Исламабад менен Вашингтон “ал-Каидага” жана талиптерге каршы согушта чогуу аракеттенели деп, бири бирине сөз беришкен. Ага карабай, Пакистан жана АКШ арасында экстремизмге каршы күрөштүн тактикасы боюнча карама-каршылык өсүп баратат кейпи.
Грузин оппозициясы Тбилисиде жана башка шаарларда Михаил Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылып, демонстрация уюштурууда. Оппозиция лидерлери Тбилисидеги иш чарага кеминде 150 миң адам катышат деген үмүттө.
Ирак суннилеринин “Сахва” же “Ойгонуу кеңеши” деп аталган тобунун башчыларынын бирин камакка алуу Багдаддагы кырдаалды курчутту. Уюткусун мурдакы козголоңчулар түзгөн бу топ менен тил табуу - Ирак өкмөтү үчүн өлкөдөгү жаатташтыкты басууда чоң сыноо болчудай.
Президент Барак Обама Түркиядагы ырасмий жолугушууларда Түркия дүниявий, демократиялуу, ислам дөөлөттүү өлкө экенине басым жасады. Ал Түркиядагы сапарынын соңку күнү Ыстамбулдун Айя София жана Султан Ахмед мечиттеринде болуп, түрдүү диндердин башчылары жана университетердин студенттери менен кездешти.
АКШ Босния-Герцеговинаны өнүктүрүүдө ЕБга саясый жактан жардамдашууга тийиш. Мындай сунушту АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу комиссиясында болгон угууда британ дипломаты, лорд Пэдди Ашдоун башындагы эксперттер тобу жасады.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши жекшемби күнкү кезексиз сессиясында Түндүк Кореянын баллистикалык ракетаны учуруусуна байланыштуу бир бүтүмгө келе албады. Ракета учурууну Япония, АКШ жана Евробиримдик “көкүтүүчүлүк” деп атады. Кытай менен Россия башка пикирде.
Жума-ишемби күндөрү НАТОго мүчө 28 өлкөнүн лидерлери альянстын 60 жылдык мааракесин белгилешет. Германиянын Кел жана Франциянын Страсбург шаарларында өтчү жыйында уюмдун алдындагы милдеттер, анын ичинде НАТОнун Ооганстандагы вазийпаси жана Россия менен мамилени калыбына келтирүү маселели талкууланат.
Глобалдык финансылык кризис алыскы аралдар менен микромамлекеттердеги “салык жабыттарын” жабуу керек экенине эларалык коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул маселе байдөөлөт “Чоң жыйырманын” бейшемби күнү Лондондо ачылчу жыйынында каралат.
Гаагада Ооганстандын келечегине арналган эларалык жыйын аяктады. Жыйынга катышуучулары Ооганстан менен коңшулаш Иран жана Пакистан арасындагы кызматташууну дагы бекемдөөгө көңүл бурушту. АКШнын Мамкатчысы Х. Клинтон Ооган өкмөтүн куралдуу күрөштөн баш тарткан талиптер менен элдешүүгө чакырды. БУУнун Ооганстандагы өкүлү Кай Эйденин сөзүнчө, жыйын Ооганстанды бекем колдоду.
Ооганстанга көмөк көрсөтүүгө жана өлкө келечегине арналган Улуттар Уюмунун жыйыны 31-мартта Гаагада ачылат. Конференция АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтондун демилеси боюнча өтөт. Өткөн жумада президент Обама Ооганстан жана Пакистан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган. Стратегияда региондо байланыш тобун түзүүнү, ага Ирандын да кириши сунуш кылынган.
Ооганстан менен Пакистан президент Обаманын региондо күч алып бараткан экстремисттерге каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегиясын колдошту. Эки өлкөнүн президенттери АКШнын жаңы стратегиясын жүзөгө ашырууга улуттук өкмөттөр активдүү катышат деп билдиришти.
Барак Обама жума күнү (27-мартта) Пакистан менен Ооганстанда баш көтөрүп бараткан экстремисттерге каршы күрөштүн жаңы стратегиясын жарыя кылды.
Түндүк Корея орбитага жердин жасалма жандоочусун учурчу күн жакындаган сайын Түштүк Чыгыш Азияда кырдаал курчууда. Ырасмий Токио Пхеньян 4 жана 8-апрелде учурганы жаткан ракета непада Японияга коркунуч туудурса, алар атып түшүрүлөрүн эскертти.
АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер финансылык мекемелерди көзөмөлдү катаалдатууну Конгресске сунуш кылды. Ага ылайык, тармактын өзөгүн түзгөн финансылык компаниялар жана маанилүү төлөмдөр үчүн жооптуу көзкарандысыз мекеме түзүлүп, инвестициялык фонддорду жана туунду аманаттарды контролдоо күчөтүүлүүгө тийиш.
АКШнын президенти Барак Обама Россия менен мамиле НАТОнун негизинде гана жүргүзүлөөрүн шаршемби күнү НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен Ак Үйдө кездешкенде ачык айтты. НАТОнун баш катчысы өз кезегинде НАТО үчүн Москва менен элдешүү маанилүү экенин билдирди.
Шейшемби күнү кечинде президент Барак Обама Ак Үйдө маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ экономикасын жандандыруу планы ийгиликтүү болот деди. Бул план өкмөттүк чыгымдарды эбегейсиз көбөйтөт деп, Обаманы оппозициядагы республикачыл конгрессмендерге катар партиялаш демократтар, ошондой эле айрым европалык лидерлер да сындашууда.
Чех парламентинин өкмөткө ишеним көрсөтпөй койуусу Евробиримдик үчүн катаал мезгилге - глобалдык финансылык кризистин учуруна туш келди. Чехия 1-июлга чейинки Биримдиктеги төрагалык милдетин убактылуу чех өкмөтү аткарат. Бул биримдиктин узак мөөнөттүк саясатына таасир этпесе да, уюмдун 27 мүчөсү арасындагы бийлик үчүн болгон күрөштү курчутушу этимал.
Дүйнөлүк резервдик акча - АКШ долларын башка валютага алмаштыруу жөнүндө соңку кезде улам көп айтылууда. Буга 23-мартта Кытай борбордук банкынын төрагасы Чжоу Сячуан да үн кошуп, жаңы “супер-суверендүү резервдик валюта” түзүүгө чакырды.
Грузияда автоматтык курал сатып алмак болду деп шектелип он адам, алардын ичинде экс-спикер Нино Буржанадзе башындагы оппозициялык партиянын бир нече мүчөсү кармалды. Оппозиция 9-апрелде президент Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн талап кылып, чоң демонстрация өткөрүүнү мерчемдеп жаткан.
Евробиримдик Украинанын газды транзиттөө системасын модернизациялоого көмөктөшөт. Биримдик жана Украина ортосундагы мындай келишимге дүйшөмбү күнү Брюсселде кол коюлду. Украина өз кезегинде газ рыногун ачык айкын кылууга, газ операторлорунун коммерциялык негизде иштөөсүнө макулдук берди.
Дагы жүктөңүз