Британия аскерий чыгымдарын кескин кыскартат. Премьер-министр Дэвид Кэмерондун айтымында, келерки төрт жылга аскер чыгымдары 8 пайызга азайтылат.
Сентябрдын акыркы күнү Украинанын Конституциялык соту 2004-жылкы конституциялык реформаны мыйзамсыз деп таап, өлкө 1996-жылы кабыл алынган башмыйзамга кайтты.
Нобелдин экономика боюнча сыйылыгы быйылкы жыл үчүн үч окумуштууга ыйгарылды.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча жаңы кыргыз өкмөтүн 5-6 партия өз ара мунаса менен түзүүгө тийиш. Ушундай жагдай быйыл жайда Чехия менен Словакия да болду.
9-октябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын жылдык жыйыны ачылат.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгы 2010-жыл үчүн кытайлык диссидент Лю Сяобого ыйгарылды. Лю Кытай өкмөтүнүн тайманбас сындоочусу.
Кабылда талиптер жана Ооган өкмөтүнүн өлкөдөгү согушту токтотуу боюнча бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өтүүдө.
10-октябрда Кыргызстанда өтчү шайлоого Россиянын тийгизген таасирине көңүл бурбай койуу мүмкүн эмес.
Пакистандын Ооганстанга чектеш аймагында америкалык пилотсуз учактын чабуулунан 8 согушчан катардан чыкты.
Босния-Герцеговинада жалпы элдик шайлоо күнү. Бүгүн өлкөнүн президенттик үчилтигинин серб, хорват жана мусулман мүчөлөрү шайланат.
Ирактык шиилердин Улуттук альянсы Нури Маликинин премьер-министр болуусуна ынанды. Альянс бу кадамга радикал диниятчы Муктада Садрдын үмөттөрү мунасага келгенден кийин барды.
Балтия менен Орто Европадагы айрым пост-коммунистттик өлкөлөр парламенттик башкарууну тандашкан. Кыргызстан үчүн алардын тажрыйбасы өрнөкпү?
“Бирдиктүү Россия” партиясы экс-советтик мейкиндиктеги москвачыл күчтөр менен шымалана альянс түзүүдө. Бул ыкма Украинада ийгиликтүү аяктаган.
Cербиянын түштүгүндөгү мусулман калктуу Санжак регионунда Белградга нааразылык өсүүдө. Санжактык босняктар борбордук өкмөт биздин көйгөйлөрүбүзгө көңүл бурбайт деп эсептешет.
НАТО башындагы эл аралык күчтөр Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарын ар тараптан кысмакка алууда.
Өткөн түнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт конуштарын куруу боюнча Израил өкмөтүнүн 10 айлык мораторийи бүттү.
Түркия жетекчилиги Ирандын ядролук программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен талашты тынч чечүүнүн жолдорун издеп жатканын президент Абдулла Гүл жума күнү Нью-Йоркто америкалык саясатчылар менен кездешүүдө билдирди.
Армия мамлекеттик коопсуздуктун маанилүү факторлорунун бири деп саналат. Ошентсе да дүйнөдө кубатын куралдуу күчтөрү эмес, экономикалык жетишкендиги менен тастыктаган өлкөлөр арбын. Борбор Азияда Өзбекстандын армиясы мыкты эсептелет. Эмне үчүн?
Ооганстандыктар 18-сентябрда Воласи Жырганын мүчөлөрүн шайлашат. Бул Ооган парламентинин төмөнкү палатасы же Өкүлдөр жыйыны үчүн 2001-жылдын күзүндө талип өкмөтү кулатылгандан берки алгачкы шайлоо болот.
Бейшемби күнү Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Венедикт XVI Британияда мамлекеттик визити башталды. Тарыхый визиттин максаты диндин маанисин көтөрүү жана Англосаксон чиркөөсү менен мамилени жакшыртуу.
Дагы жүктөңүз