Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

БИРИККЕН ФРОНТ ОРУСИЯ МЕНЕН БИРИГҮҮ ҮЧҮН КОЛ ТОПТООГО КАМЫНУУДА


Экс-премьер-министр Феликс Кулов жетектеген «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронт Орусия менен союздук мамлекет түзүү демилгесин ишке ашыруу үчүн кол топтогону жатат. Бул максатта ал эки күн мурун демилгелүү топту каттоодон өткөрүүнү сурап, Юстиция министрлигине кайрылды.

Юстиция министрлиги сунушка уруксат берген шартта 400 чамалаш адам курамына кирген демилгелүү топ өлкө аймагында кол топтоого киришет жана ал эки айлык мөөнөттө 300 миңден кем эмес кол топтоп бериши керек. Ал бардык мыйзамдык талаптардын чегинде кынтыксыз ишке ашса, демилгенин чегинде Кыргызстанда референдум өткөрүү зарылдыгы келип чыгат. Мыйзам боюнча Бириккен фронттун ыктыярдуу кол топтоо жөнүндөгү арызына Юстиция министрлиги он беш күн аралыгында жооп берүүгө милдеттүү.
Феликс Кулов баштаган Бириккен фронт бул демилгени майда Бишкекте уюштурган экинчи элдик жыйында көтөрүп, муну элдин турмушун жакшыртууга кол кабыш кылуу аракети менен байланыштырган. Бирок, демилге коомдук-саясий чөйрөнүн кыйла бөлүгүнүн сынына кабылып, бул экс-премьер-министрдин саясий упай топтоо максатындагы аракети катары бааланган болчу. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган бир топ саясатчылар конфедерацияга ыктаган демилге Кыргызстандын эңсеп жеткен эгемендигине доо кетирет деп, кескин сынга алышкан. Саясатчылардын дагы бир бөлүгү бийликтин утушу менен аяктаган апрель митингдеринен кийин салмагын жоготкон экс-премьер-министр Орусиянын саясатына ыктап, ал аркылуу Кыргызстанда жашаган орус тилдүү калктын назарын өзүнө буруу дымагы менен байланыштырууда. Алардын бири, Юстиция министри Марат Кайыпов муну Куловдун аргасыз саясий кадамы дейт:

- Бул - саясий банктроттон келип чыккан аргасыз саясий жарыя.

Президент Курманбек Бакиевдин саясатын жактаган «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин көз карашында Феликс Кулов Орусиянын колдоосу аркылуу бийликке жетүү максатында Орусиянын саясатын Кыргызстанда жүргүзгүсү келип жатат:

- Путин Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдү кайрадан колго алууну каалап жатат. Кулов дагы ошого ойноп атат. А Куловдун артында кимдер турат? Куловдун артында ошо ФСБ турат, жанагы Ушаков деген азыркы орун басары, ошонун агенти экен азыр. Андан башка Рушайло деген досу, Иванов деген азыркы биринчи орун басар.

Мындай көз караштардын бардыгы оппозициялык лидер Феликс Куловго кастарын тиккен күчтөрдүн ойлоп тапканы дейт «Бириккен фронттун» саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Алиев:

- Ар кандай ойлор болот. Кээ бирлери түшүнбөй туруп айтат, кээ бирлери Кулов чыгарган үчүн эле каршы болоюн деп айтат.

Эмил Алиевдин айтымында, союздук мамлекет түзүү демилгеси бир гана эгемендүү Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээлин жакшыртууга байланган:

- Максаты бир эле – жакшы турмуш. Карманган принциптери эгемендик жана Кыргызстандын кызыкчылыгын кароо.

Феликс Куловдун апрель митингинде тилектеш болгон «Реформа үчүн!» кыймылы Орусия менен союздук мамлекет түзүү демилгесине өзүнүн бирдиктүү көз карашын азырынча айта элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG