АКШнын Борбордук банкы 1, 2 триллион долларга мамлекеттик "тилла заемдерду" сатып аларын жарыялады. Теңдешсиз чара кредит берүүнү жакшыртуу жана экономиканы жандандыруу максатын көздөйт. Бирок эркин акчанын көбөйүүсү болочокто инфляцияга шыкак болуусу жана долларды арзандоосуна алып барышы мүмкүн.
Дүйнөлүк банктын билдиришинче, бакубат мамлекеттер глобалдык кризистин кырдаалында улуттук экономиканы протекционистик чаралар менен коргоого өтүшкөн. Буга байланыштуу банктын президенти Роберт Зеллик дүйнө лидерлерин протекционизмге чакырган «аваздуу үндөргө» каршы турууга үндөдү. Болбосо, анын кесепетинен дүйнө 1930-жылдагыдай Улуу депрессияга кабылышы мүмкүн, деди Зеллик.
18-мартта Азербайжан шайлоочулары президенттин бийлик мөөнөтүн узартуу үчүн добуш беришет. Референдумда Конституциянын «бир адам эки эле мөөнөткө президент шайлана алат» деген беренесине өзгөртүү киргизилмекчи. Бул, Азери оппозициясынын айтышынча, Алиевдер тукумунун 40 жылдык бийлигин бекемдөөнү көздөйт жана 47 жаштагы Илхам Аливдин үчүнчү мөөнөткө бийликте калуусуна жол ачат.
ЕБтин тышкы иштер министрлери Беларус жетекчилеринин уюмга мүчө 27 өлкөсүнө каттоосуна тыйуу салган чечимин убактылуу токтотту. Ага ылайык, президент Лукашенко жана башка мартабалуу чиновниктер келерки тогуз айда ЕБ өлкөлөрүнө эркин каттай алышат. Бул Беларусту бөлүү - өлкөнү Россиянын кучагына түртөт деген тарап менен, Лукашенкодон саясый реформаны тездетүүнү талап кылган уюм мүчөлөрү арасындагы мунаса чечим болду.
Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЕК 28-майга чейин кара май өндүрүүнү азыркы абалында кармап турат. Мындай чечим 12 мүчөлүү уюмдун жекшемби күнү Венада аяктаган жыйынында кабыл алынды. Ирактын мунай министри Хусейн аш-Шахирстанинин билдиришинче, картел май айында эларалык базардагы абалды карап көрүп, мунай өндүрүүнү көбөйтөлү же кыскарталы деп чечет.
Дүйнөлүк саясый-финансылык чөйрөлөр 2-апрелде Лондондо болчу 20 өлкөнүн (G20) кездешүүсүн этияттык менен күтүүдө. Бул жыйында глобалдык экономиканы өйдөлөөнүн орток стратегиясы иштелип чыгууга тийиш. Бирок, убакыт чукулдаган сайын кризиске каршы күрөшүү боюнча АКШ жана Европанын философиясы эки башка экени айкын болууда.
Нааразы шопурлардын жол буумайы, акчасын алалбаган аманатчылардын банктарды акмалоосу, полициянын өкмөттүк энергокомпанияны тинтүүсү, президент менен премьердин таймашы Украина үчүн кадыресе көрүнүш.
Ирандын саясаты Кошмо Штаттарга «чоң коркунуч» туудурганын белгилеген президент Обама Тегеранга каршы санкцияны бир жылга узартты. 1995-жылы киргизилген бул чара америкалык ишкерлерге Ирандын мунай өнөр жайын инвестициялоого жана соодалашууга тыйуу салат.
Ирандын мурдакы премьер-министри Мир Хусейн Мусави 12-июнда болчу президенттик шайлоого катышарын билдирди. Экс-президент Мухаммад Хатами, экс-спикер Мехди Карубинин артынан Мусавинин талапкерликке коюлушу - реформачылар арасында ынтымак жок деген кепти жаратты.
Вашингтондун Борбор Азиянын бейстабилдүү мурдакы Советтик республикаларына үмүттөнүүсү - терроризмге каршы согушта АКШнын тандоо мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү экенин көрсөтөт. Бул ой Эларалык кризистин топтун Борбор Азия долбоорунун башчысы Пол Куин-Жаждын «The Wall Street Journal» гезитине чыккан макаласында айтылган.
Иран президенти Махмуд Ахмединежад Тегеранда Экономикалык кызматташуу уюмунун жыйында «АКШ жана анын кээ бир союздаштарын» экономикалык кризис үчүн жооптуу деп күнөөлөдү.
Алматы шаардык соту тарсалардын «Бириккен чиркөө» кыймылынын даватчысы Елизавета Дреничеванын жаза мөөнөтүн айып пулга өзгөрттү. Бирок биринчи баскычтагы сот Дреничевага койгон айыптын мазмунун өзгөртүүсүз калтырды. Дреничева уруксатсыз дават жүргүздү деп, жыл башында эки жылга эркинен ажыратылган эле.
Тибеттиктердин сүргүндөгү руханий жолбашчысы Далай Лама бүгүн антикытайлык көтөрүлүшкө байланыштуу сүйлөп, Кытай өкмөтүн тибеттиктердин көөнө маданиятын жок кылууда деп сындады.
Дүйнөлүк финансы кризиси дагы тереңдеп, ири биржаларда сатыкка чыккан баалуу кагаздар кунун жоготууда. Дүйшөмбү күнү япон экономикасынын таразасы - Nikkei индекси соңку чейрек кылымдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү.
Түндүк Кореянын армиясы дүйшөмбү күнү күжүрмөн даярдык абалына өткөрүлдү. Бул чара АКШ жана Түштүк Корея аскерлеринин Корей жарам аралында башталган жылдык машыгуусун утурлай кабыл алынды. 9-мартта Пхенян бир кыйла каардуу билдирүүлөрдү жасады.
Сталиндик бийликтин польшалык 20 миң офицерди кырганын ашкерелеген режиссер Андрей Вайданын «Катын» деген тасмасы Россияда сатып алынса дагы көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле тагдырга британ тарыхчысы Орландо Фигестин «Күбүр-шыбырлар: Сталиндик Россиядагы жеке турмуш» деген эмгеги да туш болду.
Судандын президенти Омар ал-Башир Дарфур чөлкөмүндөгү аскерий кылмыштар үчүн жооптуу, ошондой эле адамзатка каршы кылмыш жасады деген доого кабылды. Ушул негизде Эларалык кылмыштар боюнча Гаагадагы сот ал-Баширди камакка алуу жөнүндө буйрук чыгарды.
Армениянын улуттук акчасы - драм шейшемби күнү үчтөн бирге арзандады. Анын алдында Армениянын улуттук банк Эларалык валюта корунун кеңешине ылайык, драмдын наркын мурдакыдай АКШ долларына көгөндөбөй, эркин койо берген болчу. Улуттук банк киргизген жаңы курс боюнча, 1 доллар 360-380 драмга алмашылат деп күтүлүүдө.
Чех-Канада кош жарандыгы бар Петр Лум - президент Махмуд Ахмединежад жөнүндөгү даректүү тасманын автору. Лум башка дагы 40 ирандык журналист менен чогуу Ахмединежадды коштоп төрт ирет Ирандын кыштактарын кыдырып, президентке кат жазган адамдар менен жолугушкан. Петр Лумга чейин бир да Батыштык журналистке мындай ишеним көрсөтүлгөн эмес.
Япония экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири экономикалык кризиске кабылганы апта башында жарыя болду. Өткөн жылы ички дүң жыйым 13, 9 процентке кыскарган. Бул көрсөткүч АКШ менен Eвромейкиндикке кирген 15 өлкөдө 4- 6 процентке барабар.
Дагы жүктөңүз