Жыл башында Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитовго тажикстандык чегарачылар курал кезешкен. Бул кезегинде эки мамлекет президенттеринин киришүүсүнө алып келген олуттуу маселе катары белгиленген болчу. Ушул маселеге токтолгон президент Курманбек Бакиев январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө чегара маселесине өжөрүрөөк мамиле жасоого өкмөттү чакырган:
- Чегарадагы так эместиктин сөзсүз таасири болот. Кудайга шүгүр Кытай, Казакстан менен ишти бүтүрдүк. Эми Тажикстан менен Өзбекстан калды, өкмөт бу жерде күжүрмөн иштеш керек. Мен түшүнөм, жеңил иш эмес, бирок, өжөрүрөөк болуп, жылыш керек. бүтүрүш керек бул ишти.
Анткен менен, аталган мамлекеттер менен чегараларды тактоодо олуттуу жаңылык боло элек. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык проблемалар боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун айтымында, Фергана өрөөнүндөгү мамлекеттердин ар бири өз позицияларында туруп атышат. Чегара боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын былтыр күздөгү жолугушуусунан бери Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы тоолуу жерлерде 492 чакырым чегара сызыгы аныкталып, сызылды. Бирок, мындан аркы иштер дароо илгери жылып кетет деп айтууга болбойт:
- Кезектеги жумуштарыбыз Фергана өрөөнүндөгү чегараларга байланыштуу болуп турат. Ал жерде көп жылдан берки чарбачылык иштеринин ары-бери жылып кеткен чегаралар бар экен. Ошону тактоо бир топ кыйынчылыкка турчудай.
Учурда тараптар кыйынчылык туудураары күтүлүп жаткан аймактарды орой-чарай отуруп талкуулоого даярдык көрүп жатышат. Өзбекстан боюнча деле жагдай ошондой. Учурда эки пикир жараткан элүүдөн ашык участок бар.
Чегара аймактарынын такталбай жатышы ириде жергиликтүү калкты олуттуу проблемаларга кирептер кылып келатат. Фергана жолугушуусунун алдында президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев проблемалары бар жерлерди кыдырып, жагдай менен таанышып чыкты. Ал жердеги айрым маселелер боюнча губернатордун маалымат катчысы Алишер Токсонбаев буларды билдирди:
- Чегара аныктала электе эле тигилер зым тартып, чек коюп, ушинтип атышыптыр да тосуп… Араван райондук мамлекеттик каттоо башкармасынын башчысы (мурункусу) былтыр 52 гектар жерди сатып ийиптир былтыр. Эми ошону ала албай «ит» болуп атышат. Эми алыш үчүн кылмыш ишин козгогон. Тигини күнөөлүү деп тапса биздикилер нота жөнөтүп, жерибизди бергиле деп кайрылат.
Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин билдиргенине караганда, учурда тактала элек чегара аймактарында кооптуу жагдайлар жок, бирок, ар кандай нуктагы окуялар тынымсыз болуп турат:
- Инциденттер бат-бат эле болуп турат. Бирок, аны өз убагында иретке келтиребиз. Дароо барып ошол жерден чечип атабыз. Мына азыр биз Кадамжай районунда отуздан ашык малды кармап, азыр сотко өткөрүп жатабыз, мыйзамсыз бизге кирип багып жүргөн.
Чегаралаш аймактарда жашаган жарандар ушул өңдүү маселелер чегара такталгандан кийин жөнгө салынаар деп үмүт байлап турушат. Коомдук ишмер Адылбек Кадырбеков чегарага аймактарындагы элдин бейгам жашашын камсыздоону чегара аймактарында калкты жыш отургузуудан жана талаштуу жерлерди сүйлөшүү жолу аркылуу паритеттик тартипте тезирээк бөлүштүрүүдөн көрөт.
Регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчы Саламат Аламанов келечекте Фергана аймагындагы чегаралар Евробиримдиктин үлгүсүнө түшөт деген үмүтү бар, ал үчүн кошуналар бири-бирине агадил болушу керек дейт адис:
- Чегара саясатында менин түшүнүгүмдө кошуналар ак дилдүү болушу керек. Мындан бир пайда көрө турган саясат жүргүзбөш керек.