИРИНЧИ БАСКЫЧЫ АЯКТАДЫ


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын аба-аскер күчтөрүн Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча жаңы келишим долбооруна байланышкан сүйлөшүүнүн биринчи этабы соңуна чыкты, бирок, аталган маселе боюнча кандайдыр бир жыйынтык айтуу али эртелик кылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди. Министрдин айтымында, талкуунун негизин экологияга, салыкка, коопсуздукка, ижарага байланышкан маселелер түзүүдө. Роберт Лофтес баштаган америкалык делегация Вашингтон менен акылдашкандан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы уланат. Анын мөөнөтү кошумча такталат. Америкалык делегация бүгүн мекенине кайтмакчы.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG