Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

НАТОнун жаңы стратегиясы


АКШ. "SM-3" ракетасы сыноо учурунда. 22-июнь 2007
АКШ. "SM-3" ракетасы сыноо учурунда. 22-июнь 2007

НАТО өлкөлөрү 19-21-ноябрда Лиссабондо өткөн жылдык саммитинде келерки он жылда уюмдун багытын көрсөтүүчү жаңы стратегиянын концепциясын кабыл алды. Уюмдун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, аскерий альянс жыйынга Россияны чакырып, өз ара мамилеге жаңы дем берүүдө тарыхый кадам жасады. Ошондой эле НАТОго мүчө бардык 28 өлкөгө калканч болчу ракетадан коргонуу системасын өнүктүрөлү деп макулдашылды. Лиссабон саммитинин мааниси тууралуу АКШнын НАТОдогу элчиси Иво Даалдер “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына интервью берди.

ЭЕ/АҮ (RFE/RL): Сиз Лиссабондо болгон НАТО саммитинин жана НАТО-Россия Кеңешинин эң маанилүү жетишкендиги деп эмнени айтар элеңиз?

АКШнын НАТОдогу өкүлү Иво Даалдер
Иво Даалдер:
Биз, ырас эле, альянсты кайра курууда үч чоң маселе боюнча талашып-тартышып жаттык.

Биринчиси, НАТО 21-кылымдын чакырыктарына даяр экенине ишенүү. Экинчиси, альянс жана анын өнөктөштөрү Ооганстанда ийгиликке жетүүдө бирдиктүү кала берерине ишенүү. Үчүнчүсү, НАТО-Россия арасындагы алаканы жакшыртуу эле.

Бардык үч багыт боюнча биз каалаган нерсебизге жетиштик деп ойлойм. НАТО азыр 21-кылымдын коопсуздугуна коркунуч туудурган күчтөргө каршы турууга даяр.

Биз 21-кылымдын коркунучтарына каршы күрөштүн негизги жолдорун тактап алдык. Эң маанилүүсү, Түштүктөн, Жакынкы Чыгыштан жана башка ушу сыяктуу жерлерден келген баллистикалык ракеталардын коркунучуна каршы аймактык ракетадан коргонуу системасын куралы деп чечтик.

Альянсты жана анын институттарын күндүн талабына ылайык ийкемдүү кылып реформалайбыз. Бул биринчи кадам. Экинчи кадам - Ооганстанда жеңишке жетүүдө туура жолду карманганыбызга ишенүү жана өткөөл мезгилдин стратегиясын анактып алуу керек болчу.

2011-жылдын башынан тартып, эларалык коомчулук коопсуздукту камсыздоону оогандарга өткөрүп бере баштайт. 2014-жылдын соңуна карата оогандар өлкөдө коопсуздукту камсыздап калат. Президент Карзайдын бул планын биз жана альянс кабыл алдык.

Үчүнчүсү, президент Медведев менен кездешүү. Грузиядагы согуштан бери биринчи жолу лидерлер 21-кылымдын коопсуздугуна карата болгон коркунучка каршы, анын ичинде ракетадан коргонуу маселесинде, Россия жана НАТО кызматташуусу зарыл экенин ырасташты.

Президент Медведев Грузиядагы согушка чейинкидей машыгууларды чогуу өткөрөлү, Түштүктөн келчү баллистикалык ракеталардан коргонууда Россиянын НАТО системасындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрөлү деди.
Россия "Панцирr-S" баллистикалык ракетасын сыноодо. Астрахан облусу, 14-апрель 2010



ЭЕ/АҮ: НАТОнун жаңы стратегиясынын концепциясын иштеп чыгууда кеп-кеңеш берген эксперттердин бир тобу: ”НАТОнун иши мурда болуп көрбөгөндөй көп болгону менен, альянстын баалуулуктары мурдакыдай ачык-айкын эмес”, - деген пикирде экени маалымдалды. Бүгүн НАТО канчалык маанилүү?

Иво Даалдер: Саммиттин максаты сиз айткан суроого түрдүү жолдор менен жооп берүү болчу.

Адистер НАТОнун Башкатчысы жана уюмга мүчө 28 өлкө менен чогуу “НАТО 21-кылымда эмне кылыш керек?” деген жаңы концепциянын долбоорун даярдашты.

НАТО бардык мүчөлөрүн жаңы жана эски коркунучтардын баарынан коллективдүү коргонууну камсыздоого тийиш. Бул концепциянын уюткулуу 5-беренесинде таамай жазылган.

Анда “уюмдун бир мүчөсүн коргоо анын бардык мүчөлөрүн коргоо”, демек альянстын жаңы мүчөлөрүн коргоо, - деп айтылат.

Эсиңизде болсун, бул уюмдун жаңы мүчөлөрү стратегия долбоорун даярдоого жигердүү катышкан биринчи стратегиялык концепция.

Уюмдун жаңы мүчөлөрү альянс алардын коргонуусуна байланыштуу бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн күрөшөөрүнө ишенгиси келди. Андай кепилдикти стратегиялык концепция берди.

ЭЕ/АҮ: Сиз “НАТО коркунучтардын бардык түрлөрү менен күрөшүүгө даяр экенин бышыктады" дедиңиз.

НАТОнун миссиясы өтө эле чар-жайыт сыяктанат. Арийне, дүйнөдөгү коркунучтар да өтө ар түркүн. Сиз НАТО эмнеге каршы күрөшөрүн кыскача айтып берсеңиз?

Иво Даалдер: НАТО баарынан мурда уюмга мүчө өлкөлөрдүн
Ирандын "Мерсад" ракета системасы, 18-ноябрь 2010
аймагын жана элин дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүнөн келчү коркунучтардан коргойт.

Бүгүн коопсуздукка коркунуч чекарадан өткөн аскерлерден гана жаралбайт. Мындай коркунучтар узак жылдар НАТОнун көңүл чордонунда болду.

Азыр, ачыгын айтсак, узак аралыктан атылчу баллистикалык ракетелар ар тараптан, ар убакта келиши мүмкүн.

Азыр НАТО өлкөлөрү интернет байланышы аркылуу өз ара жана бүтүн дүйнө менен байланышып турат. Көтөрүм жана дармансыз мамлекеттер терроризмдин жатак жайы болууда. Террорчулар андай өлкөлөрдөн бизге чабуул жасашы ыктымал.

Мунун баары бүгүн биздин алдыбызда турган коркунучтарга кирет. НАТО ушундай коркунучтарга каршы күрөшкө жарамдуу болушу абзел жана милдеттүү.

ЭЕ/АҮ: Германия, Франция жана Улуу Британия аскердик чыгымдарын кыскартууда. Уюмдун бакубат мүчөлөрү коргонууга бөлгөн чыгымдарын азайтып жаткан жагдайда НАТО ишенимдүү аскерий альянс болуп кала алабы?

Түндүк Корея "Унха-2" ракетсын сыноодо. 5-апрель 2009
Иво Даалдер:
Аскердик чыгымдарды азайтуу биз жашаган каржылык (финансылык) чөйрөнүн реалдуу чындыгы.

Ошондуктан, бул НАТО үчүн көйгөй жана мүмкүнчүлүк экенин ачык айтуу керек.

Себеби, чыгымды кыскартууга башка өлкөлөр да өтүшү ыктымал.

НАТО өз мүчөлөрүнө андай мүмкүнчүлүктү түзүүдө. Анткени, уюм мүчөлөрүнүн инвестицияны азайтуусу - акыр аягында - натыйжалуу иштөөнү дагы жакшыртууга огожо болот.

Аны ракетадан коргонуунун мисалында карап көрөлү.

НАТО өткөн жумада альянстын аймагын бүтүндөй коргоочу командалык-көзөмөл системасын курууну чечти. Эми ар бир өлкө өзүнүн радарларын жана детекторлорун НАТОнун орток системасына кошуп, өз системасындагы эмес, береги командалык-көзөмөлдөө жана аскердик жетектөө түйүндөрүнөн тийиштүү маалыматтарды ала алат.

Бул алардын ортого аз инвестиция салып, бирок чоң мүмкүнчүлүктү пайдалана алаарынын бир мисалы. Бул - өз алдынча инвестициялагандан алда канча үзүрлүү.


ЭЕ/АҮ: Россия, албетте, НАТОнун Европада баллистикалык ракеталардан коргонуу системасын жайгаштыруу планына ынынды. Антсе да, өз ара кызматташуу иш жүзүндө кандай болор экен? Тараптар келишимге жетишкени менен, анын элемент-деталдары белгисиз болуп жаткан жокпу?

Иво Даалдер: Келишимдин чоо-жайын эми биргелешип тактаганы жатабыз. Лидерлер НАТО-Россия Кеңешинин жумушчу тобуна зарыл суроолорду тактап, өз ара кызматташууга керектүү иштерди аныктагыла деп тапшырма беришти. Анын жыйынтыгы 2011-жылдын июнь айына даяр болушу керек. Ошондо НАТО-Россия Кеңеши Брюсселде кездешкенде коргоо министрлери: “Кызматташуунун архитектурасы кандай болуш керек? Түрдүү системалар өз ара кантип кызматташат? Мындай суроолор кантип чечилет?” деген суроолорго жооп бериш керек.Эң маанилүүсү: НАТО уюмга мүчө өлкөлөрдүн территориясын, НАТОнун Европадагы мүчөлөрүн жана Кошмо Штаттарды коргоо үчүн альянстын баллистикалык ракеталардан коргонуу системасын курмак болду. Чечим кабыл алынды. НАТО Россия же башка бирөөлөрдү эмес, НАТОну коргойт.

XS
SM
MD
LG