Тагдыр жолу аны канча ирет калчады, катаал сыноолорго кабылтты. Анын баарына чөкпөдү, басынып калбады, кысталыштан кыйналбай жол таап чыгып кетчү. Акыры издеген аялын тапты, карышкырлардын курчоосунда калган жары акыл-эсинен ажырап, башынан өткөндү унутуп коюптур.
Бегиш Ааматовдун ысымы кыргыз мамлекетинин отуз жылдан ашуун тарыхы менен бекем жуурулушуп кеткен. Ал өлкөнүн өз алдынчалыгын жарыя кылган демилгечи болчу. "Легендарлуу парламенттин" активдүү депутаты кийинки жылдары тарых темасына кызыгып, Чыңгызхан тууралуу китеп жазган.
Бекбосун Жайчыбеков мыкты сүрөтчү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Тирүүлүктөгү майда-чүйдө азгырыктарга алданбай, бир келген өмүрүн бийик өнөргө, асылдык дүйнөсүнө арнап, мыкты чыгармаларды жаратты. Анысы китептерде, журналдарда калды.
Илгиз Айтматов өз тармагында таанымал ири окумуштуу, кадыры бийик инсан эле. Көпчүлүк эл аны даңазасы дүйнөгө белгилүү үлкөн сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун карачечекей иниси деп билчү.
Даргин жазуучусу Ахмедхан Абу-Бакардын жумшак юморго ширелген көркөм баяндарында тоолуктардын турмушу ушунчалык кызык, эсте каларлыктай элестүү тартылган. Алардын бир топтомун жазуучу "Тоолуктардын эрмеги" деп атаган.
Окууну бүтөрдө үйлөнмөкчү болуп жүргөн эки жаштын арасы ажырап, сулуу кыз байдын баласын тандап кеткен. Аны ашыгы биле элек.
Камбаралы Бобуловдун "Түштүк кызы" чыгармасы жарыяланар замат жаш кыргыз прозасынын жетишкендиги катары бааланып, биртоп тилдерге которулган, ал кезде жаамы союздук кадыр-барк күтүп калган Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна арзыган.
Түгөлбай Казаковдун “Алтын балалык” керемет чыгармасын укпаган, билбеген киши жоктур. Залкардын “Эсимде” өмүр баян эскермесинде алтын балалыктын кызык учурлары баяндалган.
Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев көп кырдуу талант болчу, кара сөз менен ырды, публицистика менен котормочулукту эриш-аркак ала жүргөн, анан да күн менен түндү, эс алуу дегенди билбеген мээнеткеч калемгер эле.
Сталиндик репрессиянын азап-шорун көп тарткан жазуучу Варлам Шаламов өкүмзор бийлик системасынын кандай экенин "Колыма аңгемелеринде" кемелине келтирип ачып берген. Бул ирет чынчыл сүрөткердин ошол жыйнакка кирген "Жаан" аңгемесине токтолобуз.
Нарктуу эки карынын кардарынан сатарманы көп кымкуут базарда жолугуп, бири экинчисинин ажатын ачышы акыйкатта да зор окуя. Ал өзү турмушта болгонун тунук акын Айгүл Узакова авторго айтып берген. Башында анча маани бербептир, ойлоп көрсө сабак алчу таасири көп экен.
Жолочу Рысбаевдин өмүрү чыгармачылыгы эки доорго туш келди. Социализм заманында төрөлүп, көркөм чыгармачылыкка арналчу жылдарынын көбү күндөлүк тиричилик, журналисттик түйшүк менен өттү.
"Кээде бир адамдын өмүрү бүтүндөй бир доордун ачык жана таасирдүү иллюстрациясы катары көрүнөт. Ошондуктан бул окуя мен үчүн абдан маанилүү сезилди", - деп башталат америкалык журналист жана жазуучу Теодор Драйзердин "Экклезиаст” аттуу аңгемеси.
23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укуктун күнүнө карата тамсилдери классикага айланган Эзоп тууралуу баяндайбыз.
Тагдырдын үстөкө-босток соккуларына баш бербей дарыгерлик менен илимпоздукту эриш-аркак ала жүргөн Султангазы Орозобеков тууралуу кеп кылуунун оролу келип турат. Кезинде колу жеңил дарыгердин аракети менен канчалаган бейтаптардын жашоо-турмушка үмүтү артып, ишеними жанган.
Бири-бирин жактырган эки жаш окуусун бүткөн соң жолдошторун чакырып чай берип, баш кошконун айтып, мындан ары бирге түтүн булатарын билдирген. Алардын айылдагы ата-энелери болсо калыңдан улам таарынышып, сүйлөшпөй калышкан.
Окууну бүтүп мектепте иштеп жүргөн мугалим убакыттын билинбей өткөнүн, шарт-жагдай кескин өзгөрүп кеткенин туйбай калыптыр. Жакындары аны эптеп эле күйөөгө беришке кызыкдар болчу, анысын аткарышты, бирок ал бактысын таба албады. Ризван Исмаилованын “Окулбаган каттар” аңгемеси.
Социализм тушунда Арстанбектин чыгармалары идеологиялык зыяндуу, реакциячыл деп бааланып, эчен жылдар тыюу салынып келди. Жарамсыз система тарыхый тактысынан шыпырылып түшкөндөн кийин улуу акындын адабий мурасына жол ачылды.
Дагы жүктөңүз