Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде бүгүн аяктачу саммитте глобалдык жылуулакка жана экономикалык кризистен чыгуу боюнча чечим кабыл алышат. Алдын ала макулдашууларга ылайык, Биримдикте көмүртектин кошкычкылын абага бөлүү 2020-жылга 20 процентке кыскартылууга тийиш.
АКШ жана НАТО Пакистандан Ооганстанга барчу алтернативдүү жолдорду издөөдө. Буга талиптердин акыркы айларда НАТОнун Ооганстанга бараткан кербендерине кол салууларынын көбөйүүсү жана Пешавар автотерминалына жасаган чоң чабуулу түрткү болууда.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялар боюнча комитети «ал-Каида» жана талиптер менен кызматташканы үчүн «Лашкар-э-Тайба» тобунун төрт жетекчисин өз «кара тизмесине» кошту.
Кошмо Штаттар глобалдык терроризмге каршы күрөштөгү Улуттар Уюмунун ролун дагы бекемдөөгө даяр. Бул тууралуу АКШнын элчиси Залмай Хализад шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги дебат учурунда маалымдады. Кеңеш талкуу соңунда дүйнөлүк терроризмге каршы согуштун башында БУУ турсун деген билдирүүнү бир добуштан кабыл алды.
Шейшемби күнү камакка алынган Иллинойс штатынын губернатору Род Благоевич 4, 5 миң доллар күрөө төлөп, абактан чыкты. Ага АКШ президенти шайланган Барак Обаманын Сенаттагы ордун чоң пайда менен сатмак болду деп шектелүүдө. Иллинойстун прокурору бул окуяга Барак Обаманын эч кандай катышы жок экенин билдирди.
1948-жылы 10-декабрда Улуттар Уюму басымдуу көпчүлүк добуш менен Адам укугунун универсалдуу декларациясын кабыл алган. Жарандардын адамдык ар намысын жана негизги укуктарын тастыктаган бул документ тынчтыкты, теңчиликти жана адилеттикти коргоо боюнча көптөгөн эларалык уюмдарды түзүүгө түрткү берген. Универсалдык декларация - адам укугун коргоочу уюмдардын негизги иш документи.
Конгрессмен-демократтар Ак Үйгө өлкөдөгү үч чоң автоконцернге мамлекеттик көмөк көрсөтүү планын жолдоду. Планга ылайык General Motors, Ford жана Chrysler үчүн 15 миллиард доллар жардам чегерилүүгө тийиш.
Өткөн жума күнү Грузиянын өкмөтүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Премьер-министр Григол Мгалобшвили коргоо, тышкы иштер жана билим берүү министрлерин алмаштырды. Жергиликтүү байкоочулар министрлерди которууда эч кандай логика жок деп тыянак кылышты.
Пакистан аскерлери Индиянын Мумбай шаарындагы кызыл кыргынды уюштурду деп шектелген ислам согушчандарынын базасында операция өткөрдү. Ырасмий ырасталбаган маалыматтар боюнча, операция учурунда Мумбайдагы террордук чабуулду уюштурган Заки-ур-Рехман жана башка согушчандар колго түшүрүлгөн.
АКШ Конгресси түзгөн комиссия эларалык коомчулуктун чечкиндүү аракети гана террорчулардын массалык кыргын салчу куралды колдонуусуна жол бербейт деп санайт. Ушундан улам комиссия президент шайланган Барак Обаманын өкмөтүн террорчулар алаамат куралга жетчү өлкө - Пакистанга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Барак Обама шейшемби күнү Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсонду өлкөнүн болочок Соода министри кылып көрсөттү. Соода министри америкалык ишкерлердин Ак Үйдөгү үнү саналат жана АКШлык ишканалардын тышкы рыноктогу кызыкчылыгын коргоого жооптуу.
НАТОнун тышкы иштер министрлери 2-декабрда Брюсселде өткөн жыйынында Россия менен байланышты акырындап калыбына келтирели деп чечишти.
АКШнын президенти шайланган Барак Обама дүйшөмбү күнү өз администрациясында улуттук коопсуздук маселеси менен иштөчү саясатчылардын ысымдарын атады. Мамлекеттик катчылыкка мурдакы демократ-атаандашы Хиллари Клинтонду көрсөттү. Республикачыл Роберт Гейтсти Коргоо министри бойдон калтырды.
Жаңы жыл утурлай Украина-Россия газ чатагы дагы кайталанды. Украина 2.4 миллиард доллар карызын «Газпромго» төлөмөйүн, 2009-жылга келишим түзүлбөйт деп эскертти ырасмий Москва. Борч төлөнбөсө, Россия эки жыл мурдакыдай газды кесип салат деп кооптонгон Украина шартка көндү. Бирок «RosUkrEnergo» компаниясы бул ирет да ортомчулуктан четтетилбейт кейпи.
Индиянын Мумбай шаарында уюмдашып жасалган чабуул 100дөн ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирди, 300дөй адамды жарадар кылды.
Мумбай(мурдакы Бомбей) шаарында согушчандар менен полиция күчтөрүнүн тирешүүсү дале уланууда. Индиянын финансылык жана туристтик борборунда удаа-удаа жасалган бир нече чабуулдан 101 адам окко учкан.
Роберт Гейтс АКШнын Коргоо министри бойдон кала берерин Кошмо Штаттардын маалымат булактары кабарлашты. Гейтсти Пентагондун башчылыгына дайындоо менен Барак Обама командасына бир республикачылды киргизди.
Евробиримдиктин иштөө принциптерин аныктаган Лиссабон келишими Чехиянын башмыйзамына каршы келбейт. Чехиянын Конституциялык соту шаршемби күнү ушундай бүтүм чыгарды. Бул чечим Лиссабон келишимин Чех парламентинин бекитүүсүнө жол ачат.
Пакистандын ведомстволор аралык чагындоо кызматынын (Inter-Services Intelligence-ISI) саясый башкармалыгы үн-сөзсүз жабылды. Башкармалык саясатчылардын үстүнөн көзөмөл салып, министрлер анын макулдугу менен дайындалчу.
Айрым саясый чөйрөлөрдө Вашингтон Иран менен дипломаттык мамиле түзүүнү каалаган жок деген ишеним күчтүү. Мындай пикирге Америка ишкерлер институнун талдоочусу Майкл Рубин кошулбайт. Илимпоздун айтымында, акыркы отуз жылда АКШнын өз ара мамилени жакшыртуу боюнча жасаган дипломаттык аракеттерине ырасмий Тегеран бут тосуп келген.
Дагы жүктөңүз