Кечээ Жогорку Кеңештин комитет төрагалары премьер- министр Азим Исабековдун катышуусунда кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө байланышкан маселени талкуулашты. Премьер-министр парламенттин сунушунун негизинде бүгүн (бейшембиде) парламентке структуранын долбоорун сунуштоону убада кылды.
Президент Курманбек Бакиев бүгүн Конституциянын жаңы редакциясына кол койду. Парламент 30-декабрда кабыл алган бул баш мыйзам эми маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирмекчи.
Баш мыйзамдын президенттин кол коюусуна сунушталган нускасы менен парламент 30-декабрда кабыл алган нускасынын ортосунда ыйгарым укуктарга байланышкан олуттуу айырмачылык бар. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бүгүн ушундай мазмундагы билдирүү жасап, президентти кол койбоого чакырды. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы 31-декабрдан бери президенттин кароосунда турат. Бейшембиде өткөн Коопсуздук кеңеши бул документке кол коюуну президентке сунуштаган болчу.
Бишкек-Стамбул сапарында Жогорку Кеңештин депутаты, «Социал-Демократтар» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Темир Сариевдин ири өлчөмдөгү акча менен кармалып, ал факт боюнча башкы прокуратура 9-январда кылмыш козгогон. Кыйла байкоочулар бул окуя депутат Темир Сариевге саясий упай топтоп, ал аркылуу оппозиция өзүнө коомчулуктун көңүлүн дагы бир ирет бурдура алды деп жатышат.
Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда визасыз каттам жөнүндөгү алтымыш күндүк макулдашуу жакында күчүнө кирет. Президенттин басма сөз кызматы Кыргыз парламенти ратификациялаган бул макулдашууга президент Курманбек Бакиев кол коюу алдында турганын кабарлады. Өзбек парламенти ратификациялаган аталган документке президент Ислам Каримов шаршемби күнү кол койгондугу мурда кабарланган. Эки тышкы иштер министрликтери кол коюлган документтер боюнча нота алмашкан соң, алар расмий күчүнө кирмекчи.
Жогорку Кеңеш «Аскерий уюмдарга парламенттик көзөмөл жөнүндө» мыйзам кабыл алды. Ага ылайык эми парламентте аскерий мекемелерге көзөмөл жүргүзүү боюнча өкүлчүлүк түзүлүшү керек. Бирок, аталган мыйзамды бир катар депутаттар артык баш демилге катары сындап жатышат.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевге байланышкан факт боюнча кылмыш козгоду. 9-январда атайын кызматтын өкүлдөрү Темир Сариев жүз миң доллар каражатты каттабай туруп чет өлкөгө чыгарып баратат деген негиз менен «Бишкек-Стамбул» аба сапарынан кармашкан. Бул окуяны Сариев муну бийликтин куугунтугу катары чечмелеп эч кандай мыйзам бузбагандыгын билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев жүз миң долларды каттоосуз Кыргызстандан чыгарып баратат деген шек менен 9-январда «Манас» аба майданында кармалган. Ушул эле күнү депутат мындай маалыматты төгүндөп, окуяны бийликтин кезектеги чагымы катары сыпаттады.
Кыргызстандагы оппозициячыл саясатчыларга каршы чагымчыл аракеттер күчөдү. «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Билдирүүгө Бишкек-Стамбул сапарына чыккан депутат Темир Сариевден жашыруун алып чыгып бараткан жүз миң доллар табылгандыгы жана депутат Өмүрбек Текебаевдин атынан экс-президенттин дарегине жазылган каттын таратылышы негиз болду.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында өкмөт сунуштаган мыйзамдарды январь айындагы күн тартибине киргизген жок. Бул өкмөттүн жаңы курамы бекий электиги менен негизделди. Учурда өкмөттүн курамы качан сунушталаары, Конституциянын 30-декабрда кабыл алынган жаңы редакциясына качан кол коюлары бүдөмүк бойдон турат. Парламенттин тагдырын чечүү максатында 30-декабрда башталган Коопсуздук кеңешинин отуруму ушул аптада уланары болжолдонду. Саясий күчтөр да президент баштаган аткаруу бийлигинин кезектеги жүрүшүн күтүү ыңгайында турушат.
30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы ушул аптанын башкы көйгөйү болду. Майрам күндөргө тушуккан бул окуянын айланасында талкуу уланган жок, саясий чөйрө апта бою күтүү ыңгайында турду. Талдоочулар болсо саясий кырдаалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын болжоп жатышат.
Быйыл өткөн жылдагыдай март ыңкылабы өңдүү дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган саясий чоң окуя Кыргызстанда катталган жок. Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү, парламент менен президенттин бир пикирге келе албай коюшу, анын айланасындагы талаш-тартыштар жыл этегине чейин ырааттуу уланып келди. Бул жылы «Реформа үчүн!» кыймылына таасирдүү саясатчылардын тобу баш бириктирип, алар бийликке каяша айтып, апрель, май, ноябрь айларында үч ирет массалык митинг өткөрүштү. Анын тыянагы Конституциянын жаңы редакциясынын чукул кабыл алынышын шарттады.
Кочкор аймагында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча Бишкекте жана Кочкордо штаб түзүлүп, «Кыргызстан» банкында атайын эсеп ачылды.
Конституциянын жаңы редакция долбоорун авторлор тобу бейшемби күнү парламентке экинчи ирет сунуштоо чечимине келишти. Муну оппозициялык депутаттар мыйзамга да, ыйманга да сыйбай турган жорук дешип, кескин сындашууда. Байкоочулар Конституцияны кайра-кайра өзгөртүү Кыргызстандын саясий аброюна доо кетирип коет деп чочулап жатышат.
Кыргыз парламентин таркатуу маселеси парламентте бүгүн кайрадан көтөрүлдү. Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун сунуштаган депутаттардын бир кылкасы кырдаалдан чыгуунун мындан башка аргасы калбай калганын айтып чыгышты. Парламент азыр өзүн өзү таркатууга даярбы жана ал саясий айдыңда кандай өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн?
Бул аптада кыргыз өкмөтү толук курамында кызматтан кетти. Бул саясий окуяга жалгай Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кайрадан иштелип чыкты. Саясий айдыңдагы мындай дүрбөлөңдүү окуялар коомчулукта бийлик талаштан келип чыккан кезектеги саясий оюн катары сыпатталды.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик башкаруудагы түзүлгөн саясий туңгуюктан чыгуу үчүн Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу керек деген демилге көтөрүп, жаңы долбоор парламентке таратылуу алдында турат деп жарыялашты. Депутаттардын экинчи тарабы мындай демилгени президенттин бийлигин күчөтүү максатындагы соодалашуу катары баалап жатышат. Бирок, аталган демилге парламентте расмий сунуш катары ачыктала элек.
Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары жабык кеңешме өткөрүп, анда парламентти таратууга мыйзамдык негиз жок деген тыянакка келишти. Өкмөт өзүнүн бийликтен кетишин реформаларга жол ачуу максаты менен байланыштырып, бул кадам парламентте партиялык тизме менен кайра шайлоо өткөрүүгө жол ачат деген үмүтүн билдирген. Депутаттар өкмөттүн кызматтан кетишин жоопкерчиликтен качуу катары баалашып, бул парламентти эч кандай кризиске алып келбей тургандыгын эскертишти.
Премьер-министр Феликс Кулов баштаган өкмөттүн кызматтан кетүүсү ар кыл түкшүмөлдөрдүн жаралышын шарттаган чукул окуя болду. Талдоочулар президент Курманбек Бакиевдин колдоосуна арзыган бул чечимдин артында Феликс Кулов баштаган өкмөттүн кеңейтилген курамын кайра бийликке алып келүү максаты менен байланыштырса, айрымдары муну парламентти таркатуу кызыкчылыгына жорушууда. Саясатчылардын кээ бири өкмөттүн кызматтан кетишин ойлонулбай жасалган опурталдуу кадам катары сыпатташат.
Кыргызстан келерки жылы Өзбекстан газынын миң куб метрин жүз доллардан сатып алууга макулдук берди. Тараптар бул маселени шаршембиде Ташкенде вице-премьер министрлердин деңгээлинде макулдашты. Октябрь айынан бери уланып келаткан сүйлөшүүлөрдүн мындай тыянагын кыргыз тарап жетишкендик катары баалады. Өлкө өтүп бараткан жыл үчүн газды Өзбекстандан 55 доллардан сатып алып жагып жатат.
Дагы жүктөңүз