Кыргызстандын баш мыйзамынын долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топ август айынын башында президентке кыргыз тилинде жазылган эки долбоорду сунуштамай болду. Бул тууралуу 5-май Конституция күнүнүн алдындагы жолугушууда тараптар макулдашты.
Кыргыз өкмөтүнүн он төрт мүчөсүнүн кызматтан кетүү аракетин саясий чөйрө ар кыл өңүттө талкуулап жатат. Саясатчылардын бир даары муну өкмөт менен парламент ортосундагы саясий оюн катары баалашса, айрымдары бул кадамы аркылуу бийлик өзүнүн жөндөмсүздүгүн дагы бир ирет көрсөттү деп сындашууда.
«Реформа үчүн» кыймылы 29-апрелдеги митингге коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, реформаларды тездетүү өңдүү он талап алып чыккан. Келерки митингде бул талаптарга Бакиев-Кулов тандеминин отставкасы кошулат.
Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоодо көпчүлүк добуш алган Рысбек Акматбаевге мандат берүү маселеси бүгүн түштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын кезексиз отурумунда каралат. Буга БШКнын бир катар мүчөлөрүнүн төрагага кайрылуусу түрткү берди. Муну айрым саясатчылар президенттик администрациясынын кысымы катары чечмелешүүдө.
Кыргыз өкмөтүнүн он төрт мүчөсү кечээ кызматтан кетүү тууралуу арыз менен президент Курманбек Бакиевге кайрылып, бирок, колдоо тапкан жок. Министрлердин демилге көтөрүшүнө өкмөт мүчөлөрүнүн сексен пайызына парламенттин канагаттандырарлык эмес баа бериши түрткү болду.
АКШ баштаган антитеррордук коалиция “Манас» аба майданында аскер базасын жайгаштыруунун жаңы шарттарын кабыл алууну создуктура берсе, Кыргызстан биринчи июндан кийин мурдагы келишимди бир тараптуу токтотууга барышы ыктымал. Президент Курманбек Бакиев 19-апрелде улуттук телекөрсөтүү аркылуу ушундай билдирүү жасады.
Эгер президент Курманбек Бакиев өлкөнү реформалоо аракеттерине чукул киришпесе, 29-апрелден кийин ага дагы жаңы талаптар коюлат. Митинг өткөрүү штабынын мүчөлөрү бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Бирок, президент мындай талаптарды митингдер аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырууда.
Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр бийликтен кадр саясатындагы баш аламандыкка чек коюуну талап кылышууда. Талап аткарылбаса президентке импичмент жарыялоого чейинки кадамдар жасалыш ыктымалдыгын 17-апрелде экс-төрага Өмүрбек Текебаев билдирди.
«Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын лидери Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салуу аптадагы олуттуу окуя болду. Бул окуя Кыргызстандын эле эмес, эл аралык коомчулуктун да көңүлүн бурду. Алардын бири бул кол салууну бүтүндөй жарандык коомго чабуул катары сыпатташса, айрымдары расмий бийликти кылмыш дүйнөсүнүн алдындагы алсыздыгы дешти. Кандай болгон учурда да укук коргоочу дароо саясий фигура катары бүтүндөй коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, башкы темага айланды.
№69 Балыкчы шайлоо округунда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Рысбек Акматбаевди депутат катары каттоону Борборшайлооком соттук териштирүүлөр соңуна чыккыча убактылуу токтотту. Төрага Туйгунаалы Абдыраимов бүгүн ушундай билдирүү менен чыкты. Ушул эле маалымат жыйынында төрага Рысбек Акматбаев аны жана айрым БШК мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп жаткандыгын кабарлады.
Кыргыз бийлиги март ыңкылабы алдыга койгон талаптарды аткарууга киришмейинче нааразылык акциялары токтобойт. «АКИпресс» агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында жарандык коомдун, саясий партиялардын айрым өкүлдөрү ушундай билдирүү жасашты. Алар мамлекет башчыны элдик ыңкылап алдыга койгон талаптарды чукул аткарууга чакырышты.
Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдары менен саясий партиялар тынч максатта жөө жүрүш жана митинг өткөрүү камын көрүп жатышат. Сегизинчи жана он экинчи апрелде өтөрү күтүлүп жаткан бул акцияларда өлкөдө мыйзамдуулукту сактоо, кылмыш дүйнөсү менен бийликтин кошулуп кетишине жол бербөө ураандары чакырылат.
Жерүй алтын кенинде жумушсуз калган жарандар 8-апрелде Талас шаарында бийликтен убадасын аткарууну талап кылып, нааразылык чарасын уюштурган жатышат. Буга чейин Жерүй алтын кенинин жумушчуларынын жоон тобу бир нече күн Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында пикетте турушкан.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Ян Кубиш бүгүн Кыргызстанга cаясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушаары күтүлүп жатат. Евробиримдиктин өкүлү Бишкекке кечээ үч күндүк сапар менен келген.
Бүгүн Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Ян Кубиш бүгүн Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында өкүл мамлекеттик жетекчилер, саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушаары күтүлүүдө.
Рысбек Акматбаевдин Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердик укугун калыбына келтирген Биринчи май райондук сотунун чечими негизсиз. БШК төрагасы дүйшөмбү күнү ушундай билдирүү менен чыкты. Анын айтымында, Жогорку Сотко кайрылууну чечкен Боршайкомго Биринчи май райондук соту тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат.
№69 Балыкчы шайлоо округунан талапкер болуп катталган Рысбек Акматбаевдин жарышка катышуу укугунан ажыратылышы өтүп бараткан аптадагы коомчулуктун көңүлүн бурган ири окуя болду. Мындай чечимди кабыл алууда башкы орунду Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдыраимов ээледи. Кыйла убакыттан бери арабөк келаткан бул маселеге байланыштуу шайлоо комиссиясынын жана тиешелүү тараптардын өкүлдөрүнүн күтүүсүз чакырылышы байкоочуларда ушундай пикирди жаратты.
Бүгүн Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери Бишкекте нааразылык акциясын уюштураары күтүлүп жатат. Рысбек Акматбаевдин депутаттык жарыштан чыгарылганына нааразы болуп Балыкчы шаарында жана Ысыккөл районунун бир нече айылында көчө акциясына чыккандар кечээ кечинде ушундай чечим кабыл алышкан болчу.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн №69 Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан Рысбек Акматбаевди талапкердик укугунан ажыратты.
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Карел де Гухт кечээ кечинде Бишкектен Ашкабадка сапар алды. Таанышуу сапарынын алкагында Кыргызстанда ал расмий бийликтин, коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Иш сапардын соңунда төрага журналисттер үчүн пресс-конференция уюштурду.
Дагы жүктөңүз