Украинадагы антиөкмөттүк чыгуулардын көрүнүктүү мүчөсү, бир жума мурда жоголгон Дмитрий Булатов табылды.
Акыркы бир жумада украин евромайданчылары күтүүсүздөн жаңы союздаштуу болду. Алар футбол командаларын колдогон фанаттардын “ультрас” кыймылы.
Женевада Сирия өкмөтү менен оппозициянын сүйлөшүүсү уланууда. 25-январдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүдө эки жак Сириянын өткөөл өкмөтүн түзүү маселесин талкуулай башташы мүмкүн.
16-январда Жогорку Рада уруксатсыз митингге чыккандарга салынчу айып пулду жана абак мөөнөтүн көбөйткөн мыйзамды бекиткенден кийин эрегиш курчуду.
Өзбекстан жана Түркмөнстан дүйнөдөгү эң зулум өлкөлөрдүн тобуна кирет. 2013-жылы Орусия, Украина, Казакстан жана Азербайжанда жарандардын саясий укуктары жана эркиндиктери бир кыйла начарлады.
Киевдин ортосунда манифестанттар менен полициянын эрегиши уланууда. Оппозиция лидерлери президент Янукович менен жолугушуу майнапсыз болгонун билдиришти.
Батыш маалымат булактарындагы Иракка байланыштуу макалалардын аталышы эле өлкөдө саясий жагдай татаал экенин жышааналайт: “Ирак жарандык согуштун кырында”, “Ирак жашап кете алабы?”, “Багдад жардын башында”, “ал-Каиданын" арбайы Иракта жайылып баратат”, “Ирак: буюртма согуш”.
21-январда, мурдакы советтик расмий тил менен айткандай, дүйнөлүк пролетариаттын көсөмү Владимир Ильич Лениндин келбес сапарга дүйнө салганына туура 90 жыл толду. Лениндин көсөмдүк сөздөрү орундалдыбы? Аны экс-советтик өлкөлөрдүн мектеп окуучулары билишеби?
БУУ Сирия боюнча ушу аптада болчу тынчтык сүйлөшүүсүнө Иранды чакырды. Уюмдун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиришинче, Иран сүйлөшүүдө “позитивдүү жана конструктивдүү роль” ойнойбуз деп убада берген.
Украин парламенти - Жогорку Рада кабыл алган жаңы мыйзамдар уруксатсыз жайларда көчө жүрүштөрү менен нааразылык акцияларды өткөрүүгө жол бербейт.
Сириядагы жарандык согушту токтотууда Ирандын ролу кандай болот? Бул суроо АКШнын Мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 13-январда Парижде өткөн кездешүүсүндө талкууланды.
Расмий Кабулдун Вашингтон “коркунучтуу кылмышкерлер” деп эсептеген туткундарды абактан чыгаруу планына байланыштуу Кошмо Штаттар терең тынчсыздануу билдирди.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай абактан чыгарылганы жаткан 88 туткундун ишин кайра текшерип чыгууну буйруду.
Ирактын батышындагы Анбар провинциясында абал кайра оорлоду. 1-январда ислам согушчандары Фалужа жана Рамади шаарларындагы полицияканаларга кол салды.
Украин президенти Янукович жаңы жылдык кайрылуусунда 2014-жыл өлкөнүн соңку тарыхындагы эң катаал жыл болушу мүмкүндүгүн айтты.
Бүгүн таң эрте Волгоградда троллейбус жарылды. Андан 10го жакын адам өлүп, 20га жакын адам жарадар болду.
Өтүп бараткан 2013-жылы дүйнө өлкөлөрүнүн театр сахналарында италиялык Жузеппе Верди жана германиялык Рихард Вагнердин опералары дембе-дем коюлуп, 20-кылымдын эки залкар композиторунун 200 жылдыгын эскеришти.
Египет өкмөтү “Мусулман агайындар” кыймылын “террорчу” уюм деп атады. Анын алдында Мансура шаарында машинеге коюлган бомбадан 100дөн ашуун адам жарадар болгону кабарланган.
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган акыркы күндөрдөгү коррупциялык чатакты “кара өзгөйлөр” уюштурду деп эсептейт.
Президент Хамид Карзай чет жерлик аскерлердин 2014-жылдан кийин Ооганстанда калуусу жөнүндөгү келишимге качан кол койору белгисиз.
Дагы жүктөңүз