Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

АКШдагы эң кымбат шайлоодо демократтар катуу сабак алат сыягы


Мичигандагы ирактыктардын жамааты шайлоого байланыштуу жыйын өткөрүүдө.
Мичигандагы ирактыктардын жамааты шайлоого байланыштуу жыйын өткөрүүдө.

2-ноябрь - АКШда өткөөл шайлоо күнү. Шайлоочулар Конгресстин мүчөлөрүн, 50 штаттын теңинен көбүнүн губернаторлорун шайлашат.

2-ноябрда америкалык шайлоочулар Конгресстин өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн, 100 сенатордун 37син, 50 губернатордун 37син жана шаар башчыларды шайлашат. Шайлоонун өткөөл деп аталган себеби, ал дайыма мурдакы жана келерки президенттик шайлоонун ортосунда өткөрүлөт.
Президент Барак Обама "Американы алдыга жылдыруу" деп аталган Филаделфиядагы жыйында сүйлөөдө. 10-октябрь 2010


Федералдык шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, бул Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң кымбат шайлоо болууда. Ийкемдүү саясат борбору (Center for Responsive Politics) талапкерлер 4 миллиард доллардан кем эмес жумшаарын боолгоодо. 2008-жылкы президенттик шайлоого демократ Барак Обама менен анын республикачыл атаандашы Жон МакКейн экөө чогуу да мынча акча садага чапкан эмес. 2006-жылкы азырыдай өткөөл шайлоого 2, 85 млн. доллар сарпталган.

Серепчилер өткөөл шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгүнө же президент Обама башындагы демократтар акыркы ондогон жылдардагы эң чоң жеңилүүгө дуушар болоруна көңүл бурушууда. Натыйжада, Демпартия Өкүлдөр палатасында бир топ мандатынан ажырап, мурдакыдай үстөмдүк кылбай калат да республикачылар Сенатта жаңы орундарга ээ болот деп болжолдонууда. Демократтардын кадыры качышына 10 процентке жакын жумушсуздук менен экономиканын жай оңолушу негиз болууда. Калкты алардын келечеги кабартылантканын экс-президент Билл Клинтон 1-ноябрда ньюйорктук демократ-конгрессменди колдоп сүйлөп жатып белгилей кетти:

- Мени өтө коркунучтуу рессесияда турганыбыз жана элдин нааразылыгы тынчсыздантат. Көпчүлүк шайлоого каалаган жыйынтыгын көрбөй баратат. Бул оң жана сол жөнүндө эмес. Бул кечээ күтүлгөн эртең жөнүндөгү үмүт.

Барак Обама 31-октябрда Кливленд шаарындагы кездешүүдө экономиканын илең-салаң иргелүүсү жана жумушсуздуктун бийик деңгээги үчүн жоопкерчиликти мурдакы президент Буш башындагы республикачыл администрацияга жүктөдү.

Шайлоо өнөктүгү эки карт партиянын бири биринин "айыптарын ашкерелөөсү" менен да коштолду. Мисалы, Сенаттагы көпчүлүктүн лидери, демократ Гарри Рейдди абакка бузуку жүрүм-туруму үчүн түшкөн балдарга ышкы козгочу “Виагра” дарысын салыкчылардын эсебинен сатып берүү жөнүндөгү мыйзам үчүн добуш берген деп күнөөлөштү. Ал эми Сенатка талапкер республикачыл Шарон Энгл айымды салыкчылардын эсебинен түрмөдө отурган кылмышкерлердин саунага барып, массаж алуусуна мүмкүнчүлүк берчү мыйзам долбоорунун демилгечиси болду деп сындашты.

XS
SM
MD
LG