Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Өлбөс опералардын табышмагы


Жузеппе Вердинин "Набукко" операсында хор Va Pensiero операсын аткарууда. Рим опера театры, март, 2013
Жузеппе Вердинин "Набукко" операсында хор Va Pensiero операсын аткарууда. Рим опера театры, март, 2013

Өтүп бараткан 2013-жылы дүйнө өлкөлөрүнүн театр сахналарында италиялык Жузеппе Верди жана германиялык Рихард Вагнердин опералары дембе-дем коюлуп, 20-кылымдын эки залкар композиторунун 200 жылдыгын эскеришти.

Жузеппе Вердинин “Аида”, “Трубадур”, “Риголетто”, “Дон Карлос”, “Отелло” опералары, Рихард Вагнердин монументалдуу “Нибелунг шакеги” театралогиясы, “Тристан жана Изолда”, “Тангейзер” сыяктуу чыгармалары дүйнөлүк музыканын алтын корун түзөт.

Кыз Сайкал, Жаңыл мырза өңдүү эр азаматтардан калышпай жоо чапкан амазонка кыздардын эрдигин ырдаган “Валькирийдин учуусу” (Р. Вагнердин төртилтигинде) музыкасын укканда: “Асманда буудандарын жулкунтуп ​бараткан эңгезердей фантастикалык амазонкалардын жапайы картинасын Вагнер таң калычтуудай жана реалдуу сүрөттөгүдөй берет.


Өлбөс опералардын табышмагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:51 0:00
Түз линк


Эмне болгон эбегейсиз керемет картина! Көз алдыңа чагылгандай чартылдап жаңырып, сыйкырдуу буудандары менен булуттун үстүнөн учкан жапайы дөөлөрдү элестетесиң” деп суктанган атактуу орус композитору Петр Илич Чайковский.

Тирүүсүндө элдешкис атаандаш, көзү өткөндөн кийин спектаклери эң мыкты театрлардын сахнасында жанаша коюлуп жүргөн эки композитордун чыгармаларынын өлбөстүгүнүн касиети, кулакка уккулуктуулугунун сыры эмнеде?

XS
SM
MD
LG