Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

АКШ финансы тармагындагы "оюндун" тартибин катуулатат...


АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер Конгресстин финансы комитетиндеги талкуу учурунда, 26-март 26Mar2009
АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер Конгресстин финансы комитетиндеги талкуу учурунда, 26-март 26Mar2009

АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер финансылык мекемелерди көзөмөлдү катаалдатууну Конгресске сунуш кылды. Ага ылайык, тармактын өзөгүн түзгөн финансылык компаниялар жана маанилүү төлөмдөр үчүн жооптуу көзкарандысыз мекеме түзүлүп, инвестициялык фонддорду жана туунду аманаттарды контролдоо күчөтүүлүүгө тийиш.

Азыркы кризистен чыгуу жана андай кризисти келечекте болтурбоо боюнча катаал чаралар кабыл алуу керек экенин Тимоти Гайтнер шаршемби күнү Конгресстин профилдик комитетинде болгон талкууда айткан эле. Финансылык реформа, Гайтнердин айтышынча, Америка келечекте кайрадан финансылык капсалаңга кабылып, салык төлөөчүлөргө жардамга жүгүрбөгөндөй шартты түзүүгө багытталат:

- Азыркы кризистердин маанилүү сабагы, албетте, бейстабилдиктин коркунучу банк системасынан тыш жактагы мекемелерден келиши мүмкүн экенин билдик. Бул мекемелер Кошмо Штаттарды жүз жыл мурда банктарды коргоо үчүн түркүн протекционисттик чараларды колдонуусуна алып барган негизги күчтөр алдында кайратсыз.

Азыркы кризисте АКШ өкмөтү алашем кредиттер, анын ичинде туунду насыялар мене соода кылган AIG компаниясына 180 миллиард доллардай жөлөк пул берди. Себеби турак-жай рыногу кыйроого дуушар болгондо, компания өнүмүн күткөн миллиарддаган доллар саманга айланып калган.

Гайтнердин айтымында, банк системасын кыйды-сыпыр кылган финансылык мекемелерди көзөмөлгө алып, зарыл учурда аларды түздөп туруу үчүн өкмөттүн бийлик укугун кеңейтүү керек:

- Бул өкмөткө чоң финансылык мекемелерге жардамдашчу, финансылык системанын туруктуулугуна коркунуч бар учурда кырдаалга кийлигишчү бийлик берет.

Ал үчүн туунду аманаттар менен иштеген хедж-фонддорду же инвестициялык фондор Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиядан каттоодон өтүүгө тийиш. Капсалаң улуттук чек араны билбегендиктен, мындай чарага дүйнөнүн башка өлкөлөрү да барганы оң. Гайтнердин сөзүнчө, керектөөчүлөрдү жана инвесторлорду коргоону көздөгөн бул сунушту президент Обама “Чоң жыйырманын” келерки жумада Лондондо болчу саммитинде ортого салат:

- Биз азыркы финансылык кризиске экономика кабылчу коркунучка каршы күрөшчү бийлиги жана аспаптары жок өлкө катары келдик. Биз болочокто жана тез арада эң жаңы эреже-жоболорго ээ болобуз, алар бизди келечекте азыркыдай капилеттиктер алдында коргойт деген ишеним менен аракеттенүүдөбүз.

Акыркы күндөрү эле Ак Үй кризиске каршы бир катар чечкиндүү чараларды кабыл алды. Кредитти арзандатуу жана кредит берүүнү жакшыртуу үчүн Федералдык банк 300 миллиард долларлык узак мөөнөттүк бондорду сатып аларын жарыялады. Ошондой эле ипотекалык кредитке байланыштуу 750 миллиард долларлык акцияларды сатып алат.

XS
SM
MD
LG