Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Киевдеги кырдаал (түз көрсөтүү)


Демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылыш. Киев, 22-январь, 2014.
Демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылыш. Киев, 22-январь, 2014.

Киевдин ортосунда манифестанттар менен полициянын эрегиши уланууда. Оппозиция лидерлери президент Янукович менен жолугушуу майнапсыз болгонун билдиришти.

19-январда башталган көчө кагылышууларынан Киевде үч киши мерт болгонун догдурлар расмий түрдө билдиришти. Шаршембиде кечинде Киевдин башкы аянтына чукул Грушевский көчөсүндө миңдеген адам чогулуп, ал жакка аялдарды киргизбей, жолго төшөлгөн таштын кесиндилери салынган мүшөк кап көтөргөн эркектер гана өткөрүлүп жатты. Андан бир аз мурдараак украин президенти Виктор Янукович менен жолугушуп чыккан оппозиция лидерлери Арсений Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок биринин артынан бири элдин алдына чыгып, жолугушуу жемишсиз болгонун маалымдашты. Кличко кризисти жөнгө салуунун бир гана жолу калганына басым жасады:

- Мен президентке кайрылып жатам. Дал ушул маалда ал телевизорду карап отурганын билем. Президент мырза, дале болсо ортодогу кризисти чечүүнүн жолу бар. Мөөнөтсүз шайлоо кырдаалды кан төгүүсүз жөнгө салмак. Бул максатка жетиш үчүн биз бардыгын жасайбыз! Элди угуңуз! Кырдаалды чечиңиз! Элди укпасаңыз, анда эл өзү сизге кандай болсо да, добушун жеткирүү жолун табат.

Оппозициячыл депутаттар кирген бейрасмий Элдик Рада аянттагы күчтөрдөн муниципалдык милиция курап, коомдук тартипти көзөмөлдөй турганын билдирди. “Батькившина” партиясынын лидери, элдик депутат Арсений Яценюк президент Янукович жана өлкөнүн башкы прокурору катышкан жолугушууда бардык мыйзамсыз иштер, анын ичинде ок атуу, массалык кагылышуулар кылдат тергелет деген убада айтылганын маалымдады. Яценюк өзү украин президентине шарт койгонун кошумчалап, ал кандай ультиматум экенин чечмелеген жок.

Янукович буга чейин оппозиция менен жеке өзү сүйлөшүүдөн баш тартып келген. Шаршембиде ал көчөгө чыккан демонстранттарга кайрылып, саясий радикал күчтөргө азгырылбоого үндөп, набыт болгон ар бир кишинин өлүмү дыкат иликтенет деп ишендирген.

Полиция менен аянттагы элдин кагылышуусунда ок тийип өлгөн эки жигит – 20дан жаңы ашкан, убагында ата-энеси Тоолуу Карабак менен Беларустан тынчыраак жашоо издеп көчүп келген Сергий Нигоян жана Михаил Жизневский экени бышыкталды.

Еврокомиссия президенти Хосе Мануэль Баррозо украин бийликтери элге каршы күч колдонууну күтүүсүз токтотпосо, жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

- Биз Украинадагы соңку окуяларга терең тынчсыздануу менен көз салуудабыз. Кийинки кадамдар кандай болорун изилдеп, балким, Евробиримдиктин бул өлкө менен мамилелерине таасир этчү аракеттер көрүлүшүн да караштырып жатабыз.

Польшанын президенти Бронислав Коморовский Киевдеги кандуу окуялар Украинанын Батышты көздөй умтулган саясатына терс таасирин тийгизет деп эскертти. Расмий Варшава украин элчисин соңку кагылышуулар тууралуу түшүндүрмө берүүгө чакыртты. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Украинада "экстремист оппозициячылар" өлкө конституциясына кол салууда деп сыпаттады.

Шаршембиде полиция көздөн жаш агызчу газ, желим ок, тарсылдак граната, желим таяк колдонуп, Киевдеги Грушевский көчөсүндө топтолгон элди таратып, алар орноткон баррикадаларды бузуп аянтты тазалоого аракет кылды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, кагылышууларга тиешеси бар деп шектелген 70тен ашуун адам камакка алынды. Эки айдан бери тынч каршылык акциясына чыгып, Украинанын Европа менен жакындашуусун талап кылып жаткан демонстранттар үч күндөн бери полиция менен кагылышып, чагымчыл аракеттерге дуушар болууда. 22-январда Украинада Улуттук Биримдик күнү белгиленмек, 1919-жылы дал ушул күнү өлкөнүн чыгышы менен батышы бириккен эле.



Премьер-министр Микола Азаров шаршембиде тирешүү болуп жаткан жердеги полициячылардын ок атчу куралдары жок экенин айтып, бардык кылмыштуу иштер жазасын алат деп эскертти. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон украин жетекчилигин “зобун-зордукту” тез токтотууга үндөдү. Бүгүн Украинада уруксатсыз митинг-демонстрацияларга катышкандарга чоң суммада айып салган жана камак мөөнөтүн узарткан мыйзам күчүнө кирди.

Espresso.tv Киевден түз көрсөтүүдө


Ustream.tv түз берүүсү




Украин оппозициясы Киевдеги антиөкмөттүк акциянын дагы бир катышуучусу өлгөнүн протестчилер көчөгө жасап алган оорукананын башчысы Игорь Петрович Ройтерс агенттигине 22-январда билдирди:

- Алгачкы тыянакка караганда, ок башынын арты жагынын моюн бөлүгүнө, оң көкүрөгүнүн өпкө бөлүгүнө зыян келтирген.

Күбөлөр да береги адамга ок жаңылган дешет. Башкы прокуратура Киевдеги тирешүүдө ок жеп, эки адам өлгөнүн ырастады.

Протестчилер баррикада курууда. Киев, 22-январь 2014
Протестчилер баррикада курууда. Киев, 22-январь 2014
Өткөн түнкү адам өлүмү менен коштолгон кагылышууну Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон катуу сындады жана тополоңду ыкчам токтотууга чакырды.

Премьер-министр Микола Азаров Киевдеги протестчилерди “бузукулар”, “экстремисттер” деп атап, аларга каршы турган полиция күчтөрүндө ок атчу куралдары жок экенин билдирди. Ал “Россия-24” телеканалындагы интервьюда, эгер оппозиция лидерлери өлкөнүн болочогун ойлосо, көчөлөрдөн “бузуку-провокатордорду” бошотууга көмөктөшсүн деди:

- Жоопкерчилик, баарынан мурда азыркы кырдаалды түзгөн оппозициячыл партиялардын лидерлеринин мойнунда. Алар келерки бир нече күндө бул бузукуларды, бул экстремисттерди, бул провокаторлорду колдосо, анда биз булар мененбиз деп ачык айтышы керек. Эгер аларды колдобосо, анда өкмөт менен бирге бул бузукуларды борбордун көчөлөрүнөн тазалаш керек.

Азаров чукул кырдаал абалы жарыяланганы жатыптыр деген имишти четке кагып, полиция бейбаштыкты мыйзам чегинде тыярын айтты:

- Эгер провокаторлор токтошпосо, өкмөт элди бу сыяктуу окуянын болуп кетишинен сактоо үчүн мыйзамда каралган өлчөмдө күч колдонгондон башка чара калбайт.

Президент Виктор Янукович Биримдик күнүнө карай чиркөөдө өткөрүлгөн зыяпатта шам койууда. Киев, 22-январь
Президент Виктор Янукович Биримдик күнүнө карай чиркөөдө өткөрүлгөн зыяпатта шам койууда. Киев, 22-январь
Бүгүн 22-январда митинг-демонстрациялар боюнча мыйзамга парламент киргизген түзөтүүлөр күчүнө кирди. Премьер-министр Азаров “европалык мыйзамдарга тамчыдай окшош” деп мүнөздөгөн бул мыйзам уруксатсыз митингге чыккандарга салынчу айып пулду жана абак мөөнөтүн узарткан.

Ал эми Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай айым жаңы мыйзам “жарандардын оюн билдирүү, жыйналуу, маалымат алуу укугун” чектейт, “жарандык коомдордун эркин иштөөсүнө жол бербейт” деп, украин бийликтерин мыйзамды токтото турууга чакырды.

Президент Виктор Янукович 20-январда оппозицияны диалогго жана мунасага чакырган. Бирок оппозиция лидери Виталий Кличко Янукович менен жолугушууга барса, аны президенттин жардамчылары кабыл алганын айтып, бийлик менен сүйлөшүүгө катышпасын билдирген. Кличконун сүйлөшүүдөн баш тартканын Украинанын Коопсуздук жана коргоо иштери боюнча улуттук кеңешинин төрагасы Андрей Клюев сындап, сүйлөшүү натыйжасыз бүткөнүн маалымдлады:

Евромайданындагы демонстранттар менен полициянын кагылышы. Киев, 22-январь 2014
Евромайданындагы демонстранттар менен полициянын кагылышы. Киев, 22-январь 2014
-Тилекке каршы, конструктивдүү сүйлөшүү болгон жок. Виталий Кличко менин аңдаганыма караганда, бул сүйлөшүүдөн кийин сүйлөшүү жараянынан ырасмий түрдө чыкканын жарыя кылууда. Мен кайра кайталайм: бул жаңылыштык, бул акылсыздык. Украинанын болочогу жөнүндө ойлогон саясатчылар сөзсүз сүйлөшүүгө катышуусу абзел.

21-январда Орусиянын тышкы иштер министри Украинада кырдаал “көзөмөлдөн чыгып кеткени” үчүн украин оппозициясын күнөөлөдү. Сергей Лавров ошондой эле Евробиримдикти Киевдеги протестчилерди көкүтүүдө деп айыптады. 10-11-декабрда полиция Киев майданындагы митингчилерге кол салганы жатканда Биримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон жана АКШ Мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд демонстранттар менен кездешкен соң полиция артка кеткен болчу.

Нааразылык чыгуулар президент Янукович ноябрда Евробиримдик менен эркин соода келишимин түзүүдөн баш тартып, Москва менен 15 миллиард долларлык кредитти сүйлөшкөндөн тарта токтобой уланууда.
  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG