Чатактын ырбашына коргоо министрлиги буга чейин ээлеп келген бир нече иш бөлмөнү бошотууну милдеттендирген Жогорку Кеңештин чечими түрткү болгон. Министрликтин байланыш башкармалыгы жайгашкан имаратка кирүүгө тыюу салынган алгачкы күнү кечинде коргоо министринин биринчи орун басары Замир Молдошевдин жетегинде беш аскерий автоунаа аскерлери менен имаратка келишкен. Бул аракет жетекчилик тарабынан уруксатсыз кирүүгө аракет эмес, аскерий машыгуу катары чечмеленген. Мындай пикирин кийинчерээк министр Исмаил Исаков өзү да билдирген.
Талкуу учурунда белгилүү болгонго караганда, имараттан Коргоо министрлигинин структурасын чыгаруу аракети Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун тапшырмасына ылайык анын орун басарларынын бири Кубанычбек Исабеков тарабынан жасалган. Кубанычбек Исабековдун айтымында, Коргоо министрлигинин бир структурасы имараттын иш бөлмөлөрүн узак жылдардан бери мыйзамсыз ээлеп келатат. Аны бошотуу үчүн Жогорку Кеңеш мыйзам чегиндеги аракеттерди жасап, президенттин администрациясынан макулдук алгандан кийин, бир айлык эскертүү мөөнөтү бүткөн күнү Коргоо министрлигинин кызматкерлерин имаратка кирүүгө тыюу салып койгон. Себеби, совет мезгилинде жайгашкан министрликтин илимий-изилдөө институтун өкмөт жойгон. Коргоо министрлигинин структурасын өз имаратына алып кетүүгө байланыштуу 1995-жылы кыргыз өкмөтү, 2001-жылы Жогорку Кеңеш чечим чыгарган:
- Эң кызыгы – ошол илим-изилдөө институтун өкмөт жойгондон кийин бул жерде эч ким болбошу керек болчу. Коргоо министри өз буйругу менен байланыш башкармалыгын отургузуп койгон. Өзүңөр билесиңер ушу жерде Исаков кандай кыйкырганын: «жучок» койду, тигиндей-мындай кылды деп! Эми министр болгондо өңү-түсү өзгөрүп калганбы? Кайра келип алып калтырыш керек деп атат.
Исабеков Коргоо министрлигинин бөлмөлөрү аркылуу депутаттарга каршы тыңшоочу аппараттар иштеп жатышы ыктымал деп болжойт. Мындай көз карашты башка депутаттар да бөлүштү.
Мындан эки жыл илгери Жогорку Кеңештин оппозициячыл алты депутатынын иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылгандыгы тууралуу маалымат тарап, бул коомдук-саясий чөйрөдө олуттуу ызы-чуу жараткан. Ошондуктан, Жогорку Кеңеш төрага орун басары Тайырбек Сарпашев чын эле тыңшагыч аппараттар ушу тапта бар же жок экенин иликтеп чыгуу түзүлө турган комиссиянын негизги милдеттеринин бири деп эсептеди:
- Коргоо министрлиги биринчи августта эле эмес, андан кийин да улам-улам кирүүгө аракет кылды. Анан мени дагы депутат катары чын эле тыңшоочу аппараты болуп жүрбөсүн деген ойго түртүп атат. Ошо күндөн ушу күнгө чейин кире элекпиз. Ошондуктан, байланыш боюнча да комиссияга атайын адистерди тартсак. Экинчи жагы, саясий жагынан да көп маселе болуп жатат. Армиянын курал жарак менен келгени, автомат колдоном деп келгендери, команданы ким бергени. Бул жалаң эле техникалык эмес, саясий маселе болгондуктан, буга саясий баа дагы беришибиз керек.
Комиссия түзүү зарылдыгы жок деп эсептегендердин бири депутат Искак Масалиев комиссиядан мурда жагдайды жакшылап териштирип чыгууну сунуштады. Депутат Сооронбай Жээнбеков комиссия түзбөсө деле буга чейинки топтолгон документтер кандайдыр бир чечим кабыл алууга жетиштүү дейт. Анын оюнда бул маселеге олуттуу маани берүү керек:
- Коргоо министрлиги армияны колдонгонго укугу жок. Президент гана башкы командачы катары буйрук бере алат.
Сөз алган депутаттардын айрымдары Коргоо министрлиги өзү баш ийген бийлик бутагына «тиш» көрсөтүп, мыйзамды одоно бузду деп чыгышты. Коргоо министрлигинин аракеттерин кескин сынга алган депутаттар комиссия түзүүнү, анын жыйынтыгы боюнча министр Исмаил Исаковдун ээлеген ордуна ылайык же ылайык эмес экендигин таразалап, чечим чыгарууга чакырышты. Коргоо министрлигин реформалоо, анын башына аял жетекчини алып келүү маселелери да көтөрүлдү. Көпчүлүк добуш менен беш кишиден турган парламенттик комиссия түзүлүп, төрагалыкка депутат Каныбек Иманалиев дайындалды.
Анткен менен бул тирешүүнүн артында мекемелер аралык талаш-тартыш эмес, жеке саясий кызыкчылыктар жатат деген депутаттар да болушту. Депутат Муратбек Мукашев, маселен, окуяны депутат болгон саясатчылар менен өтпөй калгандардын ортосундагы кармаштын уландысынын бир көрүнүшү катары баалады.