41 депутаттан турган авторлор тобу өлкөнү саясий чаташуудан чыгаруунун мындан башка жолу жок деп жатышат. Ошондуктан, алар Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алмайынча тынчышпай тургандыктарын айтышууда:
- Башка бизде жол жок. Себеби, жетимиш депутаттан башка дагы беш миллион элибиз бар. Элдин эртеңки келечеги, мамлекеттин келечеги, экономикалык өсүп-өнүгүшүнө бүгүн биздин түздөн-түз жасап аткан жумуштарыбыздын таасири тийип калышы мүмкүн.
Депутат Камчыбек Ташиев кечээ ушундай билдирүү жасады. 9-ноябрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча баш мыйзамга өзгөртүүлөр Конституциялык Соттун уруксатынын негизинде үч айдан кем эмес, алты айдан ашпаган учурда парламент тарабынан киргизилиши керек. Демилгечилер мыйзамдык талаптардын аткарылбагандыгынын себебин учурдагы саясий кырдаал, Конституциялык соттун толук курамын парламент дайындабай жаткандыгы менен түшүндүрүшүп, 9-ноябрдагы Баш мыйзамдын кабыл алуу тартибин мисалга келтирип жатышат. Баш мыйзамдын ноябрдагы жаңы редакциясынын авторлору, «Реформа үчүн» кыймылына мүчө депутаттар азыркы менен ноябрдын башындагы кырдаалды салыштыруу мүмкүн эмес, азыр абалдан чыгуунун башка жолдору бар дешет:
- Көбү айтат, силер ноябрда бир эле күндө алып койбодуңар беле деп. Ал кездеги Конституция бизге мүмкүндүк берген. Азыркы кездеги Конституцияда биз ошол мүмкүнчүлүктү дагы жаап, мындан кийин референдум жолу менен парламент аркылуу тиешелүү эрежелер менен гана кабыл алыныш керек деген норма киргизгенбиз, - дейт депутат Текебаев:
Айрым саясатчылар ноябрда кетирилген калпыстыктар Баш мыйзамдын кадырын кетирип жатканын айтышууда. «Улуу Биримдик» саясий партиясынын лидери Эмилбек Каптагаев мына ушундай көз карашты сап кармайт:
- Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү аябай жеңилдетип салышкан. Конституцияга өзгөртүү киргизүү бул абдан тозок, көптөгөн, узакка созулган талкууну талап кылган иш болушу керек. Ошондо биз саясий маданиятыбызды Конституцияга калыптандырып жашаганга көнмөкпүз. Азыр тескерисинче, азыркы саясий маданиятыбызга Конституцияны ылайыктап атабыз.
Экс-депутат Ташболот Балтабаевдин баамында президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик мындай аракеттерге киришпегени чын болсо, жол бербеши керек. Баш мыйзамга мындай мамиле келечекке кедерин тийгизер, опурталдуу жорук дейт:
- Бул кыргыз саясатына жакшы эмес салтты түзүп коебу деген коркунуч бар. Бүгүн болбосо эртең башка президент келет, ал дагы жакын депутаттары менен өз варианттарын сунуштап, парламентти опур-топур кыла бергенде Кыргызстандын эл аралык саясий барк-баасы түшүп калат. Банан республикасы деген ошол болот да.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясын карап жаткан конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы, Искак Масалиевдин ишениминде жаңы долбоор Конституция кабыл алынса эле бардыгы орду-ордуна коюлуп калат:
- Бүгүн биз Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алсак. Президент кол койсо парламентти да таратканга негиз болбой калат. Депутаттар ачууланганы болбосо негиз калбайт.
Жаңы долбоордогу негизги өзгөрүү катары президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтилгендиги айтылууда. Муну оппозиция президент Бакиевдин бийликти парламенттин колу менен өзүнө менчиктөө аракети катары баалоодо. «Реформа үчүн!» кыймылы жеке бийликке алып бара турган аракеттерге жол бербеш үчүн нааразылык акцияларына чейин барарын билдирди.