Өзбекстан Ислам Кыймылынын (ӨИК) жоочулары бүгүн Пакистандын тоолуу Вазиристан аймагында баш пааналап жүрөт.
Америкалык дипломаттардын жашыруун каттарын жарыялап, Вашингтонду кыжалатка салган Жулиан Ассанж Лондондо камакка алынды.
Тажик бийликтери эки айдан бери Рашт өрөөнүндө ислам козголоңчуларынын “сары изине чөп салып”, жок кыла албай жүрөт.
Лиссабондогу НАТО саммитинде уюмдун жаңы стратегиясынын концепциясы кабыл алынды. Бул тууралуу АКШ элчиси И.Даалдер “Азаттыкка” маек курду.
Он беш жыл илгери, 1995-жылы 21-ноябрда Сербия, Хорватия жана Босния-Герцеговинанын лидерлери Дейтон тынчтык келишиминин негизги шартын макулдашкан.
16-ноябрда россиялык соодагер Виктор Бут Таиланддан АКШга америкалык агенттердин коштоосунда учуп кетти.
Быйыл жайда Ошто болгон тополоңду басууда, араздашкан тараптарды элдештирүүдө динаятчылардын аракети кандай болду?
13-ноябрда жети жылдык үй камагынан бошотулган Мьянманын демократиячыл лидери Аунг Сан Су Чжи жекшемби күнү партиялаштары алдында сөз сүйлөдү.
Дүйнөнүн 21 мамлекетинин лидерлери Жапониянын Йокогама шаарына Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюму-АТЭКтин саммитине чогулду. Эки күндүк жыйындын күн тартибиндеги негизги суроо: дүйнөлүк экономиканын абалы жана Азия-Тынч океан аймагында эркин соода режимин түзүү.
Пакистан менен Египеттин диний окуу жайларына окуп жаткан жүздөгөн тажикстандык жаштар мекенине кайтарылууда.
Президент Барак Обама ислам жана христиан дүйнөсүн өз ара ишенбөөчүлүктү жана шектенүүлөрдү коюп, терроризмге каршы чогуу күрөшкө чакырды.
АКШ менен ирактык ырасмий адамдардын Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү боюнча сүйлөшүүгө болгон үмүтү акталбай жатат.
Азербайжандагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы саясаттагы үстөмдүгүн ого бетер бекемдеди.
Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы 7-ноябрдагы шайлоодо басымдуу көпчүлүктүн колдоосун алды.
“Манас” транзиттик борборундагы америкалык аскерий учактарды күйүүчү май менен камсыздоого катыштыгы бар ишканалар жемсөөлүккө аралашканбы?
2-ноябрь - АКШда өткөөл шайлоо күнү. Шайлоочулар Конгресстин мүчөлөрүн, 50 штаттын теңинен көбүнүн губернаторлорун шайлашат.
31-октябрда Украинада болгон жергиликтүү шайлоодо президент Виктор Януковичтин партиясы башка атаандаштарын ат чабым артта калтырганын алдын ала сурамжылоо көрсөттү.
Багдаддагы католик чиркөөсүндө барымтага алынган динзарларды бошотуу учурунда 52 киши набыт болгону маалымдалды. Өлгөндөр арасында динзарлар, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана согушчандар бар.
Француз полициясы Париждин чыгышындагы мунай иштетүүчү ири ишкананы иш таштоочулардан бошотту.
Бейшемби күнү Россия президенти Дитрий Медведев Түркмөнстанга эки күндүк сапар менен келет.
Дагы жүктөңүз