Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

ДЕПУТАТТАР ИНТЕРНЕТТИН ОРДУН КӨРГӨЗГӨН ЖАТЫШАТ


Жогорку Кеңеш «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатат. Долбоор электрондук мейкиндик аркылуу таратылган маалыматтарды иретке келтирүү максатын көздөйт. Бирок, аталган долбоорду укук коргоочулар кескин сынга алып, демилгечилерди ачык диалогго чакырып жатышат.

Электрондук маалымат каражаттарын иретке келтирүү максатын көздөгөн долбоор Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен колдоо таап, учурда парламенттин кароосун күтүп турат. Демилгечи депутат Алишер Сабиров долбоордун максатын «Азаттыкка» төмөнкүдөй чечмеледи:

- Биз улуттар аралык, диндер аралдык, аймактар аралык бөлүп-жарууну камтыган маалыматтар үчүн адамдар жоопко тартылып калбасын деп, интернеттеги ар кандай жалаа жапкан, мазактаган материалдардын таралышына тыюу салууну колдоп жатабыз.

Мындай демилгени колдогондор, айрыкча саясий чөйрөдө аз болгон жери жок. Алардын катарында журналист саясатчылар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов, маселен, өзүнүн көз карашын минтип негиздеди:

- Башынан эле айтчумун, ошол эле «АКИпресске», ошол эле «Белый пороходго», «Компромат. кжлерге» дайыма айтаар элем: ай, кичине бир уят сөздөрдү, акырына жеткен ыплас сөздөрдү чийип, көзөмөлдөп же корректирлеп койбойсуңарбы, мисалы. Ал жакка он бештеги, он алтыдагы бала деле кириши мүмкүн, чет өлкөлүктөр кириши мүмкүн. Анан мунун баары билинбей эле аң-сезимге прессинг кылып, жаман таасир тийгизет.

Саясатчылар дээрлик электрондук маалымат каражаттарын, интернет-форумдарды ээн ооздугу үчүн кескин сындап, бирок, аны жөнгө салуунун аргасын таппай келатат.

Кесиби журналист, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да электрондук маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин басма сөздүн жоопкерчилиги менен теңештирүүнү жактайт:

- Бул жагынан биз адепсиздердин биринчи катарына кирип кеттик. Электрондук маалымат каражаттарынын макамын маалымат каражаттарынын макамы менен бирдей кылыш керек.

Анткен менен, «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фонду, «Медиа өкүлчүлүк», «Журналист» коомдук бирикмеси парламентке, демилгечи депутат Алишер Сабировго, коомчулукка кайрылуу жолдошуп, аталган долбоорду укуктук да, техникалык да талаптарга жооп бере албайт деген кескин баа беришти. Аталган уюмдар мындай мисал дүйнө жүзү боюнча бир да өлкөдө жок экенин белгилешип, интернет эч кандай чегараларга баш ийбес, уюмдашкан бир борбору жок уникалдуулугу менен айырмаланарын белгилешкен. Ага жараша, эгер, Кыргызстанда интернет-сайттарды иретке келтирүү башталса, ириде бул өлкө өзү жабыркайт. Анткени, интернет-сайттарды башка өлкөлөрдүн даректери аркылуу ачуудан оңой нерсе жок. Мындай бурулуш жергиликтүү маалымат-байланыш тармагынын өнүгүшүн да, жарандардын Конституциялык укуктарын да чектеп коет.

Журналист Жылдыз Муслимова адамдын аброюна доо кетирген жалган маалыматтардын интернет аркылуу таратылышын жактабайт. Бирок, ошол эле учурда интернетти маалымат каражаттарына теңөө аракетин шашылыш чара катары санайт:

- Бул өтө кылдат маселе. Интернетке каалаган киши кирип эле каалаганын сүйлөй берсе, ошол сөздүн бардыгына эле ишенип, кээде сотко берчү сөздөр жазылып жатат. Анын кимисин таап. Кандай кылабыз? Анда баш аламандык болот го.

Журналисттин бул пикирин Кыргызстандагы медиаөкүлчүлүк да колдойт. Уюм Жогорку Кеңешке жолдогон кечээки кайрылуусунда интернет-сайттарды маалымат каражаты катары каттоонун механизмин иштеп чыгуу мүмкүн эмес деп билдирди.

Медиаөкүлчүлүк интернет сайттарга үзгүлтүксүз мониторингдерди жүргүзүп туруу аталган долбоорлордон алда канча пайдалуу деп эсептейт. Бир күн мурун басма сөз эркиндигин коргогон бир катар укук коргоочулар аталган мыйзамдын демилгечилерин ачык талкууга чакырды. Депутат Алишер Сабировдун айтымында, мындай талкууну парламент июнь айында уюштурууну ниет кылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG